Кошой

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кошой«Манас» эпостогу негизги оң каармандардын бири, элдин башын кошуп туура жолго баштаган терең акылман карыя жана өз элинде да, душмандын ичинде да теңдеши жок балбан, баатыр адам. Ал жигердүү кол башчылыгы менен да, жекече баатырдыгы менен да башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Кытай кандары кыргыздарды чаап, «бирин айдап Эренге, бирин айдап көз көрбөгөн тереңге» туш-тушка таратканда жалгыз гана К. душманга бой бербей, Чеч-Дөбөнү жердеп калып, «Жети өзөндөй кайран жер, Эби менен жер кылып, Жети өзөндө кыргызды, Эптеп жүрүп эл кылып, Кулаалы жыйып куш кылган, Курама жыйып журт кылган» (Саякбай Каралаев, 1. 111) баатыр кол башчы. Алтайга сүрүлгөн кыргыздардын Манастын башчылыгы астында ата конушу Ала-Тоого кайрылып көчүп келишинде мурдатан ошол аймакта жашап, орун-очок алган, белге таңуу бек айбат баатыр катары негизги таяныч болот. Ошондой эле Манаска чейин эле ата журтту баскынчы душмандан бошотууга өз алдынча кыйла ийгиликтүү аракет кылган баатыр. Ал Кашкарга жасаган жортуулунда Манаска кошулганга чейин эле жоонун көптөгөн баатырларын, аярларын, кандарын айла-амал, баатырдык менен жеңип, кыйла жерди душмандан бошотот. “Манас” эпосунда К. «калк атасы», «эл атасы», «элдин уюткуу», «олуя», «даанышман», «акылман» деген туруктуу эпитеттер менен сыпатталат.

Кыргыз журтчулугунун ичиндеги ары эң улуусу, ары акылман, калыс, алп турпатына төп келген кайрат-күчү мол адам К-ду Манас баштаган бардык кыргыз баатырлары кадырлап, зор урмат менен «Абам Кошой карыя» деп кайрылышат. Эл ичинде зор кадыр-баркка ээ болгон К. бардык кыргыз уруулары баш кошкон чоң жыйындарды башкарат (мисалы, Көкөтөйдүн ашын башкаруу ага ыйгарылат), орчундуу маселени чечүүдө эл ага кайрылат, анын кеңешин угуп, жардамын алышат (мисалы, кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келээрдин алдында Манас атайы Чеч-Төбөгө келип, К-го жолугуп, анын кеңешин угат, Чоң казаттын астында Манаска каршы кутум уюштурмакчы болгон он эки кан ага кеңеш салышат, бирок К. алардын туура эмес иш баштап жатканын айтып, колдобойт). К-дун эл ичиндеги кадыр-баркы анын Манаска карата мамилесинен да ачык көрүнөт. Эч ким даап келип тике сөз айта албаган Манаска К. гана жүйөлүү сөзүн тартынбай айтат; керектүү кеңеши, акыл-насааты менен бирге, кемчилигин да ачык көрсөтүп, керек болсо жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн калк астында да жемелей алат. К-дун намыстуулугу, кайраттуулугу Көкөтөйдүн ашында таасын көрүнөт. Токсонго таяп карып калганына карабастан «Карысам да карпаңдап, Карт буурадай тартаңдап мен түшпөсөм капырга, Канкор да болсоң эр элең, Кайраты ашык неме элең, Сен түшпөсөң капырга, Кандай адам катылат» (Сагымбай Орозбаков, 3, 196),— дейт Манаска кайрылып, эч ким даап күрөшүүгө чыкпай койгон Жолой менен күрөшөт, жеңишке ээ болот. “Манас” эпосунда ал экөөнүн күрөшү адаттан тышкаркы, кандайдыр өзгөчө адамдардын күрөшү катары сүрөттөлөт. Бирин-бири асманга топтой ыргытышат, көктөн келип буту тийген жерлери оюлуп, андан учкан чаңдан адамдар бири-бирин көрө албаган туман түшөт, күрөш бир нече күнгө созулат. К. ортодо уктоого үлгүрөт. Ушундай оор күрөштө жеңишке ээ болгон К-дун өзүнө теңдеши жок балбандыгы, башкалардан өзгөчө алптыгы баса белгиленет. Кошой менен Жолойдун күрөшү баатырдык жомоктордогу каармандардын күрөшү менен типтеш келип, бул каармандардын образынын байыркылыгын, мифтик -фантастикалык көз караштын негизинде жаралганын кабарлап турат. Алардын образдарынын байыркылыгын сырткы келбеттеринин сүрөттөлүшү, мүнөздөрүнүн көп белгилери айныксыз айгинелеп турат. «Чоңдугу тоонун теңиндей, «эки бетин караса, эки даңгыт тойгондой». «Көзү казган ородой», «колу кырк жылдык чынардай», «кашы комдонуп жаткан кара иттей», «кулак калканы кол чатырдай», «төш жайыгы тоонун керисиндей», «аркасы ат жарышчу талаадай», «бир күндө жеген ашы 9 бука, 9 кочкор, 9 айгыр эти», «90 саба кымыз ичкен» Жолой укмуштай зор сырткы түрү менен эч кимден жеңилгис көрүнөт. Ошондуктан «Жолойго киши жолойбу» деп К-дон башка эч ким аны менен күрөшүүгө даабайт. Эгерде эпосто Жолойдун сырткы келбети гротесктик гиперболалаштыруу менен ары күлкүлүү, ары коркунучтуу сүрөттөлсө, Кошойдун алы-күчү мол алп адам экени айрым деталдар, штрихтер аркылуу таасын берилет (эпостун эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки этаптарында каармандардагы уруулук коомдун мифологиялык түшүнүктөрүнүн негизинде пайда болгон дөөлөргө таандык өтө зор сырткы келбет терс көрүнүш катары кабыл алынып калгандыктан, башка оң каармандарга да мүнөздүү мындай көрүнүштөр акырындап сүрүлө баштайт). Жолой менен күрөшкөндө белин он алты жигитке тебелетип жаткан К. аларды эргежээлдердей эле көрөт:

