Ыргай

Википедия дан
Cotoneaster pannosus.

Ыргай (лат. Cotoneaster, L. 1753) – роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк. Бийиктиги 3 мге жеткен тикенсиз бадал. Жалбырагы кырдуу, жөнөкөй түзүлүштүү. Гүлү майда, ак же мала кызыл, мөмөсү кызыл же каралжын түстө. Жаш сабагы көбүнчө түктүү. Дүйнөдө 100, КМШда 40, Кыргызстанда 15 түрү кезигет. Тоо беттеринде, таштуу белестерде, өзөн жээктеринде өсөт. Топуракты нөшөр, сел жууп кетишинен сактайт. Кургакчылыка байымдуу. Айрым түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт. Көп гүлдүү жана каратоо Ы-лары коргоого алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]