Найза

Википедия дан

НАЙЗА – саюуга жана ыргытууга ылайыкталган курал. Найза түз, катуу жыгачтан жасалып, учуна кош миздүү, учтуу жана бөрү тил кыма бекитилген. Найза аңчылыкта жана жоокерчиликте колдонулган. Найзанын сабы четин, кайың, арча, жаңгактан, кымасы таш, сөөк, жез, темир, болоттон жасалган. Найзанын жыгач найза, учтуу найза, бөрү тил найза, түпөктүү найза деген түрлөрү болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.