Энесай Кыргыз кагандыгы

Википедия дан
Кыргыз кагандыгы‎»‎ барагынан багытталды)
Кыргыз каганаты
бай. кырг. 𐱅𐰭𐰼𐰄:𐰅𐰠 (Täŋri El)

(Каганат)
693 жылы — 1206 жылы



Борбор калаа Ордо-Балык

Кемижкет

Тил байыркы кыргызча
Аянт 8.000.000 км²
Калк Энесай кыргыздары, уйгурлар, кидандар
Өтүүчүлүк
Уйгур кагандыгы
Монгол империясы
Кыргыз жергеси
Талаа думалары
Хакасия

Энесай Кыргыз кагандыгы – VII-XII кк. Борбордук Азияда жана Түштүк Сибирде жашап өткөн энесайлык кыргыздардын башкаруусундагы мамлекеттик түзүлүш. VII-кылымдан XIII-кылымдын башына чейинки доордо жашаган Кыргыз кагандыгынын тарыхынын орчун бөлүгү - Улуу Кыргыз кагандыгы доору (840-924-жж.).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Энесай Кыргыз кагандыгы ж-дө алгачкы маалымат Тан династиясынын тарыхында (Тан-шу) кезигет. Ошол кезде Хакяньсы, Хагас, Хягас байыркы мезгилде хунндардын батыш чек арасынан орун алып, Гяньгунь (кээде Гюйву, же Гйегу) мамлекети деп аталган ж-а ал Хаминин (Комул) батышы, Карашаардын түндүгү, Ак-Тоонун (Ала-Тоо) жанында жайгашкан.

Б. з. ч. 50-ж. хунндардын башкаруучуларынын (шанүй) бири Чжичжы түндүктө динлиндерди жеңип, болжол м-н Ордосто жайгашкан ордосунан 7000 ли (1 ли = 576 м.) батышта жайгашкан Гяньгунь мамлекетин талкалаган. Бул доордогу Кыргыз журту Чыгыш Теңир-Тоодо, азыркы Боро-Хоро тоо кыркасынын, Манас дарыясынын өрөөнүндө орун алган.

Натыйжада кытай тарыхында Кыргыз кагандыгы жаңылыш Гйегу, Гйегйесы деп атала баштаган.

Б. з. III к. гяньгундардын ээлиги Кангюйдун түн.-батышынан орун алып, 30 миң таңдамал аскери болгон.

V к. башында аны жужаңдар басып алган.

Түрк кагандыгы түзүлөрдүн (552) алдында Кыргыз кагандыгы (Хягас) кайрадан күчтүү мамлекетке айланып чыгыштагы чек арасы гулигандар турган жер (Байкал), түштүгү Тибет, түш.-батышта карлуктарга чейин созулган деп түшүндүрүлөт], аймак жагынан түрктөргө (тукюе) тең тайлашкан. Кыргыз кагандыгынын бир нече жүз миң түтүн эли болуп, бир убакта 80 миң аскер чыгара алган. Түрк кагандыгы күч алганда (553-ж-дан кийин), Муюй хан Корей булуңунан Батыш деңизге (Жер Ортолук же Каспий) чейинки аймакты багындырып, түн-тө кыргыздарды (Цигу) да жеңип алган.
Ушул мезгилдерден баштап жазма маалыматтарда Түштүк Сибирдеги Кыргыз кагандыгы ж-дө кабарлар кезиге баштайт. Бул учурда кыргыздардын мамл. админ. башкаруу түзүлүшү калыптана баштаган. Мис., алардын каганынын мамлекет башкара турган үч министри (Гйеси-бей, Гюйшабо-бей, Ами-бей) болгону айтылат.

Мамлекеттин түптөлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

820-ж. Кыргыз кагандыгы м-н Уйгур кагандыгынын ортосунда согуштар башталып, 840-ж. кыргыздар уйгурлардын борбору Ордо-Балык ш-н басып алган. Ички Азияда Улуу Кыргыз кагандыгы негизделген. Уйгурларды биротоло талкалоону көздөгөн кыргыз каганы мындан кийин Кытай м-н союз түзүүгө бир топ аракет кылган, бирок андан майнап чыккан эмес.

Улуу Кыргыз кагандыгынын аскери уйгур, телес урууларын куугунтуктап, Түш. Манжурия, Алашань, андан ары Чыгыш Түркстанга да жеткен. 843-ж. жазында Кыргыз кагандыгынын аскери Чыгыш Түркстандагы Аньси, Бэйтин ш-ларын каратып, Кашкарга ээ болгон, бирок аларды кайра эле уйгурларга тарттырып жибеген. IX к. орто чени – X к. башында Кыргыз кагандыгы кайрадан күчтүү мамлекетке айланып, бул мезгил илимде «Улуу Кыргыз державасы» деп аталып калган.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз кагандыгы менен Кытай (Тан) мамилеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз кагандыгы Чыгыш Теңир-Тоодон Эне-Сайга б.з. 5-кылымда журт которгон кыргыздар тарабынан 6-кылымда Түштүк Сибирде негизделген.

648-ж-га чейин кыргыздардын Кытай мамлекетине каттабаганы, ушул жылы кыргыз элтебери (сылифа) Шибокюй Ачжанды император Тайцзун кабыл алганы ж-а ушундан баштап кыргыздар ээлеген аймак кытайлардын жазмасында Гянь-гунь деп атала баштаганы ж-дө да маалымат бар.

Кыргыз кагандыгы Кытайга 650–83-ж. 713–55-ж. 4 жолу элчи жиберген. Уйгурлардын басып алышы м-н 758-жылдан кийин хягастардын элчилери Кытайга барбай калган, бирок, араб ж-а карлуктар м-н соода мамилесин күчөтүшкөн. Ушул кезде түндүктөгү көчмөн уруулар аларды жаңылыш Хакяньсы, Гягяс деп атай баштаган.

Аскердик ишитери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кийинки абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

11–12-к-да Кыргыз кагандыгынын ээлиги Саян-Алтай аймагы м-н гана чектелген. 1207-ж. кыргыз бийлери (инал) Чыңгыз хандын уулу Жучуга согушсуз багынып берүүгө макул болушкан. 1259-ж. Мунке хан өлгөндөн кийин анын ордун Хубилай (1215–1294) ээлеп, кыргыздар анын карамагында калган. 1275–76-ж. кыргыздар бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгып, ал басылгандан кийин көп кыргыз Манжурияга көчүрүлгөн. 1289-ж. кыргыз жоокерлери Хайдуга каршы Хэлинден аттанып чыкканы ж-дө кабар кезигет. 1291-ж. кыпчактардын башчысы Тутуха енисейлик кыргыздарды басып алып, аларга жардамга жиберилген Хайдунун колун кошо талкалаган. Бул жактагы кыргыздар ж-дө акыркы кабар 1295-ж. кезигет. Анда кыргыздардын бир тобу Алтайдан Шаньдун аймагына көчүрүлгөнү тууралуу маалыматтар айтылат.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. – 288 бет.
  • Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер, Б., 1999;
  • Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы, Б., 2001;
  • Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана, Б., 1996;
  • Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998;
  • Бичурин Н. Я. (Ианкиф), Собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998;
  • Кычанов Е. И. «История династии Юань» о киргизах. Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003,