Турпан ойдуңу

Википедия дан

Турпан ойдуңу, Турфан Чыгыш Теңир-Тоо (Тянь-Шань) тоолорунун этегинде, Кытайдын аймагында.

Тектон. бүктөлүүдөн пайда болгон. Уз. 200 клгдей, эни 70 кмте чейин. Таманы деңиз деңгээлинен 154 м төмөн жатат (дүйнөдөгү Жансыз деңизинен кийинки эң чуңкур жер). Климаты кескин континенттик, жайы ысык (максимуму 49°С), кышы суук. Кытайдагы эң ысык аймак. Чөл, шор жерлер, чет-жакаларында оазистер кезигет. Ойдуңда Турпан ш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4