Тархан

Wikipedia дан

Тархан (кыргызча даркан; башкырча тархан; моңголчо дархан; чувашча турхан) – 1) орто кылымдагы княздардын жана салык төлөөдөн бошотулган айрым башка социалдык топтордун түрк элдеринде аталышы; 2) мамлекеттик салыктарды төлөөдөн бошотулган Закавказ, Орто Азия, Казан, Астрахань, Крым хандыктарынын жерлери менен мүлктөрү; 3) орто кылымдагы орустун калкукук актыларынын бир түрү. Махмуд Кашгари боюнча «бийлик титулу», чуваш тилинде «жогорку сословиедеги адам» («турхан»), орхон-енисей руникалык жазууларында «бийик даражалуу адам» (мисалы, Култегиндин аза күтүү ырымына согдулуктардан Огул Тархан катышкан). Тон Иокуктун эстелигинде башкы аскер башчысы («бойла бага таркан», «апа таркан») түрүндө кезигет. Авар кагандыгында (562–823) Тархандар алык-салык жыйнаса, Хазар кагандыгында (650–969) уруулук (аскер) аристократиясынын жогорку сословиеси болуп эсептелген. Тимурдун тушунда кээ бир аскер кол башчылары Тархан деген наамга ээ болгон. Айрым окумуштуулар (мисалы, И. Абаев) Тархан (tarxan – ардактуу наам) деген термин түрк тилине байыркы индевропалыктар (скиф-алан) аркылуу келгенин көрсөтсө, экинчилери (Э. М. Мурзаев) моңгол тилинен («дархан» – «темир уста», «адис», «эркин адам») кабыл алынганын болжолдошот. 18-кылымдын аягында эмир Шах-Мураддын Бухара шаарынын тургундарын алык-салыктан бошотуп, Тархан деп жарыялаганы тууралуу маалыматка таянган В. Бартольд артыкча укук берилген адамды түшүндүрөрүн белгилеген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]