Калмакстан

Википедия дан

Калмакстан, Калмыкия, Калмак Республикасы (кал. Хальмг Таңһч) Орусиянын акимий субъектиси. Орусиянын Европа бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкан. Түштүк-чыгышынан Каспий деңизи менен чулганат.

Орусиянын картасында жайгашкан Калмакстандын картасы, борбору Элиста шаары.

Мамлекеттүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Калмак Өзэркин Облусу
  • Калмак Району
  • Калмак Өзэркин Кеңештик Социалисттик Республикасы

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 74,7 миң км2. Калкы 287,2 миң (2007); анын негизин калмактар (45,4%), орустар (37,7), даргиндер (4,0), ошондой эле казактар, немистер түзөт. Христиан (православ, протестант), буддизм жана ислам (мусулман) диндерин тутат. Борбору — Элиста шаары.

Калмакстан.

Административдик-аймактык бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

13 районго, 3 шаарга бөлүнөт. Шаар калкы 44,2%. Ири шаарлары: Лагань,Городовиковск. Түштүк Федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы Калмак Республикасынын конституциясы тарабынан аныкталат. Закон чыгаруучу жогорку органы — Улуттук хурал (5 жылда бир шайланат; 27 депутаттан турат). Мамлекеттик башчысы — президент.

Калмакстан 1720

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Республиканын табияты калктын жашоосу үчүн орточо ыңгайлуу. Шамалдын натыйжасында топурак эрозиясы пайда болуп, мал жаюуда тоо-токойлору деградацияга учурап, сугарууда топурактын шордонуусу экологиялык абалды өтө курчутууда. Калмакстан Каспий бою ойдуңунун батыш бөлүгүн, Ерген дөңсөөсүн жана Кума-Маныч ойдуңун ээлейт. Климаты кескин континенттик. Жайы ысык жа өтө кургак (120 күнгө чейин созулуп, чаң бороондору болуп турат), кышында кар аз жаайт. Январдын Орточо температурасы —5˚С (түштүгүндө), —11˚С (түндүгүндө), июлдуку 23,5-25,5 ˚С ; жылдык жаан-чачыны 180—210 мм. Ички сууларга жарды. Түндүк-чыгышынан Волга (12 км), түштүгүнөн Кума дарыясынын бир аз бөлүгү өтөт. Майда туздуу көлдөр жана лимандар бар. Калкты суу менен камсыз кылуу үчүн 283 көлмө жана суу сактагыч курулган (жалпы көлөмү 50 млн м3). Талаа, жарым чөл жана чөл зонасында жайгашкан. Карбонаттуу кара топуракта шыбак-баялыштуу ар түрдүү өсүмдүктөр өсөт. Флорасында 900дөн ашык эндемиктер (анын ичинен 100гө жакыны дары-дармек өсүмдүктөрү) кездешет.

Калыптанышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул аймакка калмактар 16-кылымдын аягы — 17-кылымда эле отурукташа баштаган. 17-кылымдын 2-жарымынан 1771-жылы чейин Калмак хандыгы. 17— 18-кылымда Россия империясынын курамында болгон. 1920-жылы Калмак АОсу түзүлүп, ал 1935-жылы АССР болгон. 1943-жылы автономиясы жоюлуп, калкы департацияланган. 1957-жылы автономиясы калыбына келтирилген (1958-жылга чейин Калмак АОсу). 1993-жылы 11-апрелде республиканын алгачкы презинденти шайланып, 1994-жылы 5апрелде конституциясы кабыл алынып, учурдагы аталышы бекитилген.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикасынын негизин айыл чарба түзөт. Жүн өндүрүү боюнча Россияда 3-орунда (7,3%). Региондук дүң продукциясынын көлөмү 11820,3 млн рубль. Андагы айыл чарбанын үлүшү 9,1%, өнөр жайдыкы 7,8%. Өнөр жайынын негизги тармагы — отун (28,2%; 9 газ жана нефть кендери иштетилет). Ал кендерди иштетүүгө лицензия алган ишканалар: «ЛУКОЙЛ-Астрахань-морнефть», «Оникс Плюс», «Кавказтрансгаз» жоопкерчилиги чектелген АКтар, «Калмнефть», «Калмгаз», «Калмыцкая нефтегазовая компания» ААК, «Калмпетрол» ЖАК жана башка. Ошондой эле тамак-аш (сүт-эт, консерва, балык), жеңил (тигүү, трикотаж, мех), машина куруу, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Жаратылыш газы, нефть, курулуш материалдары (кум, чопо, үлүлташ), калий, таш тузу жана доломит казылып алынат. Жер астынан (ичүүгө жарамдуу жана минералдуу) суулар чыгат. Агын суулары балыкка бай. Ички көлмөлөрүнүн аянты 50 миң га (анын ичинен балык промыселиники 30 миң га). Айыл чарбасынын негизги тармагы мал чарбасы (жайытта багылма бодо мал, уяң жүндүү кой). Айрым райондорунда жылкы жана төө асыралат. Айыл чарбага жарактуу жери 4202,4 миң га (жер фондусунун 55,2%и), анын ичинен айдоо аянты 15,9%, 303,1 миң гасына дан эгиндери (76,7%), тоют өсүмдүктөрү (14,7%) өстүрүлөт. Жашылчачылык, бакчачылык жана элдик искусствосунун салттуу түрлөрү — жыгачты бедерлөө, булгаарыга наар түшүрүү, сайма саюу, күмүштү сыялоо өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]