Ши-цзи

Википедия дан

"Ши-цзи" ("Тарыхый жазмалар") эмгеги - Байыркы Кытай тарыхы боюнча жалпылама алгачкы эмгек.

Анын автору - Сыма Цян (орусча - Сыма Цянь) (б.з.ч. 145- же б.з.ч. 135-жылы туулган, б.з.ч. 86-жылы өлгөн) байыркы кытайлык тарыхчы. Аны "кытай тарыхынын атасы" деп да аташат. Бул тарыхчы Кытайдын Ханчэн аймагында (азыркы Шэнси вилайетинде) Лунмын деген жерде туулган. Сыма Цян өз эмгегинде хундар (хуннулар) б.з.ч. 201-жылы жүргүзгөн согуштар тууралуу баяндап келип, байыркы кыргыздар тууралуу да эскерте кетет.


"Ши-цзи" чыгармасындагы жана башка кытайлык тарыхый булактардагы түрк жана кытай элдерине тийешелүү олуттуу тарыхый маалыматтарды орусиялык чуваш тарыхчысы Иакинф Бичурин 19-кылымдын биринчи жарымында кытайчадан (ханзу) орус тилине которгон.

Пайдаланылган адабияттар:

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.