Окторулуп эр Кошой

Ордунан тура калганы.

Жонундагы жүргөндөр

Томолонуп калганы.

Чоң кишээ чыккан балдардай

Кыйрап жерде калганы (Сагымбай Орозбаков, 3. 217). Күрөшкө кийип түшөргө ага чак шым табылбайт, жадесе Каныкей Манаска тиккен кандагай тарлык кылат (бул жерде эпос боюнча кыргыздардын башкы баатыры болгондон кийин Манас бардык жагынан кол жеткис бийик үлгү катары караларын эске алганыбыз жөн). Качан гана Каныкей капшырып койгон жерин жазып жиберишкенден кийин гана, баштагыдан кыйла кеңейген шым К. абаңа чак келет. Кээ бир манасчылар анын теңдешсиз зор адам экенин: «Токсон койдун териси, томугунан тон болгон» — деп сүрөттөшөт. К-дун образын жалаң сырткы турпатынын көрүнүшү жагынан гана эмес таптык коомго чейинки фольклордун, синкреттик мифологиянын каарманы — түпкү баба — маданий каарманга мүнөздүү кээ бир функцияларга ээ экендиги менен байыркылык кылат. Бул жерде Сагымбайдын жана ага жакын турган варианттарда К-дун Кашкарда жана анын айланасындагы жерлерди аярлык өнөргө салып каратканын баяндаган өзүнчө сюжетке ээ көлөмдүү эпизодду эсепке албаганда да, ага туруктуу колдонулган салттык мүнөздөмөлөрдөгү: «Бекип жаткан бейиштин, Эшигин ачкан эр Кошой» — деген ыр саптардын өзү эле анын кандайдыр жөн гана кадыресе адам эмес, адаттан тышкары касиеттерге ээ адам экенин кабарлап турат. Ушуга байланыштуу В. М. Жирмунский: «Мүмкүн бул жерде мусулмандашкан формада «каармандын өлүктөр дүйнөсүнө барып келгендиги жөнүндөгүгө» окшош баян сакталган» — деген ой айтат. Окумуштуу көрсөткөндөй бул мотив Төштүк, Жүгөрүлөрдүн жер астына түшүп чыгышына катарлаш каралууга тийиш. «Төштүк» эпосунун сюжетинин негизин башкы каармандардын жер астына түшүп, нечен укмуштуу тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жеңип, жер астынын каны Көкдөөнүн кызына үйлөнүп, жер үстүнө алы чыгышы түзөт. Мындай сюжет түпкүлүгүндө адамдардын жашоосуна зарыл дөөлөттөрдүн булагын анын ээси же сактоочусу Улуу Энеден (табияттан) жеңип алууга такалары фольклористикада аныкталган көз караш болуп саналат (кыргыз эпосторунун ичинен «Кожожаштагы» Молдожаш кайберендердин энеси Сурэчкини жеңип, анын кызы Ашайранга үйлөнүшүндө бул мотив ачыгыраак сакталган). Демек «бекип жаткан бейиштин эшигин ачкан» (башкача айтканда тигил дүйнөдөгү жыргалдын эшигин ачкан) эр К-дун поэтикалык образы жана анын айланасындагы баян түпкүлүгүндө таптык коомго чейин пайда болгон маданий каарман жөнүндөгү мифтик-фантастикалык эпикага барып такалат. Ушул көз карашта Кдун Жаангер Кожонун (Айкожонун) кытайлар зордук менен кармап кеткен уулу Билерикти (Сагымбай Орозбаков), башка варианттарда Кожонун кызы Билерикти куткарып чыгышы кыйла кызыктуу факт болуп