Лакай

Википедия дан

Лакай – Түштүк Тажикстан, Ооганстандын түндүгүндө жашаган этностук топ; мундуз уруусунун курамындагы урук. Тажиктер Лакайларды азыр да «кыргыздар» деп аташат. Лакайлар менен кыргыздардын ортосунда жалпылыктар байкалган. Биринчиден, Лакайлар деген аталыш кыргыздардын гана курамынан учурайт, экинчиден, кыргыздардагы «Кырк кыз», «Толубай сынчы» жөнүндөгү уламыштар бүгүнкү Лакайлардын фольклорунда сакталып калган.

Көчмөн шартта жашаган Лакайлардын боз үйү, анын ички жасалгасы, орун очоктордун аталыштары кыргыздардан дээрлик айырмасы жок. Тамак-аштарында, аны даярдоонун ыкмаларында кескин айырмачылыктар байкалбайт. Лакай жашаган аймактардагы барлас жана түрктөрдүн курамдарынан «кыргыз», «овлади кыргыз» уруктары катталган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]