Айтбаев, Мукаш Токтокожоевич

Википедия дан

Мукаш Токтокожоевич Айтбаев (орусча “Мукаш Токтоходжаевич Айтбаев”; 24.8.1924 –– 08.8.1978) –– совет доорундагы кыргыздын чыгаан этнографы, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тарых институтунун “Археология жана этнография” бөлүмүнүн башчысы (1956-1959-жж.), ага илимий кызматкер. Ал илимдер академиясындагы жумушунан жазыксыз жерден айдалган.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мукаш Токтокожоевич Айтбаев 1924-ж. 24-августта Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Кыргыздын бугу уруусунан.
1942-1944-жж. Ашхабад шаарындагы жөө аскерлер полкунда курсант болуп кызмат өтөп, 1944-ж. баштап II Белорус фронтунда согушуп, Берлинге чейин жеткен.
Ал согуштагы көрсөткөн эрдиктери үчүн орден, медалдар менен сыйланган. Согуштан кичи мекенине аман-эсен кайтып келип.
1945-ж. Ташкенттеги юридикалык институтка окууга тапшырып, бул окуу жайды 1948-ж. ийгиликтүү аяктаган.
Андан кийин кесиби боюнча Кыргыз ССРинин Фрунзе облусунун юстиция башкармалыгынын жетекчиси болуп иштейт.
Кыргыз ССР КП(б.) БКнин чечими менен М.Т. Айтбаев 1949-ж. Кыргыз ССР Ички иштер министрлиги менен мамлекеттик коопсуздукту сактоо министрлигинин улук тергөөчүсү болуп дайындалат. Бирок, ден соолугуна байланыштуу бул кызматтан кетүүгө мажбур болот.
Ал 1950-ж. Фрунзе облусунун аткаруу комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеп жүрүп, 1951-ж. коммунисттик партиянын катарына өтөт.
Ал Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун экстерн аркылуу аяктаган соң, Кыргыз ССР агартуу министрлигине бөлүм башчылык кызматына которулат.
М.Т. Айтбаев бул кызматта да аз эле убакыт иштейт, себеби, илимге болгон кызыгуусу аны Кыргыз ССР Илимдер академиясына алып келет.
Ал 1951-ж. июль айында СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун тарых бөлүмүнө кенже илимий кызматкер болуп калат.
М.Т. Айтбаевди 1952-ж. Октябрда Москвадагы СССР Илимдер академиясынын Н.Н. Миклухо-Маклай атындагы этнография институтунун аспирантурасына тапшырат.
М.Т. Айтбаевдын “Орус-кыргыз тарыхый байланыштары жана анын Ысык-Көл кыргыздарына тийгизген таасири” аттуу кандидаттык диссертациясынын темасы бекитилип, илимий жетекчиси болуп белгилүү окумуштуу т.и.д.. проф. Л.П. Потапов дайындалат.
Аспирант М.Т. Айтбаевдын өздүк баракчасына 1955-ж. 8-апрелинде Л.П. Потапов: “Аспирант М.Т. Айтбаев аспирантураны аяктаганга 6 ай калганда мөөнөтүнөн мурда кандидаттык диссертациясын жазып бүткөрүп “Алдыңкы жана Орто Азия элдеринин этнографиясы” бөлүмүнө талкууга койду...”, – деп мактап жазган.
М.Т. Айтбаев 1955-ж. 15-ноябрда кандидаттык диссертациясын мөөнөтүнөн мурда ийгиликтүү коргойт.
М.Т. Айтбаев 1956-ж. октябрь айынан бери “Археология жана этнография” бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди.
1957-ж. “Кыргыз жана орус элдеринин тарыхый-маданий байланыштары” аттуу көлөмү 12 б.т. монографиялык эмгегин басмадан чыгарды, 1959-ж. ноябрь айына “Кыргыздардын XIX жана XX-к. башындагы эл чарбасынын тарыхынын очерктери” аттуу көлөмү 20 б.т. илимий монографияны басууга даярдады.