саналат. А. А. Валитова «Манастагы» Жангаркожо жана анын баласы Билерик жөнүндөгү эпизодду 1822—28-жылдардагы Жангаркожонун кытайларга каршы көтөрүлүшүнө байланыштуу Чыгыш Түркстандагы тарыхый окуя менен байланыштуу караган. В. М. Жирмунский бул пикирди негизинен колдоп келип, төмөндөгүдөй туура жыйынтык чыгарган: «Бирок 19-кылымдын орто ченинде белгилүү болгон Кошойдун Кашкарга жортуулу жөнүндөгү эпикалык салттын байыркылыгы жана С. Орозбаковдун вариантында бул каармандын эрдигинин жомоктук мүнөзү көрсөтүп тургандай жаңы аттар жана аларга байланыштуу сүйүү мотивдери бир кыйла байыркы, мурда эле түзүлгөн баянга кирген деп айтууга негиз берет» (Жирмунский В. И. Тюркский героический эпос. Л., 1974. 65-б.). К. жөнүндөгү мифтик баяндын түрк элдеринде өтө байыркы мезгилде пайда болгондугун түздөнтүз ырастоочу бир Оригиналдуу, өтө кызык факт бар. Орус элинин оозеки чыгармачылыгында Өлбөс Кощей (Кощуй) деген, бери болгондо 10-кылымдан белгилүү жомоктук кейипкер бар. Ушул кейипкердин К. менен генетикалык типологиялык жакындыгы бар экендигин төмөндөгүдөй айрым фактылар ачык далилдейт (орустар Өлбөс Кощейдин образын жана ага байланышкан баянды маданий таасир катары 5-кылымдан тартып байыркы кыргызддар менен тектеш түрк уруулары гунндардан, болгарлардан, хазарлардан, печенегдерден, кыпчактардан кабыл алышкан). 1) Кошой менен Кощейдин (Кощуйдун) ысымдарынын аталыштары окшош жана бул сөздөрдүн келип чыгыш төркүнү тектеш, -маанилеш келип, байыркы түрк тилдериндеги «кошуу», «ыр жаратуу» деген сөздөрдөн тараган. Б. А. Рыбаков бул сөздүн байыркы орус тилинде колдонулушун изилдеп келип, мифологиялык баянды аткаруучу, сыйкырчы деген мааниге ээ экендигин көрсөтөт. К-дун аты ушуга жакын мааниге ээ. Ал кыргыз тилиндеги «кош» («ырга кошуу», «ыр жаратуу») деген жана байыркы кыргыздарда адам аттарын уюштуруучу «-ой» аффиксинен турат. Байыркы кыргыз тилинде магиялык түшүнүк менен байланышы бар антропонимдерди ушул түрдө жасоо салт болгонун ошол кезде көчмөндөр сыйынган тотемдик пирлердин аттарына («Бекбекей», «Саксакайга») салыштыруу ырастайт. Бул аттар да «кош» сыяктуу «бек», «бек», «сак», «сак» деген буйрук этиш сөздөрдөн жана «-ой» аффиксинин фонетикалык варианттарынан («-ей», «-ай») турат. Кыргыздар али магиялык ишенимден чыга элек байыркы уруулук коомдун тушунда пайда болгон, элдик чыгармачылыктын эң алгачкы үлгүлөрүнүн бири «Бекбекейдеги» пирлердин аттары менен «Кошой» аттуу ысымдын жаралуу жолунун типтештиги — анын байыркылыгынын дагы бир белгиси. Жыйынтыгында «Кошой» ырга кошуунун, ыр чыгаруунун пири же байыркы орустардын Кощейиндей мифтик баяндап айтуучу, сыйкырчы деген ойго келүүгө болот. 