Сыма Цянь

Википедия дан
Сыма Цянь
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: 司马迁
Туулган жылы: б.з.ч. 145 же 135-жылы
Туулган жери: Ханчэн, Шэнси
Өлкө: Кытай
Ишмердүүлүгү: тарыхчы

Сыма Цянь - б.з.ч. 145 же б.з.ч. 135-жылы туулган, б.з.ч. 86-жылы өлгөн кытайлык тарыхчы. Аны "кытай тарыхынын атасы" деп да аташат.

Ал "Ши-цзи" ("Тарыхый жазмалар") эмгегинин автору.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыма Цянь Кытайдын Ханчэн аймагында (азыркы Шэнси вилайетинде) Лунмын деген жерде туулган.

Сыма Цянь өз эмгегинде хундар (хуннулар) б.з.ч. 201-жылы жүргүзгөн согуштар тууралуу баяндап келип, байыркы кыргыздар тууралуу да эскерте кетет.

"Кытай тарыхынын атасы" саналган даңазалуу тарыхчы Сыма Цяндын тагдыры өтө татаал болгон.

Анын досу болгон кытай колбашчысы (генералы) хундарга колго түшүп, хун тарабын тутуп кеткенде, Хань сулалесинин императору жаалданып, Сыма Цянды жазалоого буйрук берген.

Сыма Цянь өмүрдүк тарых эмгегин аяктоо үчүн өлүм жазасына караганда бычылуу жазасын артык көргөн.

Котормолор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыма Цяндын "Ши-цзи" чыгармасындагы жана башка кытайлык тарыхый булактардагы түрк жана кытай элдерине тийешелүү олуттуу тарыхый маалыматтарды орусиялык теги чуваш тарыхчы жана чыгыш таануучу Иакинф Бичурин 19-кылымдын биринчи жарымында кытайчадан (ханзу) орус тилине которгон.

Сыма Цяндын эмгегинин көптөгөн бөлүктөрү орус тилине которулган.

Анын айрымдары кыргыз тилине да которулуп, ар кыл окуу китептерине, хрестоматияларга жана жыйнактарга киргизилип жүрөт.

Лев Гумилевдун Сыма Цянь тууралуу пикири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орусиялык чыгыш таануучу Лев Николаевич Гумилев кытай тарыхчысы Сыма Цянь тууралуу мындайча ою менен бөлүшкөн:

"Сыма Цянь "Тарыхый жазмалар" аттуу чыгармасын б.з.ч. I кылымда жазып, ошол эле кездерде өзү үчүн "көөнө" болуп калган мезгилдин, т.а. өзүнө белгисиз, салты үзүлүп калган өткөн мезгилдин бар экенин белгилеген. "Көөнө" мезгил болуп Сыма Цянь үчүн алгачкы үч сулаленин (династиянын): Ся, Ин жана Чжоу династияларынын мезгили эсептелген. Чжоу династиясы кулаган соң саясий жана маданий начарлоо башталган. "Үч падышачылыктын басып өткөн жолу айлампа өңдүү, токтоп бүтүп, анан кайра башталып турду" - деген Сыма Цянь.

Албетте, муну Хан династиясы байыркыны дал өзүндөй кылып кайра кайталаган деп түшүнүү жарабайт. Айткандай эле ал өзүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар өз алдынчалыкка ээ экен. Сыма Цяндын ою боюнча, бир түрдүүлүк дегенибиз, сырткы чыныгы көрүнүштөр эмес, ал көрүнүштөрдүн ички мыйзам ченемдүүлүгү болуп саналат, муну ал тарыхтын табигый мыйзамы катары караган.

Тарыхчы тарабынан ачылган бул мыйзам ченемдүүлүк өткөндөгүнү гана түшүндүрүүгө жол ачпастан, келечекте болуучу окуяларды да алдын ала айтууга мүмкүнчүлүк түздү. Эгерде байыркы (архаикалык) Кытай сөзсүз болбой койбой турган ички ритмдердин натыйжасында кыйрап калган болсо, анда Сыма Цянь үчүн өз заманы болгон, биз үчүн Байыркы Кытай болгон, т.а. Хан империясы ошол эле тагдырдан ойт бере алмак эмес. Албетте, Сыма Цянь өз өлкөсүнүн кыйрашынын айрым жышааналарын алдын ала айта албады, бирок кыйроонун натыйжасы ал айткандай эле болду.

Ооба, III кылымдагы атуулдук согуш Кытайды биротоло алсыздантты, акыры 312-жылы Теңир алдындагы империя хуннулардын анча коп эмес аскерине жеңилип берди. Көп өтпөй хуннулар Хуан-хэ дарыясынын жээктериндеги илгертеден хандыктарга тиешелүү болуп келген бардык жерлерди да каратып алды. Кытайдын айрым өжөр патриоттору башка уруулар жашаган чет-жакаларга, Янцзы дарыясынын жээктерине өтө качышты, ал эми байыркы кытайлык маданияттын өлүм алдындагы жан талашуусу дагы 250 жылча созулду, т.а. бул мезгил Рим маданияты кыйрап отуруп, өлүмгө жеткен мезгилге караганда эки эсеге узактык кылат. Так ошол учурларда Кытай элинин өз мекенинде көчмөндөр менен тоолуктар, хуннулар, табгачтар, кяндар (тибеттиктер) өз билгенин жасап, өкүмзорлук бийлик жүргүзүштү.

Кытайдын кайрадан жаңыланып өнүгүшү VI кылымда башталды. Кытайдын ультрапатриотторунун жолбашчысы Ян Цзян көчмөн падышалардын укум-тукумдарын талкалап салып, Суй сулалесин негиздеди. Бул өнүгүү орто кылымдардагы Кытайдын "аткан таңы" болсо, манжурлар Миң династиясынын аскерин жана козголоңчу Ли Цзычэн башчылык кылган дыйкан кошуундарын талкалаган XVII кылым анын "каран түнү" болду. Европалык түшүнүгү тар окумуштуулар ошол кезде башталган бул начарлоону Кытайдын туруктуу абалы катары ойлоп, "дымуу" деп атап коюшту. Сыма Цяндын алдын ала айткандары чын болуп чыкты". (Л.Н.Гумилев(жеткиликсиз шилтеме)).

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пайдаланылган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыздар. Он томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Учкун, 2004. - Т. 1-10. - ISBN 9967-413-89-1.
  • Кыpгызы: Источники. Истоpия. Этногpафия / Сост.: Омуркул Каpаев, Кенеш Жусупов. — Бишкек: Шам, 1996. — 620 с. (Фонд «Соpос—Кыpгызстан»). ISBN 5-7499-0042-8.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.

ISBN 5-89750-028-2

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]