Мазмунга өтүү

Тыва

Википедия дан
Тыва Республикасы‎»‎ барагынан багытталды)

Тыва Республикасы (Тывача “Тыва Республика”, орусча “Респу́блика Тыва́ (Тува́)” — Орусия Федерациясынын курамындагы жумурият. Тыванын Башмыйзамы боюнча — демократиялык, укуктук Орусия Федерациясы менен бириккен мамлекет. Бул жумурият Чыгыш Сибирдин түштүгүндө жайгашкан.

Аянты - 170,5 миң км². 17 райондон жана 2 шаардан турат. Калк саны - 310 миң киши (2003). Жумурияттагы түпкү калк – тыва эли.
Тывалардын саны - 198,4 миң (64,3%), экинчи ири улут – орустар 98,8 миң киши (32%). Алардан тышкары хакастар, кыргыздар, украиндер жана башка улуттардын өкүлдөрү бар.
Борбор шаары – Кызыл шаары.

2001-жылы кабыл алынган Башмыйзамга ылайык, Тыва – Орусиядагы федерациялык негизде өзүн-өзү башкарган субъект.

Жумуриятты жалпы калайык тикелей шайлоочу өкмөт башчысы башкарат.

Жогорку мыйзам чыгаруу бийлиги – эки үйдөн турган Улуу Курултай (Хурал).

Жергиликтүү башкаруу органдары Орусия Федерациясынын Башмыйзамынын негизинде түзүлгөн.

Иш кагаздары тыва жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Тыва жумурияты чыгышта жана түштүктө Монголия менен, түндүктө Красноярск крайы менен, түндүк-батышта Хакасия менен, түштүк-чыгышта Бурятия менен жана Иркутск облусу менен, батышта Алтай Республикасы менен чектешет.

Көлөмү — 168,6 миң чарчы чакырым (км²), Орусиянын жалпы аймагындагы көлөмү боюнча 24-орундагы субъект .


Калк саны — 308,5 миң киши (2006), калайык тыгыздыгы — 1,8 адам/1 км² (2006). Шаардагы калк саны: 51,5% (2006).

Калктын улуттук түзүлүшү:

  • Тыва — 77%
  • орустар — 20,1%
  • башкалар — 2,9% .

Башмыйзам — Тыва Республикасынын конституциясы.

Тывадагы "Киндиктик-Кол" (Хиндиктиг-Хол) көлү

Тыва жумуриятынын аймагы Сибир менен Борбордук Азия чөлкөмүнүн ландшафттарының өз ара жуурулушкан жеринде жайгашкан.

Жеринин 82%ын тоо кыркалары (Батыш Саян тоолору) ээлейт.

Жумурияттын батыш жана ортоңку бөлүгүндө Тыва ойдуңу орун алган.

Тыва жергеси пайдалуу кендерге бай: түстүү жана сейрек металлдар, таш көмүр, темир кени, алтын, сымап, ж.б. кендер. Климаты - континенттик.
Кышы суук, узак. Температура – 50 даражалык суукка чейин жетет.
Жайкы мезгили – кыска, кыйла ысык - +40 даражалык ысыкка чейин жетет.
Жылдык жаан-чачын көрсөткүчү ойдуңда 150 – 400 мм, тоолуу аймактарда 400 – 600 мм-ден 800 – 1000 мм-ге чейин жетет.

Тывада 430га жакын көл менен 12 миңден ашуун өзөн бар. Өзөндөрүнүн дээрлик бардыгы Эне-Сай дарыясына куят. Ойдуң жерде айыл чарба өсүмдөктөрү эгилет, ал эми чыгыш тарабы – карагайлуу чытырман токойлорго бай. Аймактын 64%ын токой тилкеси ээлейт.

Тыва аймагында жапайы жан-жаныбарлар менен куштардын ар кыл түрлөрү (булгун, бугу, марал, аюу, ж.б.) мекендейт. Аларды сактап калуу үчүн мамлекеттик эки корук уюштурулган.

Кыскача тарыхый баяндама

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тыва жергесин адамзат тээ эзелтеден, байыркы таш доорунан бери байырлай баштаган.

Б.з.ч. 7-3-кылымдарда бул аймакта мал чарбачылыгы жана металл өндүрүү жолго коюлган.

Б.з.ч. 3-кылымдын соңунан б.з. 1-кылымга чейин бул аймак кубаттуу Хун мамлекетинин курамында болгон.

Тыва аймагы 6-8-кылымдарда Улуу Түрк, Чыгыш Түрк каганаттарынын курамына кирген. Кийинчерээк – Уйгур кагандыгы, 9-12-кылымдарда – Кыргыз кагандыгы (анын ичинде Улуу Кыргыз кагандыгы) бийлеп турган.