2) Кошой менен Кощейдин образдарынын да окшоштугу Кощейдин «өлбөс» деген эпитети көрсөтүп тургандай чексиз узак жашаган кары, К. да өз элиндеги өтө узак жашаган адам, ошондой эле экөөнүн тең сыйкырчылык, кубулуучулук өнөрү алардын ысымдарына шайкеш келет. Байыркы уруулук коомдо адамдын сыйкырчылык, кубулуучулук өнөрүн сөздүн, ырдын магиялык касиетине байланыштырып карашкан. Ошондуктан уруу аксакалдарынын туруктуу атрибуту көзү ачыктык ырчылык болгон. Буга байыркы түрк элдеринин «Огузнамесиндеги» 550 жыл жашаган, өз элинин акылман таалимчиси, кандарынын башкы кеңешчиси, келечекти алдынала көрө билген олуя Коркут ата; карельфиндердин «Калеваласындагы» өз уруусунун аксакалы, жол башчысы жана насаатчысы, даанышман аяр Вейнемейнендердин сыйкырдуу ырчылары болушканы ачык мисал боло алат. 3) Кошой менен Кощейдин айланасында жүргөн окуялардын сюжеттеринин да бири-бирине окшоштугу. Экөөндө тең оң каарман зордук менен колго түшүп, камакта жаткан кызды сыйкырдуу амал-айла менен куткарып, кайра өз элине алып келет. Келтирилген аргументтердин негизинде Кошой менен Кощейдин образдары жана алардын айланасындагы окуялардын сюжетинин генетикалаш экенин белгилеп, К-дун образы 5-кылымдан алда канча мурун пайда болгонун болжоого болот. Анткени, бул образды, сюжетти түпкү мекени Борбордук Азиядан өздөрү менен ала келип орус элинин чыгармачылыгына маданий таасир катары өткөргөн түрк урууларынын кыргыздардан ажырашып батышка оой башташы ошол доорлорго туура келет. Укмуштардын өлкөсү кытайдан өнөр билимге ээ болуп келген Алмамбетти эсепке албаганда К. — кыргыз кол башчыларынын ичинен аярлык укмуш өнөргө ээ бирден бир каарман. Аярлык менен бирге, колдоочулук, жаратуучулук, көзү ачыктык касиеттери да бар. «Батасы журтту байыткан», олуязаада К-дун батасынан Семетей бойго бүтүп, аты да ал тарабынан коюлуп, келечеги алдын ала айтылат. Тоголок Молдонун вариантында Манастын өзү да анын батасынан бойго бүткөн делет. Мамбет Чокмор уулунун вариантында К. Манастын тагдырынын урунттуу учурларында катышат; Саякбай Каралаевдин варианты ндагыдай көп жардамынан кийин Манасты кан шайлоо менен бирге, Каныкейге куда түшүп, калың төлөп үйлөндүрөт. Башка варианттарда бул ролду Манастын өз атасы Жакып (Сагымбай) же Бакай (Саякбай) аткарат. Бир катар варианттарда К. Манастын колдоочусу, пири катары сүрөттөлөт. Саякбай Каралаевдин вариантында Нескара, Жолой менен болгон экинчи урушунда Манас алгач күткөн кырк чоросунан, минген аты Торучаардан ажырап, калмак-кытайлардын курчоосунда калганда көп кол менен атайы аттанып чыгып Жар Манас менен Билерикти туткундан бошотуп келаткан К. Манаска келип, жардам берип куткарып алат. Жолукканда эле аны пирим бол деп жүргөн Манас эми аны нагыз пирим деп тааныйт:

