Мазмунга өтүү

Аллегория

Википедия — ачык энциклопедия
Аллегория
ἀλληγορία
Аталышы нукура тилинде ἀλληγορία
Depicted by Poetry and History Celebrate Rome's Warlike Exploits, Allegoric scene
Булактарда Ottův slovník naučný, Pauly–Wissowa, The Nuttall Encyclopædia, Brockhaus and Efron Encyclopedic Dictionary, Small Brockhaus and Efron Encyclopedic Dictionary, Explanatory Dictionary of the Living Great Russian Language, Kościelna encyclopedia, Metropolitan Museum of Art Tagging Vocabulary, Armenian Soviet Encyclopedia, vol. 1, Jewish Encyclopedia of Brockhaus and Efron
,
Викиказынадагы категориясы Allegories
Тема боюнча негизги категориясы Category:Allegory
Allegories

Аллегория

Аллегория (б.-грек. ἀλληγορία — башкача сүйлөм) — адабият менен искусство чыгармаларында сүрөттөөнүн, образдарды каймана мааниде берүүнүн жолу. Түшүнүктөрдү, нерсени каймана мааниде берүү тамсилдерге мүнөздүү. Дүйнө адабиятынын тарыхында ар бир эл жашоо тиричилигине, тарыхына, шартына ылайык ар түрдүү каймана түшүнүктөрдү пайдаланышкан. Бул алардын туу, гербдеринде да кез¬дешет. Аллегориялык сүрөттөө өөзеки адабиятта кеңири пайдаланылган. Алар көбүнчө тамсилдерде кездешет. Тоголок Молдо жалкоо адамды «Иттин доолдай тиктирем дегени» тамсилинде иттин аллегориялык образы менен каймана мааниге өткөрөт.

Аллегория өз пикирин билдирүүнүн шарттык формасы. Аллегория түшүнүгү символ түшүнүгүнө жакын, алардын ортосундагы чек конкреттүү учурларда талаш болушу мүмкүн. Алардын айырмачылыгы символ көп маанилүү жана чектелүү ал эми ошол кезде Аллегория түшүнүгү кандайдыр бир акыл-эстин формуласы катарында пайда болот. Философиянын тарыхындагы Аллегориянын ролу эллинизм доорунан баштап көптөгөн аракеттер менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine