Ханты-Манси автономия округу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ханты-Манси автономия округу - югра - РФтеги субъект.

1930-жылдын 10-декабрында уюшулган. Тюмень облусунун курамына кирет. Батыш Сибирде, Обь жана Иртыш д-н бойлой деңиз деңгээлинен 301 м бийиктикте жайгашып, Батыш-Сибирь түздүгүнүн борбордук бөлүгүн ээлейт. Аянты 523,1 миң кмг. Калкы 1,6 млн (2015); негизинен орустар менен украиндер. Ошондой эле татар, башкырт, беларус жана жергиликтүү калктар (ханты, манси, токойдо жашаган ненецтер) да бар. Орточо жыштыгы 1 км2ге 3,02 киши туура келет. Динге ишенгендеринин көбү православныйлар (52 диний уюму бар). Протестанттар (40), мусулмандар (24) да бар. Борбору - Ханты-Мансийск ш. Шаар калкы 90,9%.

Ири шаарлары: Сургут, Нижневартовек, Нефтеюганск, Нягань, Когалым, Мегион, Радужный, Лангепас, Урай жана Пыть-Ях. Урал федерация округунун курамына кирет. Аткаруу бийлигинин органдар системасы 1995-ж. кабыл алынган Х.-М. а. о-нун уставы аркылуу аныкталат. Табияты адамдардын жашоо шартына орточо жагымдуу. Экол. абалы нефть казылып алынган аймактарда курч. Атм., суу жана топурагы химиялык заттар жана нефть менен булганууда. Токойлору деградацияга учурап, өрттүн жана токойдун кыйылышынан такырланууда. Табигый ландшафтын калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Климаты мелүүн континенттик. Кышы катаал, узакка созулат. Январдын орточо температурасы - 18°Сден -23°Ска чейин, июлдуку 16-19°С. Жылдык жаан-чачыны 500 мм.

Негизги дарыясы - Обь, Иртыш, саздар жана көлдөр көп. Чым көнсаздуу жана күл топурагы басымдуу. Түндүгүнө тундра мүнөздүү. Негизги кен байлыгы нефть менен газ. Чачыранды алтын, кварц, темир кенташы, жез, цинк, коргошун, ниобий, тантал жана ачык жол менен күрөң жана таш көмүр казылып алынат. Кооздочу таштар, кыш-керамзит ылайы, курулуш куму иштетилүүдө. Минералдуу суулардын (йод-бром) жана жыгачтын (аймагынын 52% ин токой ээлейт) запасы мол. Округ РФтин негизги нефть казып алуучу аймагы. Региондун дүң продукциясында өнөр жайдын үлүшү 53,6%.

Негизги тармактары: нефть-газ казып алуу (ири ишканалары: «Сургутнефтегаз» ААКсы, «ЛУКойл - Западная Сибирь» ЖЧКсы ж. б), электрэнергетика, машина куруу, металл иштетүү. Округдун табигый шарты айыл чарбанын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып келүүдө. Мал чарбачылыгы салыштырмалуу (а. и. бугучулук, сүт багытындагы уй, үй куштары), териси баалуу айбанаттарды багуу чарбасы (калтар жана сары түлкү, куну) өнүккөн. Балык кармалып, деңиз азыктары беленделет. Ири ишканалары: «Сибирская рыба» АКсы, «Октябрьский рыбзавод» МУП. Картөшкө айдалат. Жашылча-бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Автомобиль жолунун уз. (км менен) 1972,3 (а. и. 1545,95и асфальтталган), кеменики 5,7 миң, магистралдык куур транспортунуку 9 миңден ашык.

Ири т. ж. түйүндөрү: Сургут, Нижневартовск, Пыть-Ях, Нягань. Сургут т. ж. көпүрөсү Россиянын Азия бөлүгүндөгү эн чону. Округдун аймагы аркылуу 2 автомомбиль коридору «Северный маршрут» (Пермь - Серов - Ивдель - Ханты-Мансийск - Нефтеюганск - Сургут - Нижневартовск - Томск) жана «Сибирский коридор» (Тюмень - Сургут - Новый Уренгой - Надым - Салехард) өтөт. Обь, Иртыш д-нда кеме жүрөт. Маанилүү порттору: ХантыМансийск, Сургут. Округда 12 аэропорт (а. и. Зөө эл аралык) бар. Ханты-Манси автономия округунун аймагы аркылуу нефть жана газ куурларынын түйүндөрү өтөт. Жалпы билим берүүчү 443, башталгыч жана орто билим берүүчү 35 окуу жайы, 53 ЖОЖ (филиалдары менен) бар. Үч театр, 37 музей (а. и. В. А. Игошевдин үй-музейи), китепканалар иштейт. Кичи Соеьва коругу уюшулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4