1959-ж. М.Т. Айтбаевдын башына үйүлгөн “балаанын” себеби, тагыраак айтканда “шылтоосу” Ленинград шаарында жайгашкан СССР элдеринин этнографиялык музейинин кызматкери А.С. Бежковичтин (1892 – 1977-жж.) Кыргыз ССР Илимдер академиясынын жетекчилигине жазган арызы болду. Ал арызында М.Т. Айтбаев “Историко-культурные связи киргизского и русского народов” аттуу 1957-ж. жарык көргөн эмгегинде “плагиат” кемчилигин кетирген, же менин эмгегимди шилтеме келтирбей пайдаланды деп жалаа жааап, айыптап, ага каршы чара көрүүнү суранган.
Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Президиуму М.Т. Айтбаевдин ишин талкуулап, жыйынтыгында 1959-ж. 12-ноябрда №81 токтомду кабыл алат. Аталган токтомдо жазылат: “М.Т. Айтбаев китебин жазганда сөз болуп жаткан Бежковичтин кол жазмасын пайдаланганы анык. Тагыраак айтканда, мындай факты М.Т. Айтбаевдын китебинин “Дыйканчылыкка” арналган бөлүгүндөгү 14 баракта кездешет...
М.Т. Айтбаев Бежковичтин кол жазмасын пайдаландым деп туура белгилеп жазганы менен ал материал алынган ар бир учурда, тигил же бул сүйлөмдү алганда, пайдаланганда шилтеме берген эмес.
Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Президиуму М.Т. Айтбаевдын бул “жоругун” айыптап төмөнкүдөй токтом кабыл алат:
1. М.Т. Айтбаев “Археология жана этнография” бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулуп, илимий кызматкер болуп дайындалсын;
2. “Археология жана этнография” бөлүмүнүн башчылык кызматын убактылуу аткаруучу болуп тарых институтунун илимий кызматкери П.Н. Кожемяко дайындалсын”.
Бул токтомду Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Президенти акад. И.К. Ахунбаев менен академик-секретарь В.Г. Яковлев кол койуп бекитишет.
Президент И.К. Ахунбаев Президиумдун жыйынынын жогорудагы токтомун окуп бүтөөр замат жаңы эле бөлүм башчы болуп дайындалып жаткан археолог П.Н. Кожемяко сөз сурап төмөнкүлөрдү: “Мен Айтбаевка карата көрүлгөн жазаны өтө эле катаал, оор деп эсептейм. Токтомдун чечими менен бөлүм башчылык милдетти аткарууну мага жүктөдүңөр. Бирок, мен этнограф эмесмин. Бөлүмдө чоң, оор жана жооптуу иштер жасалып жатат. А мен болсом этнография менен эч убакта алектенген эмесмин. Мен бул кызматта көп деле пайда алып келбейм. Анын үстүнө ден соолугум да жайында эмес, ушул себептерден улам бөлүм башчылык кызматка башка эле талапкерди дайындоону Президиумдан өтүнөм” – деп айтты.
Академиянын Президенти Иса Ахунбаев: “Ошон үчүн Сизге бөлүм башчылык кызматты убактылуу аткаруучу кылып дайындап жатабыз. Ойлобоңуз Айтбаев этнография иштеринен оолактап, иштебей калат” – деп жооп кайтарды.
М.Т.Айтбаевди Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынан акыры кетирип тынышты.
1963-ж. 1-февралда Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Президенти акад. К.Г. Каракеев, академик-секретарь В.Г. Яковлевдин буйругу менен өзү абдан көксөп, дегдеп каалап келген академиядагы жумушунан бошонуп кеткенде М.Т. Айтбаев болгону 39 жашта болгон.

