Калмак тили

Википедия дан

Калмак тиликалмактардын тили. Моңгол тилдеринин тобуна кирет. Ал торгут, дербет жана бузав айтымдарына бөлүнөт. Калмак тили Астрахань, Ростов, Волгоград облустарына, Ставрополь крайына тараган. Калмак тилине кыска жана созулма үндүүлөр мүнөздүү, 8 жөндөмөсү бар. Калмактар 17-кылымдын ортосуна чейин моңголдордун тик (вертикаль) жазуусун пайдаланышкан, 1648-жылы ал зая-пандит жазуусу менен алмашкан. 1924-жылы орус алфавити киргизилген. 1931—38-жылы латын алфавити колдонулган. 1938-жылдан кайра орус алфавитине өткөн. 1992-жылдан калмак тили орус тили менен катар мамлекеттик тил болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]