Адыгэ Республикасы

Википедия дан

Адыгэ Республикасы - Орусия Федерациясынын курамында. Түндүк Кавказда, Лаба жана Кубань дарыясынын боюнда жайгашкан. Бардык жагынан Краснодар крайы менен чектешет. Аянты 7,6 миң км2. Калкы 444,5 миң (2003). Борбору - Майкоп шаары. Административдик-аймагы жактан 7 районго, 2 шаарга (Майкоп, Адыгейск), 5 шаарчага бөлүнөт.

Адыгэ Республикасы
Желек

Брасан
Адыгэ Республикасы.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекетти башкаруу жана аткаруу бийлиги президентке таандык. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы - Мамлекеттик кеңеш. Республиканын хасэси (парламент) 2 палатадан (Өкүлдөр кеңеши жана Республикалык кеңеш) турат. Министрлер кабинети - мамлекеттик бийликти аткаруу органы. Президент премьер-министрди мамлекеттин кеңештин макулдугу менен дайындайт. Республиканын түндүгү Кубань бою түздүгүндө, түштүгү Чоң Кавказдын капталдарында жайгашкан. Жеринин бетинин бийиктиги 3238 мге чейин (Чугуш чокусу). Нефть жана газ (Майкоптун айланасынан), курулуш материалдары, фосфорит (запасы 180 миң о) казылып алынат. Минералдык булактары бар. Климаты мелүүн континенттик, жылуу жана нымдуу. Январдын орточо температурасы -2,4°С, июлдуку 22,2°С. Жылдык жаанчачыны 700 мм (эң көбү апрелден декабрга чейин). Аязсыз мезгили 180 күн. Ири дарыялары: Кубань (куймасы Лаба менен), Ак (Фишт шаркыратмасы бар), Чехрак, Фарс, Пшиш, Псекупс ж. б. Дарыялардын агымын жөнгө салуу иретинде суусактагычтар (Краснодар, Тщикск, Шапсугск, Октябрь) курулган. Кээ бир дарыяларынын төмөнкү агымында сал агызылат. Кара топурак басымдуу келип, аймагын эмен, бук, граб, зараң, акчечек ж. б. жазы жалбырактуу токой ээлеп жатат. Жапайы мөмө-жемиш, дарыдармек, эфир-май өсүмдүктөрү көп. Тоолорунда бийиктеген сайын жазы жалбырактуу токой ийне жалбырактуу токой (көк карагай, карагай, кызыл карагай) менен алмашат. Аймагынын 40% ин токой ээлейт.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги калкы адыгэлер, ошондой эле орус, күрд, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники 62,6, аялдарыныкы - 75,2 жаш. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 58,5 киши. Шаар калкы 53,7%. Шаарлары: Майкоп, Адыгейск. Адыгэде Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген Кавказ коругунун тоо жак бөлүгү жайгашкан.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табияты жашоого, эс алууга жана айыл чарба тармагы үчүн да жагымдуу. Экологиялык абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адыгэнин аймагында адамдар төмөнкү палеолит доорунан эле мекендегенин археологиялык табылгалар тастыктайт. Биздин заманга чейин 7-кылымда меоттор маданиятынын калыптанышы аяктаган. Бул мезгилге таандык көрүстөндөрдөн (Хажох, Уашхиту, Келермес) меот урууларынын скифтердин жүрүштөрүнө катышкандыгын далилдеген арабалар, асем буюмдар арбын табылган. Биздин заманга чейин 3-кылымдан башталган сарматтардын таасири биздин заманга чейин 1-кылымда өзгөчө күчөгөн. Меот-сармат мезгилине таандык сепилдери бар шаар калдыктары (Тахтамукаевский, Ассоколайский ж.б.), көрүстөндөр (Чернышевский, Серегинский), бай коргондор (Хатажукай, Кончукохабль ж.б.) белгилүү. 6-кылымдын аяк ченинен 630-ж. чейин Адыгэ Түрк кагандыгынын, 8-9-кылымда Хазар кагандыгынын карамагында болгон. 1238-39-ж. Адыгэ аймагын моңголдор каратып алган. 