Кыргыздын белгилүү этнографтарынын бири – Мукаш Токтокожоевич Айтбаев 1978-ж. 8-августта (болгону 54 жашында) Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“За отвагу”, “За боевые заслуги”, “За победу над Германией 1941-1945 гг.” сыяктуу орден, медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы – Асылкан Молдокуловна Жумагулова (1928-ж. туулуп, 1996-ж. каза болгон); ал экөө эки уул, бир кыздуу болушуп, тарбиялап өстүрүштү.
1952-ж. туулган тун уулу Темир Мукашевич Айтбаев Ташкент мамлекеттик университетинин биология-жер кыртышын изилдөө факультетин аяктап, атасынын жолун улантып, пенсияга чыкканча Кыргызгипрозем (Кыргызский проектный институт по землеустройству), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Жер иштетүү институтунда (Институт земледелия) лаборатория башчысы болуп иштеген.
1955-ж. туулган кызы – Индира Мукашевна Айтбаева, Кыргыз улуттук университетинин тарых, андан кийин юридика факультеттерин аяктап, сот системасында иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан.
Кичүү уулу 1957-ж. туулган Болот Мукашевич Айтбаев КУУнун экономика факультетинде окуган, 2002-ж. каза болгон.

Эстутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2019-ж. 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Б. Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту тарабынан, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университеттеринин колдоосу менен “Мукаш Айтбаев – илимге арналган өмүр” аталышындагы республикалык деңгээлдеги илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Бул илимий жыйын Кыргызстандын белгилүү этнографтарынын бири – М.Т. Айтбаевдин туулгандыгынын 95-жылдыгына арналды.
Ага окумуштуулар, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, студенттер менен Т. Айтбаевдын балдары, туугандары келип катышты.

Колдонулган булак жана адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи.-Ф.: Кыргызстан, 1990.
  • Академическая наука Киргизстана. История и проблемы. – Фрунзе: Илим, 1990.
  • Архив НАН КР. – Ф.5. – Оп.6. – Ед. хр. №1516. (Личное дело старшего научного сотрудника сектора археологии и этнографии Института истории Академии наук Киргизской ССР Айтбаева М.Т.).
  • Архив НАН КР. – Ф.5. – Оп.1. – Ед.хр. №196. Протоколы заседаний Президиума Академии наук Киргизской ССР за 1959 г.
  • Байджиев М.Т. Ташим Байджиев.-Б.:2004.-304с.
  • Бектенов З. Мой друг Ташим. //Советтик Кыргызстан.1989.30 декабрь.
  • Древняя рукопись Чингиз-хана, написанной на старомонгольском языке – сутры “Ключ разума”, которая датируется XIII-XIV вв., и хранится в музее Республикие Алтая.
  • Мамыров М.М. //Кыргызстан маданияты.1991.30 май.
  • Шерстобитов В.П., Орозалиев К.К., Винник Д.Ф. Очерк истории исторической науки в советском Киргизстане (1918 – 1960 гг.). – Фрунзе, 1961.
  • Дюшенбиев, Саламат Усупович. Чабыттай албаган учуу, же таланттуу окумуштуунун аянычтуу тагдыры (белгилүү этнограф М.Т. Айтбаевдын туулгандыгынын 95-ж. арналат) [макала]. 2019.


Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

М.Т.Айтбаев 1957-ж. “Кыргыз жана орус элдеринин тарыхый-маданий байланыштары” аттуу көлөмү 12 б.т. монографиялык эмгегин басмадан чыгарды.
1959-ж. ноябрь айына “Кыргыздардын XIX жана XX-к. башындагы эл чарбасынын тарыхынын очерктери” аттуу көлөмү 20 б.т. илимий монографияны басууга даярдады.

  • Айтбаев М., Т. Социально-экономические отношения в Киргизском аиле в 19 и начале 20 веков. – Фрунзе: Киргосиздат, 1962. – 193 с.
  • Айтбаев, М.Т. (Мукаш Токтохаджович). Северная Киргизия: (Ист.-этногр. исследование): Автореф. дис. на соискание учен. степ. докт. ист. наук / М.Т. Айтбаев; ТГУ. – Тбилиси: ТГУ, 1967. – 49 с. ; 21см.. - 180 экз. UDC: 94(575.2)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]