Кубань (дарыя)

Википедия дан
Кубань‎»‎ барагынан багытталды)
Кубань
Кубань (Краснодар)
Кубань (Краснодар)
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 06020000112108000001090
Кубань.

Кубань – Ставрополь жана Краснодар крайлары аркылуу аккан дарыя. Узундугу 870 км, алабынын аянты 57,9 миң км2. Эльбрустан башталган Уллукам жана Үч-Кулан дарыясынын кошулушунан түзүлөт. Невинномысск шаарынан төмөн КубаньАзов бою ойдуңуна чыгат. Азов деңизинин Темрюк булуңуна куярда дельтаны пайда кылат (аянты 4,3 миң км2). Негизги куймалары: Кичи Зеленчук, Чоң Зеленчук, Уруп, Лаба, Ак, Пшиш (сол). Суусунун орточо чыгымы Краснодар шаары тушта 393 м3/сек. Жайында суусу кирет. Жылына 7 млн т шиленди агызып келет. Лабанын чатынан баштап кеме жүрөт; жогорку бөлүгүндө сал агызылат. Кубанда Краснодар суу сактагычы курулган. Суусунун жарымы Невинномысск сугат каналы аркылуу Егорлык дарыясына (Дондун алабы) кошулат. Дельтасында балык өндүрүшү (судак, кара деңиз чабагы, осётр сымалдар ж. б.) бар. Боюнда Карачаевск, Черкесск, Невинномысск, Армавир, Новокубанск, Кропоткин, Усть-Лабинск, Краснодар шаары, дельтасында Темрюк деңиз порту жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]