13-кылымдын башында Тыва Чыңгыз-хандын мамлекетине каратылган. Орто кылымдардын кеч мезгилинде аймак монгол Алтын-хандарына, Сибирдеги Кыргыз улусуна, Жуңгар хандыгына, 1758-1912-жылдары – цин-манжурлардын Кытайдагы Цин сулалесине баш ийип турган.

Алтын-хандар жана ойроттор бийлеген маалдан тартып бутпарас (буддизм) дини күч менен киргизилген.

1914-жылдан тартып Уранхай аймагы деген аталышта падышалык Орусиянын көзөмөлү астында калган же бул жакка Транссибир темир жолунун бир бутагы курула баштаган.

1917-жылкы ыңкылаптардан соң аймак атуулдук согуш аймагына (1918-1921) айланган.

1920-жылы 14-августта Танну-Тува Элдик Республикасы («танну» - «тоолуу» деген маанини берет) түзүлгөн.

1926-жылы анын аталышы Тува Элдик Республикасы болуп өзгөргөн.

1944-жылы 13-октябрда Тува Элдик Республикасы сталиндик СССРге автономдук облус макамы менен бириктирилген (ошол жылы 17-августта Тува Элдик Республикасынын Кичи Хуралынын атынан СССРге «ыктыярдуу кошулуу ниети камтылган кайрылуу» жолдонгон).

1961-жылы 10-октябрда Тыва (ал кездеги Тува) РСФСРдин курамындагы Тува АССРи болуп кайра түзүлгөн.

1989-жылдан тартып Тывада түпкү элдин улуттук маданиятын сактоо жана эне тилин аймактагы мамлекеттик тил макамына жеткирүү мүдөөлөрүн көздөгөн коомдук кыймыл уюшулган.

1990-жылы Тыва жумурияты Орусиянын курамындагы Тыва (Тува) Республикасы болуп жарыяланган.

1990-жылы октябрда Тува АССРинин жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Түрагасы болуп белгилүү окумуштуу, улутчул саясатчы Каадыр-оол Алексеевич Бичелдей шайланган.

1990-жылы Тыва АССРинин парламенти «Тува АССРиндеги тилдер тууралуу» мыйзамды кабыл алып, ага ылайык тыва тилинин кош мамлекеттик тилдин бири катары расмий макамы тастыкталган.

1994-жылы Бичелдей мырза Орусия Федерациясынын курамындагы Тыва Республикасынын Жогорку Хуралынын Төрагасы болуп шайланган (1998-жылга чейин ушул кызматты аркалаган).

Тыванын экономикасы негизинен айыл чарбасы жана чийкизат өндүрүү менен байланышкан. Жердин болгону 23 пайызы гана дыйканчылыкка жарамдуу. Эгин эгилет.

Тывадагы элеттик башкы чарба – мал чарбачылыгы. Кой жана бодо мал багылат.

Аңчылык да илгертеден сакталып келет.

Түстүү металлдардан таш көмүр, алтын казылат.

Жеңил өнөр жайынын тармактары жана курулуш материалдарын өндүрүү да олуттуу мааниге ээ.

Тыва Республикасынын 2011-жылы кабыл алынган Гимни

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гимндин тыва тилиндеги тексти

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мен — тыва мен

Арт-арттың оваазынга
Дажын салып чалбарган
Таңды, Саян ыдыынга
Агын өргээн тыва мен.

Кожумаа:

Мен — тыва мен
Мөңге харлыг дагның оглу мен.
Мен — тыва мен,
Мөңгүн суглуг чурттуң төлу мен.

Өгбелерим чурттунда
Өлчей тарып иженген,
Өткүт хөөмей ырынга
Өөрүп таалан тыва мен.

Кожумаа:

Мен — тыва мен,
Мөңге харлыг дагның оглу мен.
Мен — тыва мен,
Мөңгүн суглуг чурттуң төлу мен.

Аймак чоннар бүлези
Акы-дуңма найыралдыг,
Депшилгеже чүткүлдүг
Демниг чурттуг тыва мен.

Кожумаа:

Мен — тыва мен,
Мөңге харлыг дагның оглу мен.
Мен — тыва мен,
Мөңгүн суглуг чурттуң төлу мен.

Гимндин эркин котормосу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мен — тывалыкмын

Ыйык белдеги (арт) үйүлгөн мазар таштарга
Ташын коюп Теңирге жалбарган,
Таңды, Саян чокуларына
Ак чачып табынган тывалык - менмин.

Кайырма:
Мен — тывалыкмын,
Түбөлүк мөңгүлүү тоонун уулумун,
Мен— тывалыкмын,
Күмүш суулуу журттун кызымын.

Бабаларымдын журтунда,
Бакка жип байлап ишенген,
Көмөкөйдүн коңур ырына
Көңүлү түшкөн тыва – мен!

Кайырма.

Аймактагы элдер бүлөсү
Ага-инидей байыр алдык.
Алга бирге жүткүндүк,
Бирдиктүү журттуу тыва – мен!

Кайырма.

"Мен - тывалыкмын" (2011-ж. кабыл алынган гимн)

Гимндин текстин жазган акын - Окей Шанагаш.
Гимндин обонунун ээси - Кантомур Сарыглар.
(Т.Чоротегиндин кыргызча эркин котормосу).


Айтмакчы, “Кедр жаңгагына (тоорукка) толгон токоюм” (тывача «Тооруктуг долгай таңдым») деген элдик ыр 1993—2011-жылдары Тыва Республикасынын Гимни катары кызмат аткарган. Сөзү жана обону элдик болгон бул ырды Аяна Монгуш иштеп чыккан болчу.

Тыва тили тууралуу тывача ыр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Эң-не дээди эртиневис! (“Эң бир улук байлыгыбыз!”)

Эртинелер бисте элбек,
Эргек базып, санап четпес.
Эң-не дээди тостуң бири-
Эргим тыва дылывыс бо.

Тыва дылга өртек турбас,
Тыныжывыс,тынывыс ол.
Тываларны тыва кылган
Тывызыксыг хуулгаазын ол.

“Тыва” деп дыл турбаан болза,
Тывалар-даа турбас ийик.
“Тыва” деп чурт, тыва бижик
Тывылбас-даа турган ийик.

“Эртине” дээр сөс-даа база
Ээн черден төрүттүнмээн.
Эртинелер аттары-даа,
Элеп читпес тыва дыл бо.

Ырлаар, бижиир, чугаалажыр,
Ынакшыжар чепсээвис бо.
Херек болза, дайызынны-даа
Хере шааптар докпаавыс бо.

Ол чок болза,хөөмей-сыгыт
Ораннарга чаңгыланмас.
Эргим тыва дылывыс ам-
Эң-не Дээди Эртиневис!

(Автору - Чооду Кара-Күске).

Кыскача адабият тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Иллюстрированная этнография Тувы [Текст] / Ред., сост. В. Г. Чернышёва. - Абакан : ООО "Кооператив "Журналист", 2009. - 96 с. : цв.ил.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. – Фрунзе. – 6-том.
  • Қазақ Энциклопедиясы. Алматы. – 8-том.
  • Зову всех мыслить: (К 60-летию Каадыр-оола Алексеевича Бичелдея) / Редколлегия: М.М.Харунова, и др. – Кызыл: Журналист, 2010. – 42 с.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (ISBN 5-89750-028-2).
  • Вайнштейн С.И.,. Дьяконова В.П. Памятники в могильнике Кокэль конца I тыс. до н.э. — первых веков н.э. // Труды ТКАЭЭ. - Т. II. - М.-Л.: 1966. - С. 185-291.
  • Археологические открытия 1965 года. - М.: 1966. - 200 с. (Разделы Красноярской и Саяно-Тувинской экспедиций.)
  • Археология и не только... К 30-летию Сибирской археологической экспедиции ЛДП. - СПб: АОС, 2002. - 520 с.
  • Бичурин Н.Я. 1950, 1953 : Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. - М.-Л.: Т. I. 1950. 382 с.; Т. II. 1950. 334 с. Т. III. 1953. 328 с. + вклейка и вкладка.
  • Бернштам А.Н. 1946 : Социально-экономический строй орхоно-енисейских тюрок VI-VIII вв. - М.-Л.: 1946. - 210 с.
  • Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. 2000 : История енисейских кыргызов. - Абакан: Изд-во ХГУ им. Н.Ф. Катанова, 2000. - 272 с.
  • Вадецкая Э.Б. 1999 : Таштыкская эпоха в древней истории Сибири. - СПб: Петербургское востоковедение. 1999. - 440 с. (Archaeologica Petropolitana, VII).
  • Грач А.Д. Древнетюркские изваяния Тувы. По материалам исследований 1953-1960 гг. - М.: 1961.
  • История Тувы. Т. I. В 2 т. — 2-е изд., перераб. и доп. / Под общ. ред. С.И. Вайнштейна, М.Х. Маннай-оола. - Новосибирск: 2001. - 367с.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]