Шибокий Ачжан

Википедия дан


Шибоцюй Ачжан (Сылыфа Шибокүй Ачжан)– кыргыз каганы.
Кыргыз кагандыгынын Кытайга элчилиги «Тан династиясынын жаңы тарыхы» аттуу жыл баяндарында чагылдырылган. Кыргыздардын беги (мамл. министри) Ш.А. 648-ж. Тан (Кытай) мамлекетинин борбору. Чаньянда император Тайцзундун кабылдоосунда болгон. Бул элчилик Кытай (Тан) императорунун Кыргыз каганына 632-ж. жөнөткөн элчилигине жооп иретинде уюштурулган дипломатиялык миссия болгон. Кытай тараптан бул миссияны Ван И-Хун жетектеген. Элчилик деңгээлдеги мамлекеттер аралык алакалар 7–10-к. Тан династиясы кулаган мезгилге чейин улантылган. Бул алакалардын негизги максаты – Борбор Азиядагы Түрк, Уйгур кагандыктарынын согуштук-саясий абалдарынын күчөшүнө каршы биргелешип күрөшүү,Улуу Жибек жолуна көзөмөл орнотуу болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003