Бурятия

Википедия дан

Бурятия, Бурят Республикасы (орус. Бурятия) – Орусия Федерациясынын курамында. Чыгыш Сибирдин түштүгүндө (Сибирь Федерация округу), Байкал көлүнүн чыгышында жайгашкан.

Бурят Республикасы

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 351,3 миң км2. Калкы 969,1 миң (2005). Администрациялык-аймактык жактан 21 районго бөлүнөт. 6 шаары, 21 шаарчасы бар. Борбору Улан-Удэ шаары.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байкал коругу.

Бурятия тоолуу өлкө. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Забайкалъе, ошондой эле Чыгыш Сибирдин түштүк бөлүгү ээлейт. Рельефине жараша 4кө бөлүнөт: орто бийиктиктеги Селенга тоосу (бийиктиги. 1200–1700 м), Чыгыш Саян (эң бийик жери Муңку-Сардык, 3491 м), Байкал тоолуу облусу (бийиктиги. 2000–2500 мге жеткен Хамар-Дабан, Улан-Бургасы, Бургуза, Байкал тоолору), Витим Бөксө тоосу (1000–1200 м). Климаты кескин континенттик. Кышы узак, суук, кар аз жаайт. Табигый шарты калктын жашоосуна анча жагымдуу эмес. Январдын орточо температурасы –18...22°С, июлдуку 10–14°С. Жылдык жаан-чачыны 400–500 мм. Ири дарыялары: Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара, Витим (Ленанын куймасы), Иркутск. Байкал көлүнө куюшат. Негизинен күл топурак басымдуу. Талаа жана токойлуу талааларында күрөң, кызгылт топурак өөрчүгөн. Аймагынын 4/5үн токой каптап жатат. Забайкалье, Тункин улуттук парктары, Баргуза, Байкал, Жерге коруктары бар.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын негизин орустар –67,8%, буряттар – 27,8%и түзөт. Украин, башкир,татар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы – 57%. Ири шаарлары – Улан-Удэ, Кяхта, Гусиноозерск, Закаменск.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бурятиянын аймагында адамдар байыркы таш доорунан эле жашагандыгы белгилүү. Биздин замандын 3-кылымынан 11-кылымына чейин Бурятияны байыркы хунн, уйгур, эвенк көчмөн уруулары мекендеген. 13-кылымдын башында Байкал аймагында моңгол тилдүү буряттар, эвенкилер жашаган. Алар негизинен мал чарбасы, аңчылык менен кесиптенишкен. Болжол менен 17-кылымдын аягында бурят элинин калыптануусу аяктаган. 17-кылымдын башында Бурятиянын аймагына алгачкы казак-орус отряддары келген жана алар өзүлөрүнүн таяныч пункттары острогдорду кура башташкан. Алардын айланасында Россиянын борбордук райондорунан келген орус дыйкандары, өнөр жайчылар отурукташа баштаган. 17-кылымдын ортосунда Бурятия Россиянын курамына толук кирген. Улуттук, крепостнойлук эзүүнүн күчөшү 1658-, 1696-ж. көтөрүлүштөрдүн келип чыгышын шарттаган. «Бөтөн элдерди башкаруу уставына» (1822) талаа думалары негизделип, алардын башында жергиликтүү администрация башчылары тайшалар турган. 18–19-кылымда шаманизм менен катар эле православие жана буддизм (ламаизм) диндери тарала баштайт. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Бурятияда администрациялык-аймактык реформа жүргүзүлгөн. Колониялык фонддун эсебине иркут буряттарынын жеринин 53%ин, Байкал боюндагылардын 36%ин тартып алышкан. Жергиликтүү элдердин нааразычылыгынын күчөшүн токтотуу үчүн 1904-ж. аймакка согуштук абал киргизилген. 1914–18-ж. миңдеген буряттар согушка чакырылып, тылдык эмгектерге тартылган. 1918–19-ж. япондук жана америкалык интервенттер басып алган. 1921-ж. 27-апрелде жана 1922-ж. 9-январда Бурят-Моңгол жана Моңгол-Бурят Автономиялык областтары түзүлгөн. Алар 1923-ж. 30-майда Бурят-Моңгол Автономиялык облусуна биригишип, РСФСРдин курамына киришкен. 1958-ж. Бурят Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлгөн. 1990-жылдан суверендүүлүгү жөнүндө декларация кабыл алынып, 1992-жылдан Бурятия.

Өнөр жайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу Сибирь магистралынын курулушу (Транссибирь магистралы; 1891–1916) Бурятияда өнөр жайынын өсүшүнө чоң таасирин тийгизген. Өнөр жайынын башкы тармактары: тоо кен казуу, машина куруу (авиация, локомотив жана вагон ремонттоо, электр машиналарын куруу заводдору жана башка), металл иштетүү, токой, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, курулуш материалдар, жеңил, тамак-аш өнөр жайы. Күрөңкөмүр, графит, вольфрам, молибден (казылып, иштетилет), апатит казылып алынат. Гусиноозерск ГРЭСи иштейт. Бодомал, кой (кылчык жүндүү), чочко асырылып, үй куштары багылат. Дан эгиндери (негизинен буудай) жана тоют өсүмдүктөрү эгилип, картошка, жашылча айдалат. Куну чарбасы, жапайы айбандарды асыроо өнүккөн. Байкал көлүндө, Селенга, Баргуза дарыясында кеме жүрөт. Курорттору: Аршан, Горячинск, Нилова Пустынь жана башка Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүгүнүн курамында Бурят, 15 жогорку окуу жайы (филиалдары менен илимий борбору), китепканалар, край таануу жана сүрөт музейлери, драма, опера жана балет театрлары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]