Троп

Википедия дан

Троп (гр.— айланыш) — кандайдыр бир нерсени же көрүнүштү образдуу түрдө сапаттап көрсөтүү үчүн сөздөрдүн же сөз айкаштарынын, сүйлөмдөрдүн башкачараак мааниде колдонулушу, нерселердин, көрүнүштүн башка нерсе же көрүнүшкө өтүп кетиши. Троп маанисине жана аткарган кызматына карап, метафора, метонимия, салыштыруу, синекдоха, аллегория, гипербола, перифраза, символ жана башка болуп бөлүнөт. Троп көбүнчө тилге байланыштуу нерсе болуп, ал сөздүн колдонулуш чегин, мамилелик көп түрдүүлүгүн байытат. Ошондуктан мындай ыкма аркылуу жазуучунун тили таасирдүү жана образдуу болуп, сүрөттөлүп жаткан нерсе же көрүнүш жөнүндө аныгыраак билүүгө мүмкүнчүлүк ачылат, тилдин стилистикалык кызматы кеңеет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]