Алп Сол

Википедия дан
Алп Сол Тепек
𐰀𐰞𐰯 𐰽𐰆𐰞 𐱅𐰇𐰯𐰅𐰚[1]
Алп Сол Тепек
Энесай Кыргыз Кагандыгынын тарханы
820 — 847
 
Дини: Теңирчилик
Каза болгон жылы: 9 кылым
Каза болгон жери: Тыва
Уруусу: Ажо
Кесиби: Тархан

Алп Сол Тепек[2] — IX кылымдын биринчи жарымында жашаган Энисей Кыргыз Кагандыгынын тарханы.[3]

Алп Сол - 9-кылымдын кыргыз кол башчысы жана элчиси.
840-жылы кыргыз каганынын уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында анын колунун сол канатын жетектеген жана Энесайдагы Улуу Кыргыз империясын негиздөөгө чоң салым кошкон.
843-жылы март айында кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган. Кытай жыл баяндарында: “841-жылы такка олтурган император Вуцзун алыскы кыргыз каганынан келген элчиге абдан ыраазы болуп, Бо-Хайдан келген элчиден жогору, төргө олтургузду”- деп баяндалат. Кыргыз каганынын аскер башчысы, ишенимдүү элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары, соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өзүнун элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Аскар Акаев. Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу. — Litres, 2022-05-15. — 492 б.
  2. Миркасым Абдулахатович Усманов, Рафаэль Сибгатович Хакимов. Татарлардын байыркы доорлордон берки тарыхы: Байыркы доордогу Евразиянын талаа элдери.“Рухият” басмасы, 2002. – 600 б.
  3. С. Г. Кляшторный, Д. Г. Савинов. Байыркы Евразиянын талаа империялары. - Санкт-Петербург мамлекеттик филология факультети. Университет, 2005. – 382 б.