Мамбетов, Айып

Википедия дан

Мамбетов Айып (1926-ж. т., Ат-Башы району, Кара-Булун айылы) — экономист, экономика илимдеринин доктору (1984), профессор (1985).
1944—50-ж. Ат-Башы районундагы мектептерде мугалим, мектеп директору, 1950—60-ж. партиялык, советтик кызматтарда.
1960—63-ж. Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунда колхоз-совхоздордун өндүрүш башкармасында уюштуруучу инспектор.
1963—71-ж. Кыргыз ССР ИАнын Экономика институтунда кенже, улук илимий кызматкер. 1971-жылдан Кыргызстан айыл чарба институтунда айыл чарба өндүрушүн уюштуруу жана пландаштыруу кафедрасынын башчысы. Эмгектери кой чарбалуу колхоз-совхоздордун экономикасынын проблемаларына арналган. 90дон ашык илимий эмгектин 1(анын ичинде 9 монография, анын экөө авторлош) автору.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.