Балкаш

Википедия дан

Балкаш -Казакстандын чыгыш бөлүгүндөгү Балкаш - Ала-Көл өрөөнүнөн орун алган көл.

Деңиз деңг. 340 м бийиктикте. Аянты 17-22 миң км\ уз. 605 км, туурасы чыгышында 9- 19 км, батышында 74 км. Суусунун көлөмү 112 км. Эң терең жери 26 м. Алабынын аянты 501 миң км2тв жакын. Батышынан Иле дарыясы, чыгышынан Кара-Тал, Ак-Суу, Лепсы ж. б. майда суулар куят. Көл жээгинде булуңдар жана бухталар көп. Эң ири аралдары: Баш-Арал жана Таш-Арал. Көл аймагынын климаты чөлдүү. Июлдун орточо температурасы 28°С, январдыкы - 8°С. Жылдык жаан-чачын 120 мм, орточо жылдык буулануусу 950-1200 мм.

Балкаш ноябрдын аягында тоңуп, апрелдин орто ченинде ачылат. Көл батыш жана чыгыш болуп бөлүнөт. Суунун туздуулугу - батышында 0, 74 г/л, чыгышында 5, 21 г\л. Балыктын 20 түрү бар: балкаш көк чаары, окунь, чаар жана бир түстүү губач, гольян, каңылтыр, судак ж. б. Башкы пристандары: Бурыл байтал, Бу-рул төбө. Кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.