Кыркырхан
Кыркырхан, Каркар(а)хан — орто кылымда Кимак каганатынын курамындагы өзэркин Энесай кыргыздарынын мамлекеттүүлүгү.
| Каркырхан автономия | ||||
| ||||
|---|---|---|---|---|
| Борбору | Дахлан, Аягөз | |||
| Ири шаарлары | Карантия, [1] Хирхир, Хакан-Хирхир,[2] Дараид Хиргир[3], Нашран | |||
| Тил | Кимак тили, Байыркы кыргыз тили | |||
| Дин | Ислам | |||
| Калк | Энесай кыргыздары, Кимактар | |||
| - | Бейгу[4] | |||
| - {{{башкарган_жылы2}}} | Козу Керпеч (Козу Көрпөч) | |||
| Өтүүчүлүк | ||||
| ← Кимактар Улуу Кыргыз дөөлөтү → | ||||
Аталышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Худуд ал-Алам» боюнча Кыркырханда жайлаган элдин үрп-адаты кыргыздардыкына окшош болгон. В. Ф. Минорский аны Иртыш дарыясынын түштүгүндөгү Каракаралы шаары менен салыштырган. Тарыхчылар Б. Е. Кумеков Кыркырханды ал-Идрисинин «Нузхат алмуштак» аттуу эмгегиндеги Тарбагатай тоо кыркасынын «Гиргир» деген аталышка байланыштырса, Ө. Караев Ысык-Көлдүн чыгышындагы Каркыра жайлоосу менен байланышы бар болушу мүмкүн деп божомолдойт.
Жайгашуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Манас» эпосу боюнча Каркырахандын аймагы Жети-Суу, Талас өрөөнү жана Сыр-Дарыянын орто агымындагы жерлерди камтыган. Чындыгында Каркырахандын аймагы борбору Дахлан менен Балхаш көлү менен Алтайдын ортосунда жайгашкан. Каркырахан орто кылымдардагы жазма булактарда «Кыркырхан», кээде «Хыркыр» деп да аталат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]8-кылымдын ортосунда карлуктардын негизги бөлүгү Иртыштан чыгып кеткенден кийин, кимак-кыпчак урууларынын курамындагы Энесай кыргыздарынын айрым топтору Алтайдын түштүк-батыш тарабына көчүп кетишкен. Жаңы аймактарда Каркырахандын энчиси түзүлгөн. Кыргыз каганатына союздаш болгон Каркырахан мамлекети 840-жылдары Уйгур каганатын талкалоого катышкан.
Мурасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Каркырахандын урпактары келген кыргыздардын башкы топторуна, ошондой эле кыпчактардын, башкырлардын, карлуктардын курамына кирген. Башкыр элинин курамында Сыр-Дарыянын орто агымындагы аймактардан чыккан ири кыргыз уруусу кирет.

Алтайдан Уралга чейин кыргыз этникалык компонентинин андан ары кеңейиши «кыргыз», «кыргыз-кайсак» этнониминин таралышына өбөлгө түзгөн, аны Оруссия жаңылыш түрдө казактарды деп белгилеген.
Караңыз дагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9