Уйкаш

Википедия дан

Уйкаш, рифма — эки же андан ашык саптын айрым тыбыштарынын же тыбыштык комплекстеринин кайталанышы, окшошуусу; ыргактык биримдиктеги тыбыштык кайталоолор. Уйкаштык болуш үчүн эки же андан артык сап керек, аларда тыбыштык окшоштук болушу зарыл. "Манас" эпосу ыр түрүндөгү чыгарма болгондуктан кыргыз ырынын мыйзам ченемине ылайык уйкаштыкка негизделген. У. эпосто ыр түзүүнүн негизги каражаты катары кызмат кылат, башкача айтканда "уйкаш ырды уюштурат, ырдагы сөздөрдү чачыратпай кармап турат, ыр саптарын эсте каларлык жана уккулуктуу кылат" (С. Жигитов, Көркөм сөз маселелери, Фр., 1982, 230-б.).

Кыргыз ырларынын уйкаштыгын классификациялоонун негизинде "Манастын " У-тык системасын төмөнкүдөй бөлүштүрүүгө болот.

1. У-тардын саптагы ордуна карай бөлүнүшү. а) Башкы У. (саптын башындагы сөздөр уйкашат); мисалы Бөлөк өлүк дүйнөңдү, Бөлүккө салып жайнатып (Сагымбай Орозбаков, 3. 89). б) Ички У. (саптардын ичиндеги сөздөр уйкашат. в) Аяккы У. (саптардын аягындагы сөздөр уйкашат), мисалы,


Көкөтөйдүн көк туусу а

Көтөрүлдү калкылдап. б

Ырамандын Ырчыуулу а

Жар чакырып баркылдап. б

  1. Уйкаштыкты түзгөн сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын түзүлүшүнө карай бөлүнүшү.

а) Жөнөкөй У. (саптын аягындагы бирден гана сөздөр уйкашат); мисалы,

Найзалашып жатканда, а

Көөдөгүмдөн оолуктум. б

Карачанын Сайкалдын , в

Алдынан чыгып жолуктум. б

б) Татаал У. (эки же андан ашык сөздөрдөн, сөз айкаштарынан түзүлөт). Татаал У-ты өз ара экиге бөлсө болот.

Кош кабат татаал У.

Көңүлгө коркуу жык толуп, а

Кайраты бойдо жок болуп. а

Редифтүү татаал У. (акыркы сөздөрдүн кайра-кайра кайталанышы, башкача айтканда редифтин жардамы менен түзүлөт). Мисалы,

Балтыр этиң толо элек, а

Балбан күчүң боло элек. а

Жүрөк этиң толо элек, а

Жүткүнөр кезиң боло элек. а

  1. У-ты түзгөн тыбыштардын сөздөгү катышына карай бөлүнүшү. а) Толук У. (сөздөгү же сөз айкашындагы бардык тыбыштар үндөшөт); мисалы,

Нар буурадай кеңгиреп, а

Намыс үчүн зеңгиреп, а

Турган экен Коң төрө, б

Сайышты самап эңгиреп. а

Толук эмес У. (айрым гана тыбыштар, көбүнчө сөз мүчөлөрү уйкашат да, уйкаштык жарым-жартылай, толук эмес болот); мисалы,

Көп кыялды ким тыяр, а

Көп сүйлөбө жакшылар. а

Акдөө, Көкдөө, Кызылдөө, а

Ат көрбөгөн баары жөө. а

"Манастын " ыр түзүлүшүндө толук У. басымдуу болуп, чыгарманын уккулуктуулугун арттырып турат.

Жасалыш ордуна карай, башкача айтканда строфадагы кайсы сап, кайсынысы менен У-кандыгына карай да бир нечеге бөлүштүрүлөт. Адабиятчылар арасында У-ты мындай бөлүштүрүү боюнча ар кандай пикирлер бар. Г. Л. Абрамович туташ (а-а-б-б), кайчы (а-б-а-б), айланма (а-б-б-а); В. Гончаров жуп (туташ; а-а-б-б), кайчы (а- б-а-б), тегеректелген (курчалган, айланма; а-б-б-а); өзбек адабиятчылары А. Зуннунов, Н. Хатамов жуп (а-а-б-б), кесме (а-б-а-б), ай- ланма (а-б-б-а); Л. И. Тимофеев туташ же (жуп; а-а), үчтүк (а-а-а), кайчы (а-б-а-б), кур- чалган (айланма, тегеректелген, а-б-а-ба), ма- шакаттуу (а-а-б-а-а-б) ж. б. "Манас" эпосунда У-тын төмөнкүдөй түрлөрү бар.

