Байкал
| Байкал | |
| Байкал көлү | |
| | |
| Координаттар: 53°30′ с. ш. 108° в. д.HGЯO | |
|---|---|
| Жайгашкан орду |
Россия, Бурятия Республикасы жана Иркутск облусу |
| Деңиз деңгээлинен бийиктиги |
456,3 м |
| Узундугу |
636 км |
| Туурасы |
79 (орточо 48) км |
| Аянты |
31 722 км² |
| Көлөмү |
23 600 км³ |
| Жээгинин узундугу |
2100 км |
| Эң терең жери |
1642 м |
| Орточо тереңдиги |
744 м |
| Минералдарынын тиби |
Тузсуз |
| Туздуулугу |
0,1 г/л ‰ |
| Тунуктугу |
40 мге чейин м |
| Суу топтоо аянты |
560 000 км² |
| Куйган дарыялар |
Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара, Турка жана 300дөн ашуун майда дарыялар |
| Чыккан дарыялар |
Ангара |
Байкал көлү — дүйнөдөгү эң терең жана эң тунук тузсуз көл. Ал Чыгыш Сибирдин түштүк бөлүгүндө, Бурят Республикасы менен Иркутск облусунун аймагында жайгашкан.
Байкал көлү тектоникалык жаралуудан улам пайда болгон. Азыр да бул аймакта сейсмикалык активдүүлүк жогору. Көлдүн жээктери жана түбүнүн айрым бөлүктөрү акырындап төмөндөп барат.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байкал көлүнүн аянты 31,7 миң км², узундугу 636 км, орточо туурасы 48 км. Тереңдиги 1640 метрге жетет. Суусу тунуктугу жана тазалыгы менен айырмаланат. Жалпы көлөмү 23,6 миң км³ түзөт, бул дүйнөдөгү тузсуз суулардын 1/5ине жакын.
Иркут ГЭСинин плотинасы курулгандан кийин көлдүн деңгээли бир аз көтөрүлгөн. Деңиз деңгээлине карата бийиктиги 456,3 м. Көлдүн айланасында темир жол жайгашкан.
Көлгө жалпысынан 336 дарыя куят. Ирилерине Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара жана Турка дарыялары кирет. Көлдөн жалгыз Ангара дарыясы агып чыгат.
Байкал көлү кыш мезгилинде, январь айынан май айына чейин толугу менен тоңот.
Жээктери жана аралдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ири булундары Баргуза, Чибиркуй, Провал; колтуктары Аяя жана Фролиха, жарым аралы Ыйык Тумшук. 27 аралы бар (алардын бешөө мезгил-мезгили менен суу астында калат), эң ириси Ольхон (аянты 730 км2дей).
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байкал көлүнүн аймагына жергиликтүү шамалдардын татаал системасы мүнөздүү. Айрыкча Ольхон айылынын аймагында түндүк-батыштан согуучу сарма, түндүк-чыгыштан баргуза жана түштүк-батыштан култук шамалдары белгилүү. Бул шамалдар көл бетинде толкундардын пайда болушуна себеп болуп, кээде 5 метрге чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Көлдүн үстүнкү катмарынын суусунун температурасы август айында 9–12 °C, жээкке жакын жерде 20 °Cге чейин жетет. Суусунун тунуктугу абдан жогору — 40 метрге чейин көрүнөт (Ангара дарыясынын башын кошпогондо).
Байкал көлүндө өсүмдүктөр менен жаныбарлардын болжол менен 1800 түрү жашайт, алардын арасында эндемиктердин саны да көп. Алардын катарына байкал нерпасы, букачар жана тирүү туучу голомянка балыгы сыяктуу жаныбарлар кирет.
Табигый байлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байкалдын тоолуу, кооз жээктери ийне жалбырактуу токойлор менен капталган. Көлдө омуль жана хариус балыктары кармалат. Кеме жүрүүгө ылайыктуу. Жээгинде Слюдянка, Байкальск, Северо-Байкальск, Бабушкин шаарлары, Байкал, Танхой, Выдрино, Усть-Баргуза, Нижнеангарск, Хужир сыяктуу порттор жана калктуу конуштар жайгашкан.
Листвянка шаарчасында Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнө караштуу Лимнология институту иштейт. Чоң Коты шаарчасында Иркутск институтунун гидробиологиялык станциясы жайгашкан. Байкалдын түндүк-чыгыш бөлүгү Баргуза коругуна кирет.
Байкал көлүнүн айланасы туризм жана эс алуу үчүн чоң мааниге ээ. Бирок антропогендик (адамдардын) таасиринен улам экологиялык абалы кыйла начарлаган. Табигый экосистеманы калыбына келтирүү багытында илимий изилдөөлөр жана коргоо иштери жүрүп жатат. Байкал көлү Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4