Салыштыруу

Википедия дан

Салыштыруу — кептин ар кандай түрүндө колдонула берүүчү троптун жөнөкөй түрү. Кандайдыр бир нерсени, көрүнүштү, толук жана дана көрсөтүп берүү үчүн биз аны башка нерсе, көрүнүш менен окшоштурабыз, алардын жалпы белгилерин, окшош жактарын көрө билип, салыштырабыз. Мындай көркөм сөз каражаты салыштыруу деп аталат, көркөм чыгармада ал эстетикалык таасирдүү касиетке ээ болот. Мисалы,

Жаагыңдан чыккан саамайың,
Калтардын тал-тал жүнүндөй.
Салкындап бассаң иреңиң,
Саардагы чолпон жылдыздай.
Кубуласың, сүйлөйсүң,
Куйруктуу сары жылдыздай.
Сунган менен кол жетпейт,
Суу түбүндө кундуздай.
(Коргол Досу уулу)

Салыштыруу негизги төрт элементтин катышынан куралат.

  • 1) окшогон нерсе;
  • 2) окшотулган нерсе;
  • 3) окшош белги;
  • 4) окшоштукка кошумча каражаттар (-дай, -ча мүчөлөрү, сыяктуу, сыңары, окшош, түстүү, бетер, куду, өңдүү деген кошумча кызматчы сөздөр).

Мына ушул төрт элементтин болушу салыштыруу түзүүнүн негизги материалы болуп саналат. Кээде стилдик максатка ылайык мүчөлөр түшүп калып да айтыла берет. Мисалы,

Кашың көөдөй, чачың көмүр, көзүң от,
Көрбөй калсам көңүл чиркин бук болот. 
  (А. Токтомушев)

"Манас" эпосундагы салыштыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салыштыруу — стилистика жана поэтиканын категориясы. С-да сүрөттөлүп жаткан нерсе кандайдыр бир жалпы белгиси, касиети окшош башка нерсеге салыштырылат. Кыргыздар байыртан эле уйкаштыкка, маанилүү сөздөргө, кыябы менен сүйлөгөн чечендикке айрыкча маани берген. Ушул себептүү метафора, эпитет жана башкалар элдик оозеки чыгармаларда, айрыкча эпостордо көбүрөөк кездешет. Эпикалык чыгармаларда элдин маданиятынын салттык өзгөчөлүгүнө ылайык турмуштагы көрүнүш, кубулуштарга же жан-жаныбарларга окшоштуруп салыштырат. С-да образдын өзү сакталат да, ар дайым мүнөздүк көрүнүшү, келбети жана сапаты сыпатталат. Мисалы, «Майлаган буудай жүздөнгөн Күүгүм туман көздөнгөн» (Манас ); «Туурасы жоон, бою пас Тулку бою кара таш» (Чубак) — деп, Манастын, Чубактын кулк-мүнөзү сүрөттөлөт. С-да абстракттуу кубулуш конкреттүү, так предметтер аркылуу берилет жана анын элестөөчүлүк таасири күчтүү чыгат.
Манастын образын ачып берүүдө ар кыл маанидеги С-га: ай, күн, жылдыз же эр, бек, кан же канкор, ажыдаар, арстан, кабылан жана башка эпикалык образга таандык мүнөздү берет. Муну Сагымбай Орозбак уулунун вариантынан көрүүгө болот:

Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Айың менен күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй
Алды калың кара жер
Жерлигинен түткөндөй
Ай алдында дайранын
Толкунунан бүткөндөй
Абадагы булуттун
Салкынынан бүткөндөй
Асмандагы ай, күндүн
Жаркынынан бүткөндөй... (Сагымбай Орозбак уулу, 1. 283), — деп Манастын сымбатына карата айтылган С-нун эң элестүү үлгүлөрүн берген.

Баатырлардын образдары күчтүү жырткыч жаныбарларга салыштырылып, эпостук образдар көз алдыга элестүү тартылат. «Аккула менен заңкайып, Ак кайыптай маңкайып» (Сагымбай Орозбак уулу, Кол жазмалар фондусу, 584-инв., 72-б.). «Жүрөгү таш эрге окшойт, Жүнү тайкы шерге окшойт» (Сагымбай Орозбак уулу, Кол жазмалар фондусу, 579-инв., 507-б.). Манасчылар жаратылыш кубулушуна, айбанаттар дүйнөсүнө кайрылып каармандын мүнөздүк жактан болгон бөтөнчөлүгүн ачат. Стилистикалык каражаттар эпикалык каармандардын мүнөздүк өзгөчөлүгүн жана эпикалык баатырлардын психологиялык өзгөрүүсүнө ылайыктуу. Мисалы, Акбалтага берилген сүрөттөөдө: «Ак селдеси казандай, Айкырса үнү азандай, Чоң кисеси бир кучак» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 537-инв., 597-б.). Бакай эпосто акылмандыгы, билгичтиги, айла-амалды тапкычтыгы, көсөмдүгү менен «Манастын алдында жүрсө акжолтой да, артында жүрсө сан колдой» жол башчылыгы идеалдаштырылат.
Эпостогу акылман карылардын бири Кошой баатырдын элеси төмөнкүчө салыштырылат:

Кер кабылан ат минип,
Кең ок өтпөс тон кийип
Опол-Тоодой чалкайып
Чоң муруту калкайып (Саякбай Каралаев, 557-инв., 427-б.).

Же:

Кылымдын Кошой балбаны,
Агала сакал сеңселип,
Ак буурадай теңселип,
Алышууга белсенип,
Аста басып барганы (Сагымбай Орозбак уулу, Кол жазмалар фондусу, 585-инв., 354-б.).

