Кама (дарыясы)

Википедия дан

Кама (удмуртча "кам""дарыя", "агым") — Россиянын Европа бөлүгүндөгү дарыя, Волганын сол куймасы.
Узундугу 1805 км, алабынын аянты 507 миң км 2.
Жогорку Кама дөңсөөсүнөн башталат. Жогорку бөлүгүндө нугу туруксуз, ийри-буйру, жайылмаларда эски нуктар көп. Төмөнкү бөлүгүндө кеңири өрөөн (15 км ге чейин) аркылуу агат, нугунун туурасы 450-1200 м, салааларга бөлүнөт.
Ири куймалары: Түштүк Кельтма, Вишера, Чусовая, Ак (сол); Коса, Обва, Вятка (оң).
Негизинен кар, жаан-чачын жана жер астындагы суулардан куралат. Жылдык орточо чыгымы чатында 3500 м3/сек га жакын. Ноябрдан апрелге чейин тоңот.
Кама дарыясында Кама жана Воткин ГЭСтердин суу сактагычтары бар. Төмөнкү Кама ГЭСи курулган.
Чатынан 1500 км аралыкка чейин кеме жүрүүгө ыңгайлуу.
Жээгинде Кама автозаводу (КамАЗ) жайгашкан.
Негизги порттору жана пристандары: Соликамск, Березники, Пермь, Краснокамск, Сарапул, Чистополь, Набережные Челны ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз совет энциклопедиясы, 3 том. Башкы редактору Б.Ө.Орузбаева. Фрунзе —1978.