Пермь

Википедия дан
Пермь (2006).

Пермь (1940-1957-жылдары Молотов) – Россия Федерациясындагы шаар (1781-жылдан). Пермь облусунун административдик борбору. Кама дарыясындагы порт. Калкы 1,0 млн (2012). Транссибирь магистралындагы жол тоому. Темир жол түйүнү. Машина куруу («Авиа кыймылдаткыч», «Инкар» Пермь агрегат бирикмеси, «Мотовилиха заводдору» артиллерия куралдарын жана ар түрдүү өнөр-жай жабдууларын, автокрандар, экскаваторлорду чыгарат) өнүккөн. Электр энергия, отун (ири ишканасы - «Лукойл-Пермь» ЖАК), химиялык [«Уралкалий», «Сильвинит» жана «Метафракс» ААКтары (метанол, уротропин, полиамид чыгарат)], түстүү жана кара металлургия, нефть ажыратуу, токой (целлюлоза-кагаз), жыгаччылык (үй куруу жана жыгач комбинаттары), полиграфиялык өнөр-жай ишканалары жана Кама ГЭСи иштейт. Россия Илимдер Академиясынын Урал бөлүмүнүн Пермь илимий борбору, 7 Жогорку окуу жайлары (анын ичинде университет), хореография орто окуу жайы, кадет мектеби, 4 театр (анын ичиндеопера жана балет), көркөм галерея, музей жана планетарий диорамалар, край таануу музейи бар. Пермь 1723-ж. жез эритүүчү тургун-жай (Егошиха) катары негизделген. Архитектура эстеликтеринен Петропавловский (18-кылым) жана Спас-Преображенье (18–19-кылымдар) соборлору сакталган. Жыл сайын фестивалдар (даректүү фильм, заманбап искусство, эл аралык ж. б.) өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]