Энесай кыргыздары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Энесай кыргыздары - Б.з. 4-5-кк. б.з. 18-к. баш чендерине чейин бүгүнкү Хакас-Минусин ойдуңу жана ага жамаатташ аймактарда, Тувада, Монголиянын борбор жана батыш аймактарында жашаган теги байыркы этнос.

Бүгүнкү хакастар, тувалар, карагастар, шорлор, алтайлыктар, ошондой эле алатоолук кыргыздар Энесай кыргыздарынын түз урпактары же этногенетикалык, этномаданий жалпылыкта турушат. Аталган аймактарда Тагар (байыркы сак, динлиндерге ж.б. таандык маданият) маданиятынан соңку мезгилдеги эстеликтердин дээрлиги кыргыздар калтырган же кыргыздарга таандык тарыхый-маданий байлыктар болуп эсептелет. Соңку иликтөөлөр 4-5-кк. пайда болгон Кыргыз каганатынын калкы, анын маданий катмарлары бир кылка болгон эместигин айгинелейт. Кыргыз каганаты жайгашкан зор аймакта калктын уюткусун түзгөн кыргыздардан башка анын кыштымдары (көз каранды элдери), кет, самодий, монгол тилдүү ж.б. элдер, уруулар болгон. Ошого салыштырмалуу бул тарыхый-этностук аймакта бир катар маданий катмарлар пайда болгон.

Энесай кыргыздарынын борборлошкон мамлекети жашап турган мезгилде өлкөнүн чарбасы, маданияты, жазуу өнөрү, кол өнөрчүлүгү, зергерчилик, шаар курулушу, дыйканчылык, соода ж.б. эң жогорку деңгээлде өнүккөн.

Энесай кыргыздары бир эле учурда түрктөр жана Түрк каганаты, телелер (төөлөстөр), уйгурлар, андан соң кытайлар (Тан династиясы), Түргөш, Тибет, Карлук ж.б. мамлекеттер менен тыгыз чарбалык-экономикалык, маданий-соода алакаларын жүзөгө ашырышкан. Чыгыш Түркстан, Орто Азия аймактары кыргыздардын эзелтеден кызыкчылыктары тараган, кыргыз урууларынын айрым бөлүктөрү жайгашкан аймактар болгондугун тарых барактары тастыктайт. Соңку иликтөөлөр энесайлык кыргыздар аз (азык), болшар, ли, түлбер, чик, манги, бөрү, адыг, кереит ж.б. уруулардын бирикмесинен тургандыгын далилдөөдө.

Кыргыз мамлекетиндеги бийлик династиялык мүнөзгө ээ болгондугун жазма булактар да тастыктайт. Ички жана тышкы саясаттагы маанилүү маселелер мамлекеттик кеңеш жана уруу башчыларынын (уруулук бирикмелер башчылары) макулдашуулары менен ишке ашырылган.

Кыргыздар өтө ийкемдүү жана жигердүү дипломатиялык алакаларды жүзөгө ашырышкандыгы белгилүү. Жазуу маданиятынын жогорку денгээлде өнүккөндүгүн кыргыз жазма эстеликтери чагылдырат. Кыргыз маданиятынын үлгүлөрүн Санкт-Петербургдагы Эрмитаждан, Минусинскидеги, Кызылжардагы (Красноярск), Абакандагы, Кызылдагы, Тоолуу Алтайдагы, Улан Батордогу ж.б. музейлерден, Хакас-Минусин ойдуңунда, Тува аймагында, Тоолуу Алтайда, Монголияда байыркы жана орто кылымдар доорундагы кыргыздар калтырган эстеликтерден көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.