Краснодар

Краснодар (1920-жылга чейин Екатеринодар) — Россия Федерациясындагы шаар. Краснодар крайынын административдик борбору. Кубань дарыясынын боюнда. Чеп катары 1793-ж. негизделген. Калкы — 1 154 885 адам (2025)[1]. Краснодар – Россиянын түштүгүндөгү илим менен билимдин ири очогу. Илим изилдөө институттары, университеттер (анын ичинде Кубань университети), институттар, китепканалар, театрлар, цирк, тарыхый-археологиялык, сүрөт музейлери бар.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Улуу Ата Мекендик согуштан кийин шаар кайрадан курулуп, оңдолгон. Чиркөөлөр, соборлор ж. б. архитектуралык эстеликтер сакталган. Кубань казак-орус аскерлеринин 200 жылдыгына обелиск, Екатерина IIге, генерал Л. Г. Корниловго эстеликтер тургузулган.
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Темир жол бекети. Краснодар — өнөр-жайлуу ири борбор. Машина куруу (станок, радио жана электр ченегич приборлор, компрессорлор, айыл-чарба машиналары), нефть ажыратуу, химиялык (резина-техникалык өндүрүшү өнүккөн), жеңил (кебез-кездеме, камвол-нооту комбинаты, булгаары заводу), тамак-аш (май, майонез, ар кандай татымалдар, сыр, эт), жыгаччылык өнөр-жай ишканалары жана витамин, биохимиялык дары-дармектер, парфюмерия-косметика өндүрүшү, фарфор-фаянс заводу иштейт. Туризм үчүн чана (үйлөнмө), суу аттракциондору, бассейндер, рафт чыгарылат.
Маданият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эл аралык куурчак театр (1997-жылдан), кино (2005-жылдан) фестивалдары өткөрүлүп турат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Численность постоянного населения Российской Федерации по муниципальным образованиям на 1 января 2025 года (орусча). Текшерилген күнү 10 -ноябрь (жетинин айы) 2025.
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Krasnodar Викиказынада |
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
- Краснодар (орусча). Текшерилген күнү 10 -ноябрь (жетинин айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 4 -август (баш оона) 2018.