Кемижкет

Википедия дан
Кемичкет‎»‎ барагынан багытталды)

Кемичкет, Кемижкет – орто кылымдарда кыргыз каганы турган шаар. «Худуд ал-Алам» боюнча кыргыздардын чыгыш жагында фури (кури) деген эл жашап, Кемичкет алардын чек арасына жакын жерде жайгашкан. Мындан тышкары бул маалыматта кыргыз урууларынын Кемичкеттен башка шаары болбогонун жана кыргыздар тогузгуздардын батышы менен түндүгүнөн орун алса, тогузгуздар Чиндин (Кытай) батышы, Тибеттин түндүгүндө турушканы эскерилген. Ошондуктан комитетин аталышы жана анын жайгашкан жери боюнча азырынча бирдей көз караш жок. Идрисинин картасында (13-кылым) кезигет. В. В. Бартольд аны Микиджкет деп чечмелеп (Шотт боюнча Мидичжит), «Таншудагы» Мидичжы шаарына салыштыруу менен Хакас-Минуса ойдуңунда жайгашкан деп эсептеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]