Билбегенди билгизип,

Минтип жолго киргизип,

Туйбаганды туйгузуп,

Туура жолго киргизип,

Тосуп барып кан Кошой

Тоодой болгон төрөңдү

Алтайдан тосуп алыптыр.

Белгилүү Кошой абакең

Өчкөн отун тамызып,

Берен Манас султандын

Өлгөн жанын тиргизип,

Үзүлгөнүн улаптыр,

Чачылганын жыйнаптыр.

Катагандын кан Кошой

Пир туткан жери ал болду.

Ошондо Кошой карыя,

Оён Манас көк жалга

Олуя заада жан болду (Саякбай Каралаев, 1. 161).

К-дун образынын саналып өткөн бир катар белгилерине карап анын негизи тарыхка чейинки уруулук коомдун идеологиялык синкретизминин туундусу түпкү баба — маданий каарманга барып такаларын көрүү кыйын эмес. В. М. Жирмунский ушул типтеги каарман жөнүндө белгилегендей: «Ал акылман патриарх, көзү ачык жана олуя. Бул функциялардын минтип бир адамда төп келишип турушу поэзиянын байыркы синкретизми жана магиялык каада-салт үчүн мүнөздүү болгон». К-дун образы бул жагынан алганда жогоруда белгилегенибиздей Коркут ата, Вейнемейнендер менен типтеш. В. М. Жирмунскийдин Коркут жөнүндөгү: «Коркут барыдан мурда уруу жетекчилеринин жана элдин башында турган даанышман патриарх, ал хандарды шайлайт жана түшүрөт, хандарга жана элге кеңеш берет, анысы олуялык көрөгөчтүк жана осуят катары ишке ашырылат, ал эл ичиндеги эң башкы адам катары кадыр-сыйга курчалган, анын керт башы ыйык, анын алдында анын сөзү менен шайланган огуз хандары жүгүнүп турушат», — деп айтканы (В. М. Жирмунский. Тюркский героический эпос. Л., 194, 541-б.) толук бойдон К-го да туура келет. К. түрк элдериндеги байыркы эпикалык каарман болгондуктан жеке кыргыздардын «Манасында» гана эмес, башка тектеш элдердин оозеки чыгармачылыгында да жолугат. Мисалы, казак, кара калпак элдеринин фольклордук чыгармаларында Эр Кошой деген кеңири белгилүү кейипкер бар. Казак элинде «Эр Косай» аттуу эпостун бир нече варианты бар. Анын мазмуну Чоң Алайдагы кыргыздардан жазылып алынган жөө жомок менен окшош келип, экөөнүн генетикасы бир. Казактардын «Көкчөнүн уулу Эр Косай» деген экинчи бир көп варианттуу эпосу сюжети боюнча «Манас» менен жакындыгы жок болгону менен эки эпостун тең башкы каармандары Аккула минген Манас, Көкчө, Кошой экендиги көңүл бурарлык көрүнүш. Казак элинин эпикалык чыгармаларында К. кыргыздардыкына жакын сүрөттөлүп, ал чексиз балбан, кээ бирлеринде токсон жаштагы акылдуу, нускалуу карыя. «Манас» эпосунун жалпы эле өнүгүү мыйзам ченемине ылайык К-дун образы жана анын айланасындагы окуялардын сюжети коомдук мамилелердин, идеологиянын алмашылышын чагылдырат жана көптөгөн катмарланууга, кайрадан курулууга, өзгөрүүлөргө туш болгон. Ал тарыхка чейинки уруулук коомдун синкреттик мифологиясынын каарманы түпкү баба — маданий каармандан тартып, уруунун патриархы, жомоктук укмуштуу балбан, тарыхый окуялардын катышуучусу—реалдуу адам, элдин көсөм карыя жетекчисине чейинки бир катар өзгөрүлмөлүү тарыхый жолду ырааттуу басып өткөн. Анын образынын реалдуу адам менен жуурулушуп, тарыхый окуяларга катышуучу катары көрүнүшү болжол менен 9—10-кылымдарга туура келет. Эне-Сайлык кыргыздардын ошол доордогу улуу мамлекетин ыдыраткан кара кытайлардын хандарынын династиясы Елуй прототиби болгон Жолой менен өмүр бою салгылашып жүрүшү ушул ойго түртөт (К-дун өзүнүн эскерүүсүндө Көкөтөйдүн ашындагы күрөштөн тышкары мурда да ал Жолойду бир нече жолу жеңет). К-дун айланасында тарыхый окуялардын катмарланышы 16-кылымдан тартып айрыкча күч алганын белгилөөгө болот. Кыязы 16—19-кылымдын аралыгында Орто Азия, Чыгыш Түркстан жана Түндүк Ооганстандын тарыхында катаган уруусу ири саясий күчкө айланып, активдүү роль ойношу жана элдик аңыздарга караганда К. аттуу даңазалуу адамдын чыгышы байыркы эпикалык каарман К. менен контаминацияланып, жаңы катмардын пайда болушуна шарт түзгөн. 16-кылымда Султангазы султандын башчылыгы менен Кашкарияга көчүп кетишкен катагандардын өкүлдөрү өлкөнүн саясий окуяларына активдүү катышып, мамлекеттик чоң мансаптарды ээлеп келишкен. Алардын тукумдары — өздөрүн кыргыздын катаган уруусунан деп эсептеген эл азыр да Хотон, Жаркент аймактарында жашашат. Алар бир кезде өздөрүнүн К. деген баатыры болгонун эскеришет. Мына ушул окуялар 19-кылымда Жангир кожо кыргыздардын, кундуздук (Түн. Ооганстан) отряддын жана Чыгыш Түркстандагы жергиликтүү элдердин жардамы менен Цин династиясына каршы күрөштө Кашкар, Жаркент, Хотон шаарларын бошоткон окуялары менен толукталып, «Манас» эпосуна эпикалык каарман К-дун Жангир кожонун өтүнүчү менен Кашкар, Котон, Жаркент, Дагалак шаарларын бошотушу катары кирген. Аталган окуялар К-дун байыркы жомоктук жортуулу (колго түшүп кеткен кызды аярлык менен куткаруу) менен контаминацияланып, фантастикалык маанайда сүрөттөлгөнүн белгилей кетүү жөндүү. Сагымбай Орозбаковдо:

