Антитеза

Википедия дан

Антитеза (гр.— карама-каршы деген мааниде) — көркөм сүрөттөөнүн бир түрү. Стилистикалык бул ыкма көркөм адабияттын бардык эле жанрында кездешет. Айрыкча ал поэзияда арбын колдонулат. Акындар сүрөттелүп жаткан Көрүнүштүн кубулуштун, маңызын терең ачуу максатында башка бир көрүнүш, кубулуш менен карама каршы коюп сүрөттөйт. Ошол аркылуу чыгарманын көркөмдүк сапаты күчөйт, таасир этүүчүлүк кудурети артат. Ми¬салга улуу акын Токтогулдун «Замана», «Дүнүйө» деген ырларын келтирүүгө болот.

Бирөөгө жок, бирөөге
Бар болгонсуң, замана. Байларга кең, кедейге
Тар болгонсуң, замана.
Кедейди түлкү, байларды Бүркүт кылган замана.
Байды чынар, кедейди Чырпык кылган замана.
(Токтогул, «Замана»)

Манас энциклопедиясы боюнча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антитеза (гр. antithesis — карама-каршылык) — түшүнүктөрдү, көрүнүштөрдү бири-бирине ачык карама-каршы коюу. Тексттин, ойдун эмоциялуулугун күчөтүп, көркөмдүгүн жогорулатуу үчүн кызмат кылат. Антитеза «Манас» эпосунда да көп кездешет: «Батыш менен чыгышка Айдап жүрдү чубатып» (Жусуп Мамайдын варианты, 1.540). Эпосто антитеза каармандарды сүрөттөгөн эпитеттерде жолугат. Мисалы, Бакайды мүнөздөгөндө: «Караңгыда көз тапкан, Капылетте сөз тапкан» (Курама варианты, 2.44). Антитезаны түзүүдө көбүнчө антонимдер пайдаланылат:

Ошо турган Акаяр
Өчкөн отун тамызып,
Өлгөн жанын тиргизип,
Үзүлгөнүн улады,
Салышпай карап турбады (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.200).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]