Мазмунга өтүү

Ингушстан

Википедия дан

Иңгушстан, Иңгушстан Республикасы(иңг. Гӏалгӏайче) Россиянын европалык бөлүгүнүн түштүгүндө, Чоң Кавказдын түндүк капталында жайгашкан. Гүржүстан менен чектешет. Түштүк федерация округуна кирет. Аянты 3,6 миң км2. Калкы 492,7 миң (2007); негизинен ингуштар басымдуу (77,3%; 2002), ошондой эле чечендер (20%), орустар (1,2), бир аз санда түрктөр, грузиндер жашайт. Ингушстанда жашаган калктын көпчүлүгү ислам (мусулмандар) динин тутат.

Иңгушстан Республикасы


Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 131,3 киши. Борбору Магас (2000-жылдан); Административдик-айм. жактан 4 районго жана 4 шаарга бөлүнөт. Шаар калкы 42,9%. Шаарлары: Назрань (1999-ж. чейин убактылуу административдик борбор), Малгобек, Кара-Булак. Түштүк Федерация округуна кирет.

Мамлекеттик түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик бийлигинин органдар системасы Ингуш Республикасынын 1994-ж. кабыл алынган конституциясы тарабынан аныкталат. Мамлекет башчысы президент (4 жылга шайланат).

Ингушстан.

Табияты калктын жашоо тиричилигинде ыңгайлуу; топурак эрозиясынан жана булгануусунан экологиялык проблема пайда болууда. Январдын орточо температурасы -3...-10°С, июлдуку 21-23°С. Жылдык жаан-чачыны 1200 мм. Башкы дарыясы Сунжа. Түздүктөрүнө кара, тоолоруна тоотокой жана тоо шалба топурактары мүнөздүү. Жазы жалбырактуу (бук, эмен, чынар) токой басымдуу; андан жогору субальп жана альп өсүмдүктөрү өсөт. Нефть, газ, курулуш материалдары жана өндүрүш үчүн сырьё (мраморлуу акиташ, кыш даярдалчу чопо, доломит, үлүл ташы), минералдуу суулар бар.

Ингуштар жөнүндө 7-кылымдан эскерилет. 9-кылымдын аягы 13-кылымдын башында Ингушстандын аймагы аландар мамлекетине кирген. 1810-ж. өз ыктыярлары менен Россия империясынын, 1921-жылдан Гори АССРинин курамында болгон. 1924-ж. Ингуш АО (РСФСРдин курамында) уюшулган. 1934-ж. Чечен АО менен кошулуп, Чечен-Ингуш АО түзүлгөн (1936-жылдан АССР). 1944-ж. Чечен-Ингуш АССРи жоюлуп, чечендер күч менен чыгарылган. 1958-ж. автономия Республикасы статусу калыбына келтирилген. 1991-ж. Ингушстан Чечен-Ингуш Республикасынын курамында болуп, 1992-ж. Ингуш Республикасы түзүлгөн. Региондук дүң продукциясынын көлөмү 4967,4 млн рублди түзөт; андагы өнөр жайдын үлүшү 16,1% (2001), айыл чарбаныкы 4,3%.

Чечен-Иңгуш ӨССРинин желеги.

Өнөр жайдын негизги тармактары: отун (ири өндүрүшү «Ингушнефтгазпром»), электр-энергетика, тамак-аш (алкоголдуу ичимдиктер, суу май, кондитер азыктары, ун), машина куруу жана металл иштетүү (аспаптар, жол курулуш техникалары жана башкалар). Айыл чарбага жарактуу жери 168,0 миң га (жер фондусунун 46,7%), андан ичкери айдоо аянты 70,5 миң га (57,1%), анын 73,1%ин дан эгиндери, 13,7%ин тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Ошондой эле жүгөрү, буудай, арпа, сулу, кант кызылчасы, күн карама, картөшкө айдалат. Жүзүмчүлүк, бакчылык өнүккөн. Бодо мал, кой (уяң жүндүү), чочко асыралат. Темир жолунун узундугу 39 км, автомобилдики 955,2 км (андан ичкери асфальтталганы 418,5 км). Республиканын аймагы аркылуу Түндүк-Кавказ темир жолунун бир тармагы жана Ростов Баку автомобиль жолу өтөт. Магас жана Ингушетия аэропорттору бар.

Республикада 109 жалпы билим берүүчү (андан ичкери 7 башталгыч) жана атайын орто окуу жайлары, 3 ЖОЖ (андан ичкери 2 мамлекеттик университет филиалдары менен), 4 театр, филармония, 5 музей (андан ичкери Мамлекеттик көркөм сүрөт Кара-Булакта; край таануу Назранда), китепканалар бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]