Ямал-Ненец автономиялуу округу

Википедия дан
Ямал-Ненец автономиялуу округу.

Ямал-Ненец автономиялуу округу - РФтеги субьект. Тюмень областында.

Курамына Урал федерация округу да кирет. Округ 1930-ж. 10-декабрда уюштурулган. Аянты 750,3 миң км2. Калкы 539,6 миң (2014). Калкын негизинен орустар түзөт, ошондой эле украин, татар, ненец, ханты жана комилер да бар. Адм.-айм. жактан 7 районго, 8 шаарга, 5 шаарчага бөлүнөт. Шаар калкы 84,5%. Адм. борбору - Салехард ш. Округ 1930-ж. 10-декабрда Ямал-ненец улуттук округу болуп түзүлгөн. Ал Урал (1930-34), Обь-Иртыш (1934), Омск (1934-44) жана Тюмень областынын курамына кирген. 1977-жылдан азыркыдай аталат. 1993-жылдан РФтин толук кандуу субъектиси. Батыш Сибирь түздүгүнүн эң түндүгүндө, бир аз бөлүгү түндүк уюл тегерегинде жайгашкан. Түндүгүн Кара (Карск) деңизи чулгайт. Аймагынын көп бөлүгү Кара деңизинин Обь, Таз колтуктарын бөлүп турган Ямал, Таз, Гыда жарым аралынан турат. Батышын уюлдук Уралдын (бийиктиги 1499 м, Пайер чокусу) чыгыш капталы ээлейт. Кара деңиздеги Ак, Бугулуу, Шокальский ж. б. аралдары да кирет. Климаты катаал, кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -22°Сдан -26°Сге чейин, июлдуку 4-14°С. Жылдык жаанчачыны 200-400 мм. Көп жылдык тоң кеңири таралган.

Ири дарыялары: Обь, Таз, Пур, Надым. Көл, саз көп. Округдун түндүгүндө глейлүү тундра, саз топурагы, түштүгүндө глейлүү күл, күл-саз топурагы басымдуу. Аймагынын көп бөлүгүн тундра жана токойлуу тундра ээлейт. Түштүгүндө жана дарыя бойлорунда токой (сибирь кызыл карагайы, карагай, бал карагай) өсөт. Экономикасынын негизин газ жана нефть өндүрүүтүзөт. 2011-ж. 35,9 млн нефть өндүрүлгөн. Бул округда өндүрүлгөн нефтинин 7,1% ин түзөт. Башкы нефть өндүрүү ишканасы «Газпром нефть» компаниясы. 2009-ж. 431,9 млн м3 жаратылыш газы өндүрүлгөн. Балык, жыгаччылык өнөр жай, бугу, жапайы айбанаттар чарбасы өнүккөн. Обь, Надым, Таз д. жана Түндүк деңиз жолу аркылуу кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4