13-кылымдын 2-жарымынан 15-кылымдын 2-жарымына чейин Адыгэнин маданий-тарыхый өнүгүүсүнө Кара деңиз жээктериндеги генуэлик шаар-колониялардын таасири зор болгон. 14-15-кылымда адыгэлердин Түндүк Кавказдын борбордук бөлүгүнө чачырап жайгашуусу башталган. Алар ушундан улам бир нече этностук топторго бөлүнүп, натыйжада кийин кабарда, черкес жана адыгэ элдеринин калыптанышына негиз түзгөн. 16-18-кылымда буларга каршы Осмон империясы, Крым хандыгы согуш жүргүзүп, адыгдар орус мамлекетинен жардам суроого мажбур болушкан. 1552-57-ж. Москвага бир нече адыгэ элчилери келип, ушул мезгилден алар Россиянын курамына кошулушкан. 1860-ж. Кавказ согушунун натыйжасында (1817-64) Осмон империясына караштуу жерлерге адыгэлерди массалык түрдө көчүрүү башталып, Россия империясында алардын 5%и гана калган. Алар Кубань облусунун аймагында жашаган. 1917-22-ж. Граждандык согуштун жүрүшүндө адыгэлердин көпчүлүгү Түркия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жер которушкан. 27. 7. 1922-ж. БРБАКтын декрети менен Черкес (Адыгэ) Автономия облусу түзүлгөн, ошол эле жылы 24-августта Адыгэ (Черкес) Автономия облусу, 13. 8. 1928ж. Адыгэ Автономия облусу деп аталган. Борбору Краснодар шаары болгон, 1936-жылдан Майкоп шаары, 1991-жылдан РСФСРдин курамында Адыгэ Советтик Социалисттик Республикасы, 1992-жылдан Адыгэ Республикасы деп аталат.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адыгэ Түндүн-Кавказ экономикалык районуна кирет. Россия Федерациясындагы жүзүм шарабын (жылына 2020 миң дал, 6-орун), курулуш жыгачтарын (36,8 миң м3, 7-орун) даярдоо, картон (51,7 миң о, 9-орун), кумшекер (49,8 миң о, 15-орун), жашылча ширелерин жана жемиш консерваларын өндүрүү боюнча өзгөчөлөнөт. Өнөр жайы негизинен Майкопто жайгашкан. Тамак-аш (спирт, кант заводдору, кондитер фабрикасы, консерва комбинаты), жыгач даярдоо, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз («Майкопмебель», «Дружба», «Картонтара» ж. б.), машина куруу, металл иштетүү, курулуш материалдар өнөр жайы бар. Дан эгиндери, рапс, күнкарама, канткызылча, тамеки, эфир-май, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, багбанчылык өнүккөн. Малы жайытта багылат. Бодо мал (этсүт багытында), чочко, кой, эчки, жылкы асыралат. Үй куштары багылат. Аарычылык да өнүккөн. Өлкөдөгү эң ири диеталык эт даярдоочу (күрп) фабрика (Майкопто) иштейт. Автомобиль жолунун узундугу 1,5 миң км (асфальтталган), темир жолунуку 148 км (2002). Майкоп - Усть-Лабинск, Майкоп - Туапсе, Майкоп - Армавир газ кууру, аэропорт бар.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адыгэде 124 мекеме, 188 жалпы билим берүүчү мектеп, 6 кесиптик-техникалык окуу жайы, 2 ЖОЖ, 150 китепкана, 28 музей иштейт. 20 гезит басылып чыгарылат. Телекөрсөтүү эки тилде (адыгэ, орус) көрсөтүлөт. Филармония, драма театр бар. Жыл сайын фестивалдар (Майкоп) жана казак-орус маданиятынын күндөрү өткөрүлүп турат. 1936-ж. Майкопто орус драма театры, 1937-ж. Адыгэ колхоз-совхоз театры уюшулган. 1941ж. эки театр биригип, А.С. Пушкин атындагы театрын (облустук драма театрдын курамында) түзгөн. 2000-жылдан өз алдынча эки театрга - Адыгэ драма театры, А.С. Пушкин атындагы орус драма театрына бөлүнгөн. 1936-жылдан мамлекеттик академия «Нальмес» бий ансамбли, 1991-жылдан «Исламей» мамлекеттик ыр-бий ансамбли, 1993-жылдан Камералык музыкалык театр иштейт. 2001-ж. Россия академия искусство театрынын филиалы ачылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1