Табылгы

Википедия дан
Spiraea salicifolia.

Табылгы (лат. Spiraea, L. 1753) – роза гүлдүүлөр тукумунда бадалдар уруусу. Бийикт. 1,5-2,5 мге жетет, бутактары кочкул кызыл түстө. Жалбырагы тегиз жээктүү, майда, уз. 1,5-3 см. Гүлдөрү ак, майда, шыпыргыдай, чатырчадай же калемчедей топ гүлгө чогулган. Уругу майда, жалпак канатчалуу. Түндүк жарым шарда 100гө жакын түрү белгилүү. Кыргызстанда 6 түрү кездешет. Кургак адырда, чөлдүү жерде, боздөңдө, тоонун таштак, шагылдуу беттеринде өсүп, топуракты нөшөр жаандан жууп кетишинен сактайт. Айрым түрлөрү кооздук үчүн гүлзарларда өстүрүлөт.

Т. илгертеден чарбада кеңири пайдаланылган. Анын кочкул кызыл, өтө бышык бутактарынан камчы сап, сабоо, ийик сап жана башка жасалат. Уругу жана түпкү калемчелери менен көбөйөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]