Ажо
Ажо — енисей кыргыздарынын ажосу, 820–847-жж. кыргыз каганы.
Ажо ― кытай булактарында эскерилген орто кылымдардагы кыргыз өкүмдарынын бийлик титулу. Айрым синологдор ажону «ажэ» деп чечмелешип, ал монгол доорундагы кыргыз журт башчыларынын өкүмдарлык титулу «инал» маанисин туюнтат деп эсептешет. Буга чейин жана андан кийинки мезгилди баяндаган кытай жазма булактарында «ажо» сөзү кездешпейт.
820-жылга чейин Уйгур кагандыгына баш ийген кыргыздарды ийкем жетектеп келет. Уйгурлардын алсырап баратканын сезип, 820-жылы өзүн каган, түргөш тектүү жесир энесин — ханыша, насили карлук аялын — ханайым деп жарыялаган. Башкача айтканда уйгур каганына тең атамын деп, Уйгур кагандыгына баш ийбегенин жарыялады[1]. Буга каарданган уйгур каганы кыргыздарга каршы ийгиликсиз аяктаган жортуул уюштурат. Согуш 20 жылга жакын созулат. 840-жылы Ажо 100 миңдей аскерин баштап, Уйгур кагандыгын басып алган.
Ошол мезгилде Кыргыз мамлекетинин күч-кубаты артып, анын аскерлери чыгыш Маньчжурия, батыш Теңир-Тоого чейин жеткен. Кыргыз калкынын бир бөлүгү батышка оогон жана алар кийин азыркы кыргыз этносун түптөөгө негиз болушкан.
Ажо кышында суусар бөрк, жайында төбөсү бийик шуштугуй, кырбусу кайрылып, жээги алтын менен кыргакталган баш кийим кийген.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1