Сөөк

Википедия дан

Сөөк"Манас" эпосундагы топоним. Кытай-калмактар башта басып алган ата журту Ала-Тоону бошотуу үчүн келген Манас баштаган кыргыздардын Үрбү, Мунаркан башчылык кылган колу ушул жерде душмандын бир бөлүгү менен беттешип жеңип чыгат. Кийин душман "Улуу тоонун оюна, Өзөн суунун боюна" өлүгүн үйүп салат, өзөндүн өйүз-бүйүзү сөөккө толуп калгандыктан ал жер С. аталып калган (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576инв., 539-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүнүн батышындагы жайлоо жана өзөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4