Перифраза

Википедия дан

Перифраза (грек. periphrasis - башкача айтуу, сыпаттоо) - чындыктагы предметтерди жана кубулуштарды тикелей көрсөтпөстөн, башкача сыпаттоо аркылуу билдирүүчү стилистикалык ыкма. Мисалы, ак алтын (пахта), экинчи нан (картошка) ж.б.

Перифразада айтылып жаткан контекстке, кырдаалга жараша предметтин, кубулуштун кайсы бир маанилүү белгиси, жагы биринчи планга чыгат. Перифразанын негизги кызматы-тексттин таасирдүүлүгүн күчөтүү, айтымдын маанисин арттыруу.

Перифраза, негизинен, көркөм чыгармалардын тилинде, публицистикалык чы-гармаларда жана оозеки кепте колдонулат. Илимий стилде Перифраза экспрессивдүүлүктөн ажырап, термин катары кызмат кылат. Функционалдык планда Перифраза нын эки түрү бар:

  • 1) даяр түрүндө колдонулуучу жалпыга түшүнүктүү түрмөктөр (фразеологизмдер, учкул сөздөр);
  • 2) мазмуну конкреттүү контекст менен шартталган ситуативдүү, индивидуалдык-автордук. П. эвфемизмдерди жана табуизмдерди жаратууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4