Чукча автономия округу

Википедия дан

Чукча автономия округу - РФтеги субъект. Ыраакы Чыгышта (Россиянын эң четки түндүк чыгышы) жайгашкан. Чукча жарым аралынан, ага улай жаткан материктин бөлүгүн жана бир нече аралдарды (Врангель, Айон, Ратманов ж. б.) ээлейт.

Чыгыш Сибирь, Чукча (Түндүк Муз океанынын алабы) жана Беринг (Тынч океандын алабы) деңиздери менен чулганат. Аянты 721,5 миң кмг. Калкы 50,5 миң (2014). Негизинен орустар (66,1%) менен украиндер (16,8) басымдуу. Ошондой эле түндүк эли да жашайт (илгертен тутуп келаткан диндерин сактайт). Динге ишенгендери православныйлар менен протестанттар. Орточо жыштыгы 1 км2ге 0,7 киши туура келет. Борбору - Анадырь ш. (Россиянын эн четки чыгыштагы шаары). Адм.-айм, жактан 8 районго, 3 шаарга, 14 шаарчага бөлүнөт. Шаар калкы 66,7%. Ири шаарлары: Билибино, Певек. Ыраакы Чыгыш федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы 1998-ж. кабыл алынган округдун уставы аркылуу аныкталат. Округ 1930-ж. 10-декабрда уюшулган. 1930-38-ж. Ыраакы Чыгыш жана 1939-53-ж. Хабаров крайларынын, 1953-92-ж. Магадан облусунун курамдарына караган. 1992-жылдын 17-июнунан РФдеги өз алдынча субъект. Округга чек ара режими киргизилип, ага кирүүгө регламент коюлган.

Округдун аймагынын бир бөлүгү Түндүк уюл тегерегинен орун алган. Табигый шарты адамзаттын жашоосуна анча жагымдуу эмес. Экол. абалы орточо. Түндүк-чыгышында Чукча тайпак тоосу, борбордук бөлүгүндө Анадырь бөксө тоосу (эң бийик жери 1887 м; аты жок чоку) жайгашкан. Беринг кысыгы Чукча жарым аралынан Аляска жарым аралынанан (АКШ) бөлүп турат. Климаты катаал. Январдын орточо температурасы -15...-39°С, июлдуку 5-10°С. Жылдык жаан-чачыны 200-500 мм. Негизги дарыялары: Анадырь (куймалары: Майн, Ак, Танюрер), Омолон, Улуу, Амгуэма, Чоң жана Кичи Анюй. Ири көлдөрү - Кызыл, Майниц, Пекульней, Эльгыгытгын (бул уникалдуу көл изилденее; Жерде 1000 жыл мурун климат кандай болгонун окуп үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк бар). Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн тоо-тундра топурагы ээлейт. Тундра ландшафты басымдуу. Врангель аралы-коругу уюштурулган. Нефть, жаратылыш газы, көмүр, алтын, калай, вольфрам, сымап, жез, уран кендеринин запасы бар. Тоо-кен өнөр жай гана жакшы өнүккөн. Билибин АЭСи иштейт. Транспорттун негизги түрү деңиз жана аба жолдору. Региондук дүң продукциянын көлөмү 42,0 млрд рубль. Аяы киши башына бөлүштүргөндө 84,1 миң рублдан туура келет. Анын структурасындагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 46,6, электр энергияныкы, газдыкы, суунуку 19,9, курулуштуку 11,7, транспорт менен байланыштыкы 9,1, минералдык сырьёлордуку 7,9 (жаратылыш газы, таш көмүр, баалуу металлдар), айыл чарбаныкы 2,2, балык чарбасыныкы 1,6, кайрадан иштетүүчү өндүрүштүкү 1,0. Тамак-аш (а. и. балык беленделет) өнөр жай иштейт. Чарбасынын негизги тармактары: тоокен, бугу чарбасы (панта даярдалат), териси баалуу жана деңиз айбанаттарына аңчылык кы луу (морж, тюлень, лахтан, нерпа ж. б.). Көркөм промысели (сөөктү оймолоп кооздоп буюм жасоо) өнүккөн. Уй асыралат. Парник-жылытылмаларда жашылча өстүрүлөт. Автомобиль жолунун уз. 0,6 миң км (асфальтталган). Деңиз порттору: Анадырь, Беринг, Певек, Провидения, Эгвекинот. Жалпы билим берүүчү 53, башталгыч жана орто 7, ЖОЖ (филиалдары менен), 9 музей (а. и. «Чукотка мурасы» музей борбору (Анадырь ш.), сөөк искусствосу (Уэлен кыш.)) ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4