Сыма Цян

Wikipedia дан
Сыма Цян
Sima Qian (painted portrait).jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: 司马迁
Туулган жылы: б.з.ч. 145 же 135-жылы
Туулган жери: Ханчэн, Шэнси
Өлкө: Кытай
Ишмердүүлүгү: тарыхчы

Сыма Цян (орусча - Сыма Цянь) - б.з.ч. 145 же б.з.ч. 135-жылы туулган, б.з.ч. 86-жылы өлгөн кытайлык тарыхчы. Аны "кытай тарыхынын атасы" деп да аташат.

Ал "Ши-цзи" ("Тарыхый жазмалар") эмгегинин автору.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо]

Сыма Цян Кытайдын Ханчэн аймагында (азыркы Шэнси вилайетинде) Лунмын деген жерде туулган.

Сыма Цян өз эмгегинде хундар (хуннулар) б.з.ч. 201-жылы жүргүзгөн согуштар тууралуу баяндап келип, байыркы кыргыздар тууралуу да эскерте кетет.

"Кытай тарыхынын атасы" саналган даңазалуу тарыхчы Сыма Цяндын тагдыры өтө татаал болгон.

Анын досу болгон кытай колбашчысы (генералы) хундарга колго түшүп, хун тарабын тутуп кеткенде, Хань сулалесинин императору жаалданып, Сыма Цянды жазалоого буйрук берген.

Сыма Цян өмүрдүк тарых эмгегин аяктоо үчүн өлүм жазасына караганда бычылуу жазасын артык көргөн.

Котормолор[оңдоо]

Сыма Цяндын "Ши-цзи" чыгармасындагы жана башка кытайлык тарыхый булактардагы түрк жана кытай элдерине тийешелүү олуттуу тарыхый маалыматтарды орусиялык теги чуваш тарыхчы жана чыгыш таануучу Иакинф Бичурин 19-кылымдын биринчи жарымында кытайчадан (ханзу) орус тилине которгон.

Сыма Цяндын эмгегинин көптөгөн бөлүктөрү орус тилине которулган.

Анын айрымдары кыргыз тилине да которулуп, ар кыл окуу китептерине, хрестоматияларга жана жыйнактарга киргизилип жүрөт.

Лев Гумилевдун Сыма Цян тууралуу пикири[оңдоо]

Орусиялык чыгыш таануучу Лев Николаевич Гумилев кытай тарыхчысы Сыма Цян тууралуу мындайча ою менен бөлүшкөн:

"Сыма Цян "Тарыхый жазмалар" аттуу чыгармасын б.з.ч. I кылымда жазып, ошол эле кездерде өзү үчүн "көөнө" болуп калган мезгилдин, т.а. өзүнө белгисиз, салты үзүлүп калган өткөн мезгилдин бар экенин белгилеген. "Көөнө" мезгил болуп Сыма Цян үчүн алгачкы үч сулаленин (династиянын): Ся, Ин жана Чжоу династияларынын мезгили эсептелген. Чжоу династиясы кулаган соң саясий жана маданий начарлоо башталган. "Үч падышачылыктын басып өткөн жолу айлампа өңдүү, токтоп бүтүп, анан кайра башталып турду" - деген Сыма Цян.

Албетте, муну Хан династиясы байыркыны дал өзүндөй кылып кайра кайталаган деп түшүнүү жарабайт. Айткандай эле ал өзүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар өз алдынчалыкка ээ экен. Сыма Цяндын ою боюнча, бир түрдүүлүк дегенибиз, сырткы чыныгы көрүнүштөр эмес, ал көрүнүштөрдүн ички мыйзам ченемдүүлүгү болуп саналат, муну ал тарыхтын табигый мыйзамы катары караган.

Тарыхчы тарабынан ачылган бул мыйзам ченемдүүлүк өткөндөгүнү гана түшүндүрүүгө жол ачпастан, келечекте болуучу окуяларды да алдын ала айтууга мүмкүнчүлүк түздү. Эгерде байыркы (архаикалык) Кытай сөзсүз болбой койбой турган ички ритмдердин натыйжасында кыйрап калган болсо, анда Сыма Цян үчүн өз заманы болгон, биз үчүн Байыркы Кытай болгон, т.а. Хан империясы ошол эле тагдырдан ойт бере алмак эмес. Албетте, Сыма Цян өз өлкөсүнүн кыйрашынын айрым жышааналарын алдын ала айта албады, бирок кыйроонун натыйжасы ал айткандай эле болду.

Ооба, III кылымдагы атуулдук согуш Кытайды биротоло алсыздантты, акыры 312-жылы Теңир алдындагы империя хуннулардын анча коп эмес аскерине жеңилип берди. Көп өтпөй хуннулар Хуан-хэ дарыясынын жээктериндеги илгертеден хандыктарга тиешелүү болуп келген бардык жерлерди да каратып алды. Кытайдын айрым өжөр патриоттору башка уруулар жашаган чет-жакаларга, Янцзы дарыясынын жээктерине өтө качышты, ал эми байыркы кытайлык маданияттын өлүм алдындагы жан талашуусу дагы 250 жылча созулду, т.а. бул мезгил Рим маданияты кыйрап отуруп, өлүмгө жеткен мезгилге караганда эки эсеге узактык кылат. Так ошол учурларда Кытай элинин өз мекенинде көчмөндөр менен тоолуктар, хуннулар, табгачтар, кяндар (тибеттиктер) өз билгенин жасап, өкүмзорлук бийлик жүргүзүштү.

Кытайдын кайрадан жаңыланып өнүгүшү VI кылымда башталды. Кытайдын ультрапатриотторунун жолбашчысы Ян Цзян көчмөн падышалардын укум-тукумдарын талкалап салып, Суй сулалесин негиздеди. Бул өнүгүү орто кылымдардагы Кытайдын "аткан таңы" болсо, манжурлар Миң династиясынын аскерин жана козголоңчу Ли Цзычэн башчылык кылган дыйкан кошуундарын талкалаган XVII кылым анын "каран түнү" болду. Европалык түшүнүгү тар окумуштуулар ошол кезде башталган бул начарлоону Кытайдын туруктуу абалы катары ойлоп, "дымуу" деп атап коюшту. Сыма Цяндын алдын ала айткандары чын болуп чыкты". (Л.Н.Гумилев).

Эмгектеринин кыскача тизмеси[оңдоо]

Пайдаланылган адабият[оңдоо]

  • Кыргыздар. Он томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Учкун, 2004. - Т. 1-10. - ISBN 9967-413-89-1.
  • Кыpгызы: Источники. Истоpия. Этногpафия / Сост.: Омуркул Каpаев, Кенеш Жусупов. — Бишкек: Шам, 1996. — 620 с. (Фонд «Соpос—Кыpгызстан»). ISBN 5-7499-0042-8.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.

ISBN 5-89750-028-2

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]