Мындай көркөм сүрөттөө образга жандуу элес киргизет.
«Манас» эпосунда оң каармандардын карама-каршысында турган душман тарабындагы дөөлөрдүн, баатырлардын да портреттик элестерине мүнөздүү келген салыштыруу каражаттары пайдаланылган.

Эки ийинине караса
Эки киши конгондой,
Эки бетин караса
Эки даңгыт тойгондой (Сагымбай Орозбак уулу, Кол жазмалар фондусу, 583-инв., 265-б.).

Мисал көрсөткөндөй ар дайым эпосто душман баатырлары антипатиялык көрүнүштө айтылып, оң каармандарга карата контрасттык планда сүрөттөлөт.

Мурду тоонун сеңирдей,
Көзүн көрсөң капырай
Көп өгөгөн темирдей
Эриндери калбыйып,
Эки уурту балбайып,
Көкүрөктө эмчеги
Киндигине салбайып,
Элүү менен кыркыңдын
Ортосунда жашы бар (Сагымбай Орозбак уулу, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 440—41-б.), — деп Ороңгунун портреттик элесине гротесктик салыштыруу аркылуу гиперболалык мүнөздөмө берип жатат.

Ошондой эле гротеск ыкмасы менен Коңурбайдын портретине мүнөздөмө түзүлгөн.

Мурутунун бир талы,
Айбалтанын сабындай.
Мурду тоонун сеңирдей,
Булкушканды жегидей
Көзү көлдүн быткылдай,
Көрүнгөндү жуткандай. (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541инв., 39-б.).

Же

Өзү бышкан өпкөдөй,
Сакалына караса
Сарапты тешип өткөндөй,
Көзү өгөгөн темирдей,
Мурду тоонун сеңирдей (Сагымбай Орозбак уулу, Кол жазмалар фондусу, 585-инв., 282-б.).

Манас менен тең тайлашып жүргөн душмандардын бири Коңурбайга берилген карикатуралык С. менен чектелбестен анын психологиялык абалын да. С. аркылуу:

Кайра жаачу булуттай
Каары жүзүнө айланып,
Кытайча күрмө, сумбал тон
Кылычын ичтен байланып
Кырдан чыккан ызгаардай,
Кыялы бөлөк айланып (Сагымбай Орозбак уулу, Кол жазмалар фондусу, 589-инв., 571-б.), — деп салыштырат.

«Манас» эпосундагы аялдардын сырткы портреттик элестерине пайдаланылган С-лар салттык поэтикадан сырткары эпикага мүнөздүү эмес жаңы көркөм каражаттар аркылуу сүрөттөлөт. Жалаң гана сырткы форманын көркөмдүгүн эмес, ошондой эле психологиялык сезим күрөштөрүн да берүү менен эпиканын мазмунуна лиризмдин боёгун кошо алат:

Өтүгүнүн такасы
Көк зумуруд асыл таш
Ааламда жок жан өңдүү,
Актыгы күзгү, кар өңдүү
Бетиндеги кызылы
Карга тамган кан өңдүү (Сагымбай Орозбак уулу, Кол жазмалар фондусу, 1794инв., 119-б.).

Жалпы эле аял затына мүнөздүү алынган сүрөттөмөнүн өзү да салттык каражаттар аркылуу этинин актыгы, тамагынын тунуктугу, келбетинин келишимдүүлүгү көркөм, таза нерселерге салыштырылып сүрөттөлөт. Эпостогу «саат салган топчудай», «колу күмүш зымындай», «зооттон чыккан чыныдай» сыяктуу жаңы лексикалык каражаттарды Сагымбай Орозбак уулу пайдалануу менен сулуулуктун көркөм эстетикалык табиятын берип жатат.
Өзүнүн сарамжалдуулугу, акылдуулугу, ишмердиги, уздугу менен эпоско катышкан башка аял заттарынан айырмаланган Каныкейдин: «Күлсө тиши жарк этип, Күлүктөй үнү шаңк этип (Сагымбай Орозбак уулу, Кол жазмалар фондусу, 581-инв., 170-б.) аялдык назиктигин, келбетин, сымбатын көрсөтүү үчүн бир штрих менен алынган көркөм сөз каражаттары образга таандык болгон мүнөздүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу эстетикалык таасирдин күчтүүлүгүн далилдеп жатат.
Жогоруда мисалга алынган С. мейли жаратылыш кубулуштары болсун, өң-түс өзгөчөлүктөрү болсун, мейли айбанаттар дүйнөсү болсун С. эпикалык каармандардын портреттик элесин, мүнөзүн, өзгөчөлүгүн жана башкалар жактарын ачууга көркөм сөз каражаттарын оң каармандын жигердүү эрдигин, мыкты сапаттык бөтөнчөлүгүн, сулуулук касиетин көрсөтөт. Терс каармандарды адамдын турпатына же оң каармандарга карама-каршы келген мүнөздүү элестерди таап жалпы угуучунун сезимин козгоо менен ошол каарманга карата антипатия туудуруучу түстөгү боёктор аркылуу сүрөттөйт. Баатырдык эпостордо С-нун бардык түрлөрү пайдаланылат. Анда коомдун эң эски көз карашынан пайда болгон үлгүлөрүнөн тартып кийинки эле доорлордун көз карашынан пайда болгон С-ларды кездештирдик. Эпосту жараткан эл бул же тигил нерсени экинчи бир нерсеге жакындаштырганда сөзсүз өзүлөрүнө тааныш, өзүлөрүнө жакын турган предметтер, көрүнүштөр менен салыштырат. Алар баатырдык эпостордо эпостун рухуна ылайыкташтырылат, ар кандай максатта, ар кандай моменттерде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • "Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine