Кызыл

Википедия дан
Кызыл шаары‎»‎ барагынан багытталды)
Кызыл шаары.

Кызыл шаары (1918-ж. чейин Белоцарск, 1926-ж. чейин Xем-Белдыр) — Тува Республикасынын борбору. Россиядагы шаар. Чоң Енисей (Бий-Хем) менен Кичи Енисей (Ка-Хем) кошулган жерде, Азиянын географиялык борборунда жайгашкан. Усинск трактынын акыркы пункту. Калкы 108,3 миң (2009). Аэропорту бар.

1914-ж. негизделген. Автомобилдердин атайын жабдууларын чыгаруучу завод, жеңил, тамак-аш, жыгаччылык өнөр жай, алтын казып алуучу ишканалар («Тывазолото», «Эми») иштейт. Шаарга жакын жерден көмүр казылып алынат. Университеттер, «Хоомей» эл аралык илимий борбору, Россия иАнын Сибирь бөлүмүнүн филиалы, край таануу музейи, педагогикалык институт, Красноярск агрардык университетинин, политехникалык институттун филиалдары, Тува тил, тарых жана адабият ИИИлери, драма театры, филармония, музей бар. «Азиянын борбору» обелиски орнотулган (К. Азиянын географиялык борбору болуп эсептелет).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]