а) Эгиз (жуп) У. (саптар экиден жупта- шып уйкашат); мисалы,


Топосу тоодо бөлүнгөн, а

Толук дүйнө көрүнгөн. а

Жети жњз миң жылкысы, б

Жети жүз экен жылкычы. б

б) Аксак У. (биринчи, экинчи, төртүнчү саптар уйкашат да, үчүнчү саптан аксап өтөт). У-тын бул түрү эң көп колдонулат. Мисалы,

Каарданса кармаган, а

Кармаганын чайнаган, а

Кара кытай манжуудан, б

Кармашаар жоосу калбаган, а

в) Шыдыр У. (бардык саптар катары менен шыдыр уйкашат), мисалы,

Кара курттай быжылдап, Найзанын учу жылтылдап, Адамдын башы кылтылдап Жер союлуп былкылдап.

г) Аттама (кайчы) У. (саптар ортодо бирден сапты, кээде экиден сапты аттап уйкашат); мисалы,

Каргышы ката кетпеген, а

Катындардын баарысын б

Калыңдык менен тепсеген, а

Каныштан каргыш албасын! б

д) Оромо У. (биринчи сап менен төртүнчү сап уйкашып, ортодогу өз ара уйкашкан эки сап- ты ороп турат). "Манас" эпосунда сейрегирээк жолугат.

Намыстанып калыптыр,

Бокмурундун башына

Келип алып ашына б

Бейорун өкүм салыптыр. а

"Манас" эпосунда У-тын мындан башка сейрек болсо да учураган түрлөрү бар. Чыгарманы аткаруу процессинде бир строфада У-тын бир нече түрү да колдонулган. Улам акыркы сөзгө карай У. кууп кете берген. Мисалы, Жыйырма алты саптан турган бир строфадагы У. схемасы: а-а-б-в-б-г-г-д-д-ж-ж-з-ж-ж-и-к-и-л-м-н-ң-о- м-м-ө-ө

Кырк чоронун артынан, а

Кызматы минтип артылган, а

Баатыр жөнөп калганда, б

Жерди басып аягы, в

Жети кадам салганда б

Токтой тургун баатыр деп, г

Тозулган киймиң акыр деп,

Катар киймиң эски деп, д

Кара торпок кескилеп, д

Эски киймин талатып, ж

Эгесине зар айтып, ж

Басып үйдөн чыгаарда з

Сары улактан таптырып, ж

Садагасын чаптырып, ж

Жеңеңдин иши ушундай, и

Жетим бала башына к

Бирден жамбы муштумдай. и

Эси бары дүйнө деп л

Колтугуна катышып, м

Көөдөктүн ишин көрүп ал, н

Көчөдөгү бакалга ң

Жети-сегиз жаңгакка о

Бир жамбыны сатышып, м

Көчөгө салып атышып, м

Жетим менен жесирди ө

Жергесине келтирди ө


Көрүнүп тургандай строфанын уйкаштыгы өтө эркин, уйкашсыз калган саптар да көп (в-з-к-л-н-ң-о), ал түгүл уйкаштык бир топ саптан кийин кайталанат (м кайра төрт саптан кийин үндөшөт). "Манастын " ырларына айрыкча аралаш У. мүнөздүү, башкача айтканда ыр тобу баштан аяк өзгөрүлүп У-а берет. Айрым окумуштуулар мындай ык эпикалык стилди сактоого мүмкүнчүлүк түзгөндүктөн аны эпостун ыр түзүлүшүндөгү туруктуу белги катары карашат (К. Кырбашев).

У-ты түзүү аябагандай татаал иш жана сөз корунун байлыгын, тапкычтыкты, ой жүгүртүүнүн ыкчамдыгын, кенендигин талап кылат.

Ошондой эле У. кууп кетүү чыгарманы мазмундук, көркөмдүк жагынан кемитип коюшу мүмкүн. "Манаска" "кеп айтат — деп айтат", "Чубак — чунак", жер эле — эл эле", "сөз жетпес — көз жетпес", "мунарык-тунарык", тоо барбы — жоо барбы" деген өңдүү туруктуу У-тар да бир топ учурайт.

"Манас" эпосунун ыр түзүлүшүндөгү У-тыкка мүнөздүү дагы бир көрүнүш — редиф. Редифти колдонуу менен манасчылар өзгөчө басым түшө турган сөздү бөлүп көрсөтүшөт, тексттин ошол бөлүмүнүн өзөгү редиф менен байланышат жана ырдын эмоциялык-экспрессиялык таасирин күчөтүп, манасчынын аткаруу чеберчилигин ар тараптуу кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4