Метонимия

Википедия дан

Метонимия (гр.— кайта атоо) — эки түшүнүктүн ортосундагы логикалык жакындыкка негизделген окшошпогон көчүрмө. Метафорада бири-бирине окшош предметтер жана алардын белгилери көчүрүлсө, метонимияда бир-бирине кандайдыр бир алакасы бар, бирок окшошпогон предметтин белгилери алмашылат. Метонимиянын төмөнкүдөй учурларын белгилөөгө болот.

1)нерсенин же кишинин аты башка нерсе, же буюмдун ордуна колдонулат.

Мисалы: Бөтөлкөнү көрүп

Шилекейин жуткан

(М. Алыбаев «Чалкан дос»)


2)Автордун наамы менен чыгармасын туюyтат.

«Жазуу келечегим жөнүндө көп ойлойм.

Лермонтовду окуп-окуп таң калам». (А, Осмоновдун күндөлүгүнөн)


3)Нерсе ал жасалган материал менен алмашылат.

Куткарып ушул чоюн жалдыроодон,

Айтпагын, акын иним, чыкты черим... (Ж. Турусбеков «Иниме кат»)


4)Белгилүү бир жердеги кишилердин ордуна ал жашаган жер аталат.

Карагандан айбыгам,

Каттын сүрү бир башка.

Келген экен айлынан

Курман болгон курдашка. (С. Эралиев «Кечиккен кат»)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]