Кундуз, Талкан жайлаган,

Кундуздай кара ат байлаган.

Кабил ара жердеген

Кесенип жоону жеңбеген,

Аталык уулу эр Кошой — делип, К-дун жердеген жери Түндүк Ооганстан, атасы Аталык болуп сүрөттөлөт. Муну «Манаста» К. катаган уруусунан болуп баяндалышына байланыштуу эпоско кийин кирген катмар катары кароо керек. 1628-жылдары катагандын кан Турсунун Эшимкан талкалап, Ташкенден сүргөндө, катагандын бир тармагы улам жер которуп отуруп, 17-кылымдын акыры ченде Бекмурат кан, анын уулу Махмуд-бий аталыктын жетекчилиги менен Ооганстанга көчүп барышып, биротоло туруп калышат. Демек, ушул тарыхый окуялардын айрым фактылары К-го байланыштырылып, «Манаста» чагылдырылган. Каратегиндеги кыштактын, Ат-Башыдагы чептин ордунун эпикалык К-дун атына байланыштырылышынын өзү көңүл бурарлык көрүнүш (к. Кошой-Коргон). «Манас» эпосунда К-дун образына байланыштырып кеңири сүрөттөлгөн эпизоддордон тышкары анын «күрсү тийип жонуна, кылыч тийип кыйлача» Акдөө, Көкдөө жана башкалар ар түрдүү жоолор менен «намыс бербей жашынан» кармашканы эскерилет. Буга бир катар түрк элдериндеги анын аты менен байланышкан эпизоддорду, кыргыз элиндеги жөө жомок, уламыштарды кошуп алганда ал качандыр бир кездерде көп катмарлуу, көп окуялуу, өтө көлөмдүү өз алдынча эпостун борбордук баш каарманы болгон деп болжоого негиз бар.