Кыпчактар

Википедия дан

‘’Кыпчаки- Половецы или Мамлюки – кыпчактар Орто Азияда, Венгрияда, Египетте тараган түрк элдердин бири. Алар орто кылымдардагы күч-кубаттуу уруулук бирдик.

Кыргыз элиндеги Кыпчак уруусунун бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыпчак

  • Жаманан (Джаманан)
  • Омонок
  • Таз
  • Шэрдэн
  • Кармыш
  • Тор
  • Айгыр
  • Ахтачы (Ахтачи)
  • Кожом Шүкүр (Кожомшүкүр)
  • Жарты Баш (Жартыбаш)
  • Алтыке
  • Сакоо Кыпчак
  • Кызыл Аяк (Кызыл Айяк)
  • Беш Көрүк

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыпчактар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар кытай жылбаяндамаларынан кездешет. Анда (биздин заманга чейин 201-жылы) хунндар багындырган жана алардын мамлекетинин курамына кирген «кюсше» аттуу (кытай транскрипциясында) журт катары баяндалат. Айрым булактарда «кюс-ше», «кин-ча», «хи-би-са» аталыштар менен да кезигет. Кыпчактар енисейлик кыргыздардын батыш тарабында (Иртыш) турушкан.
Уйгур каганы Моюн Чурдун эстелигинде (751-жылы) кагандын түрк-кыпчактар мамлекетинде 50 жыл такта олтургандыгы баяндалат. Махмуд Кашгари Кыпчактарды кыргыз, огуз, тухси, ягма, чигил жана чаруктардай эле таза түрк тилинде сүйлөгөнүн белгилейт. Кыпчактар мусулман жазма булактарында «кыфчак», «кыбчак», орус жыл баяндарында «половец», «половцы», батыш жазма булактарында «куман», «коман» формаларында эскерилет. Түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында батыш хунн тобундагы кыпчак бутагынын болушу орто кылымдагы бул элдин кийинки казак, кыргыз, түркмөн, уйгур, каракалпак, татар, башкыр, кумук, карача, балкар, көчмөн өзбектер, коңурат, катаган, лакай жана башка элдердин калыптанышына чоң таасир тийгизгенин белгилейт. Болжолу, 7-кылымдын аягынан Кыпчактар Саян-Алтай тоолоруна жакын жерлерди мекендешкен же коңшу аймактардан журт которушкан.
Г.Е.Грумм-Гржимайлонун кыпчак уруулары алтай динлиндеринин батыш канатын түзүшкөн, биздин заманга чейин 3-кылымда хунндар тарабынан баш ийдирилген деген көз карашын М.И.Артамонов колдоп чыккан. Бул аймак Иртыш дарыясынын жогорку жана ортоңку агымдарына чейин жеткен. Чыгыш мусулман булактарында Кыпчактар Ибн Хордадбек тарабынан алгач ирет 11-кылымда эскерилет. Бул уруулук бирикме 8–9-кылымда кимактар менен этносаясий карым- катнашта болуп турушкан. 10–11-кылымдарда Кыпчактар эки багытка – түштүккө (Мавераннахр), батышка – Волга боюна журт которушкан. Кыпчак урууларынын күч алып батышты көздөй журт которуусу печенегдерди түштүк орус талааларына көчүп кетүүгө аргасыз кылган. 11–13-кылымдарда Кыпчактар борборлошкон мамлекет түзүшпөгөнү менен Иртыштан Дунайга чейинки эбегейсиз зор аймакка үстөмдүк кылышкан, ал жерлер «Дешт и-Кыпчак» – «Кыпчак талаасы» деген ат менен белгилүү.
Моңгол жапырыгынын тушунда кыпчак урууларынын бир бөлүгү басып алуучуларга баш ийип беришсе, айрымдары Паннонияга ](азыркы Венгрия), Балкан жарым аралына көчүп өтүшкөн. Батый хан негиздеген Алтын Ордонун негизги бөлүгүн кыпчак уруулары түзүшкөн жана анын батышка карай жортуулуна кыпчактар өтө жигердүүлүк менен катышкан. Шаман динин тутушкан Кыпчактардын, алар ээлеген аймактын этностук абалы бир кылка болгон эмес жана бул ири уруулук бирикме өз курамына кимак, кыргыз, печенег, булгар, хазар, берендей, истяк жана башка угрофин этнокомпоненттерин сиңиришкен. Азыркы казак, каракалпак, башкыр, лакай, кыргыз, түркмөн, алтай, ногой, крым татарлары жана башка түрк тилдүү элдердин курамындагы кыпчак уруулары эң ири этнокомпоненттер болуп эсептелет. Кыргыз тилинин калыптанып өнүгүшүндө кыпчак тили чоң таасирин тийгизген. Кыргыз тили түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында чыгыш хунн тобундагы кыпчак бутагына кирет.Кыпчактар бир улут болуп саналат алардын кыргыздарга эч кандай тиэшеси жок, эн тамгалары менен казак-кыпчак, каракалпак-кыпчак, ногой-кыпчак, башкыр-кыпчактардын курамдарындагы этнонимдер, эн тамга белгилеринин ортосунда этногенетикалык жалпылыктар бар.

