Чечендер

Википедия дан

Чечен сөздөр – толугу менен фольклордун талабына жооп берүүчү, кырдаалга ылайык айтылгандыгы, курчтугу, таамайлыгы, маанисинин тереңдиги менен айырмаланган, чечен адамдар тарабынан оозеки айтылган сөздөр.

Чечендердин уруулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чечендердин уруулары (тайпалары)

  • Шуотой
  • ЧIебарлой
  • Шарой
  • Орстхой
  • Нохчмахкахой
  • ТIерлой
  • Маьлхий
  • Чlаьнтий
  • Аьккхий
Терлой тайпасынын туусу.

Кыргыз-Чечен мамилелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз элинде Көкөтөй, Акматалы, Тилекмат сыяктуу чечендер болгон. Жээренче чечен сыяктуу адамдардын сүйлөгөн сөздөрү, иш – аракеттери эл ичинде аңызга, уламышка айланып кеткен. Чечен сөздөр көбүнчө табышмак, суроо – жооп иретинде айтылат, бир чеченди экинчиси жеңүү максаты коюлат. Макалдатып, уйкаштырып, мисалдатып, жорго сөзгө салып, сүйлөө чечендик өнөрдүн негизги бөтөнчөлүгү. Мис., “ Үч арсыз, беш кайып – булар эмнелер? “ – деп бир чечен суроо таштаса, анда экинчи чечен минтип чечмелеп берген экен: “ Үч арсыз: уйку – арсыз, күлкү – арсыз, тамак – арсыз; беш кайып: нике – кайып, ажал – кайып, кырсык – кайып, дидар – кайып “. Албетте, мында экинчи чечен жеңип чыгат. Чечендер чыгармачылык бөтөнчөлүгүнө карап кургак чечен, коңур чечен деп ажырымдалган. Тилчи, фольклор жыйноочу Ж. Мукамбаев чечендик өнөрдү аркалаган адамдардын төмөнкүдөй айырмачылыгын белгилейт: ойду так айтышы; ошол оюн учкул, элестүү, көркөм сөздөр, салыштыруулар менен туюнтушу; жай, сабырдуу, олуттуу сүйлөшкөнү, бир айтканын кайра кайталабаганы; ким менен кандай темада, кандай кырдаалда эмне жөнүндө сүйлөп жаткандыгына чоң маани беришкени, кептин багытын ошого карап бурушканы; речь, сүйлөө мүчөлөрүн мыкты башкарышканы, тыбыш жутуу, кекечтенүү үзүп сүйлөө, туттугуу дегендердин болбогондугу; сөз, туюнтма, макал – лакап. Маселени ойго карата, угармандарга жараша мыктылап тандашканы, чар жайыт кеп урушпагандыгы, бул үчүн башкалардан акыл жөндөмүн көбүрөөк жумшашкандыгы; угуп отургандарды жалпы ойго салып, кыялга чумутканы, көпчүлүктү бирдей, жалпы пикирге буруу жагынан устат келишкени; сөз сүйлөөнүн ар кыл ыктарын, жолдорун жакшы билишкени, кайсы учурда кычыткы, азил, кандай учурда тамаша, күлкү, кандай маалда жанытма, кайсы кезде какшык, чымчыма колдонууну жакшы билишкени. Кыскасы, бир сабак жеңил сөздөрдөн тартып, олуттуу мазмундагы санат, накылдарга чейин эркин чабак уруп сүйлөшкөнү; сүйлөгөндө эч кандай жасалма кепке, жазгырма эффектиге түк барышпагандыгы; пикирин аягына чыгара айтпай, ой корутундулоону көп учурда угуучулардын өздөрүнө калтырганы; угармандардын арасында акылман, ойчул адамдар болсо алардын жөндөмүн жогору баалап, ошол эле учурда тигилердин сөзүнө чалынып калбас үчүн өтө кылдаттыкты пайдаланышканы; ойлорун табышмактантып, суроо коюп айткан учурларынын көп болгондугу; чечендер айтышына түшүп, тил кайрышкандыгы, өнөрлөрүн сынашкандыгы; кебинде толгоо мотивинин кеңири орун алгандыгы; тилдеги көп маанилүүлүктү, өтмө маанилүүлүктү, синоним, антоним, антитеза көрүнүштөрүн арбын колдонгондугу, башка коңшу тилдердин сөз байлыктарын кыстара кеткендиги ж.б. Чечендик өнөр азыр басаңдай түштү, бирок деле эл арасында мындай таланттуу инсандар бар.