"Манас" эпосундагы мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыпчак — этноним. «Манас» эпосунда К-тар кыргыз эли менен тектеш (, кыпчак уругум, кыз үчүн балам кетем деп; Сагымбай Орозбаков, 2. 153) уруу катары айтылат. К. биринчи жолу 8-кылымда уйгур башкаруучусу Моюн-Чурга арналган эстеликте кездешет. Ал доордо К. Саян-Алтай тоолорунда жашашкан. 11 — 13-кылымда болсо Алтайдан Кырым жана Дунайга чейинки аралыкта көчүп жүрүшкөн. Махмуд Кашгаринин «Сөздүгү» боюнча К-тын бөлүгү Талас өрөөнүндө жана Кашкар шаарынын жанында да жашашкан. Ферганалык автор Сейф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварихи» (16-к.) боюнча Таластагы Каркара өрөөнүн К-тар ээлешкен. Манастын атасы жана чоң атасы да ушул аймакты башкарган. Манас баатыр Каркарада төрөлгөн, анын чоролору да каркаралык болушкан. Кыргыздар менен К-тар чектеш, аралаш жашагандыгын далилдейт. Ошол себептен Манас баатырдын теги Кыргыз улутунан чыккан болуп эсептелет . Кыпчак бир топ түрк элдеринин болуп саналат кыпчактар кыргыздарга кошулбайт анткени кыпчактар Улут уруу эмес. Эпостун бүгүнкү күндөгү варианттарында бир катар белгилүү каармандар (Мисалы, Төштүк, Үрбү жана башкалар) К. уруусунан деп берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.

“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Кыпчактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КыпчактарБорбордук Азиядагы байыркы түрк урууларынын бири. Кээ бир синологдордун (мисалы, Ф. Хирт, П. Будберг) көз карашы боюнча Кыпчактар тууралуу алгачкы маалыматтар кытай хроникаларында «сйе» жана «яньто», Тонйукукта «сир» түрүндө кездешет. Кийин сйелер яньтолорду багындырып сйеяньто (Сыр-Тардуш) уруусун түзгөнү жана алар уйгур, байегу, тунло, пугу сыяктуу эле хунндардын тйелэ (телес, теле) уруусунун бир бутагы экени айтылат. Махмуд Кашгари кыргыз, огуз, тухси, чигил, ягма ж. б. менен бирге Кыпчактар да таза түрк тилинде сүйлөгөнүн белгилесе, мусулман жазма даректеринде «кыфчак», «кыбчак», орус жыл баяндарында «половцы», батышта «куман», «коман» түрүндө берилген. Бирок кээ бир окумуштуулардын (мисалы, Султанов Т. И., Кляшторный С. Г.) ою боюнча байыркы кытай хроникаларында кездешкен «кюеше» («цзюше») этноними фонетикалык жактан Кыпчактарга эч кандай тиешеси жок. Жазма маалыматтарда алгачкы жолу уйгурлардын каганы Моюн Чурдун эстелигинде эскерилип (751-ж.), уйгурлар 50 жыл аларга көз каранды болгону айтылат. Кытай хроникалары боюнча жужаңдардын империясы кулагандан кийин (552) сеяньтолор Түрк, анан Батыш Түрк кагандыгына карап, башка түрк уруулары менен Чыгыш Тянь-Шандан баштап, Түштүк-Батыш Алтай аймагын ээлешкен. Түрк каганатынын кыйрашы менен (630) саясий аренага сеяньто жана уйгурлар чыгып, көп өтпөй эле кээ бир түрк урууларына (тогуз-огуз) бириккен сеяньтолор Ильтэр тукуму башында турган өз алдынча мамлекет түзүүгө жетишкен. Кыпчактардын күчөп баратышы Тан империясын кооптондуруп тургандыктан, алар 630–640-жылдары уйгур жана огуз уруулары менен союз түзүп, сеяньтолорду катуу кырышкан. 735-жылдан баштап сир этноними жоголуп, 8-кылымдагы руника тексттери менен араб маалыматтарында (Ибн Хордадбек, Гардизи, Ибн ал-Асир) Кыпчактар (кыбчак, хифджак ж. б.) түрк урууларынын бири экени жана алар кара, ак, сарылар болуп бөлүнгөнү тууралуу айтылат. Бул уруу бирикмеси 8–9-кылымдарда кимактар менен этносаясий карым-катнашта болуп, 10–11-кылымдарда эки багытка – түштүктө Мавераннахр, батышта Волга боюна тараган. Бул мезгилде Кыпчактардын кайрадан күч алышы менен печенегдер Дон, Дунай дарыясынын жээктерин карай чегинет. Махмуд Кашгаринин эмгегинде 9-кылымда Кыпчактар имак, карабөрүк, субар, каңлы, токсаба, бөрүлүү сыяктуу уруулардан турган. Кээ бир араб, фарси даректери боюнча 12–13-кылымдарда Иртыштан Дунайга чейинки эбегейсиз зор аймакка үстөмдүк кылышкандыктан, ал жерлер Дешт и-Кыпчак (Кыпчак талаасы) деп аталып калган. 13-кылымда моңголдордун чабуулуна байланыштуу Кыпчактардын бир бөлүгү аларга баш ийип калышса, айрымдары Балкан жарым аралын көздөй жылып кеткен. Батый хан негиздеген Алтын Ордонун негизги бөлүгүн Кыпчактар түзүп, ал ыдырагандан кийин ар кайсы улустун курамында калышкан. Негизинен Кыпчактар ээлеген аймактын этностук абалы бир кылка болгон эмес, ошондуктан алар кимак, кыргыз, печенег, булгар, хазар, берендей, истяк ж.б. угро-фин этнокомпоненттерине сиңип турушкан. Мисалы, азыркы каракалпак, башкыр, лакай, кыргыз, түркмөн, алтай, ногой жана крым татарлары сыяктуу түрк тилдүү элдердин курамында кыпчак уруулары көп кездешет. Казак эли болсо өздөрүнүн этногенезин Кыпчактар аркылуу түзүлгөн деп эсептешет. Кыргыздардын ичиндеги Кыпчактар санжырада бир нече уруктардан куралат. Ичкилик (Булгачы) курамына кирип, көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча байыркы Кыпчак уруулары мненн түз байланышы бар этностук компонент болуп саналат. Санжыра маалыматтарында Кыпчактар тогуз уруу: таз, торайгыр, кожомшүкүр, жартыбаш, шерден, кармыш, жаманак, омонок, алтыке болуп таралат. Көпчүлүк бөлүгү Түштүк Кыргызстанда (Фергана өрөөнү) туруп, кыргыздар менен жашагандар жалпы жонунан «кыргыз кыпчак» («тору кыпчак»), өзбектерге жакындар «сарт кыпчак» («сары кыпчак»), казактар менен аралаш тургандар «казак кыпчак» («кара кыпчак») деп аталып калган деп айтылат. Бирок илимий көз караштар боюнча аларды өзбек, каракалпак ж. б. курамындагы Кыпчактар менен салыштырууга болбойт, алардын түзүлүшү башкача экени байкалып, ал эми казактардын ичиндеги Кыпчактарда да торайгыр тобу кездешет. Ошондуктан алардын теги алтайлык уруулар менен байланышта болгон деп кароого болот. Негизинен Түндүк Кыргызстандын Чүй (Аламүдүн, Кант, Чүй, Кемин ж. б. районндор), Нарын (Нарын, Ак-Талаа, Ат-башы, Кочкор ж. б.), Ысык-Көл (Тоң, Түп) өрөөндөрүнүн кээ бир айылдарында уруу-уруу болуп чогуу турушат. Негизинен бул аймактарда жашаган Кыпчактар өздөрүнүн түпкү тегин Түштүк Кырггызстандан чыккан деп эсептейт жана кыргыз эпосторунун башкы каармандары Эр Төштүк, Курманбек, Жаныш, Байыш, Эр Үрбү, Шырдакбек сыяктуу баатырлардын уруусу Кыпчак экени айтылат. Ал эми Мажму ат-Таварихте 92 боолуу өзбектин (илатийа) бири катары эскерилип, башка бир оозеки санжыраларда да Абубакир Садык деген адамдан 92 уул болуп, анын чоң атасы Кыпчак болгон. Түрк тилдеринин классификациясы боюнча батыш хунн тобундагы кыпчак бутагы орто кылымдан баштап кийинки кыргыз, казак, түркмөн, уйгур, каракалпак, татар, башкыр, кумык, карачай, балкар, көчмөн өзбек, коңурат, катаган, лакай ж.б. элдердин калыптанышына чоң таасир тийгизгени белгиленет. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө да кыпчак тилинин таасир тийген. Ал эми ар кайсы элдин курамына кирген (мисалы, каракалпак-кыпчак, казак-кыпчак, ногой-кыпчак, башкыр-кыпчак ж. б.), кыпчак уруу аталыштарындагы эн тамга, этноним, тамга белгилеринин ортосунда этногенетикалык жалпылыктар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абуль-Гази хан. Родословное древо тюрков. Казань, 1906.
  • Гаркавец А. Н. Кыпчакское письменное наследие, в 2-х т., А., 2002.
  • Голубовский П. Б. Печенеги, тюрки, и половцы до нашествия татар. Киев, 1884.
  • Кумеков Б. Е. Арабские и персидские источники по истории кипчаков XI–XIII вв., А.-А., 1987.
  • Он же, Арабские источники по истории кипчаков, куманов и кимаков VIII – XIII вв., СПб., 1994.
  • Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1960.
  • Плежнева С. М. Половцы. М., 1990
  • Кляшторный С. Г. Султанов Т. И. Казахстан; летопись трех тысячелетий. А., 1992.