Краснояр крайы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Краснояр крайы.

Краснояр крайыРоссия Федерациясынын Азия бөлүгүндөгү субъектиси. Чыгыш Сибирдин борбордук бөлүгүндө, Енисейдин алабында жайгашкан. Түндүгүн Кара (Карск) жана Лаптевдер деңиздери чулгайт. Край Түндүк Жер, Норденшельд архипелагдарын жана бир нече аралды да камтыйт. Анын курамына Таймыр (Долган-Ненец) жана Эвенк рндору (өзгөчө статуска ээ) кирет. Аянты 2366,8 миң км2. Калкы 2,9 млн (2008). Административдик аймактык жактан 48 районго бөлүнөт. Красноярск крайында 23 шаарча, 41 шаар бар. Борбору – Красноярск шаары Сибирь федерация округунун курамына кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы крайдын 1996-ж. кабыл алынган уставы аркылуу аныкталат. Табияты адамдын жашоосуна эң четки түндүктө (Таймыр жарым аралында) жагымсыз болсо, түштүгүндө жагымдуу. Экологиялык абалы канааттандырарлыктан өтө курч абалга чейин жетет. Ал жер-суунун, абанын комплекстүү бузулушуна, тоңдун аракетинен топурактын жакырданышына, жер алдында ядролук жардыруулардын кесепетине байланыштуу. Красноярск, Ачинск, Канск шаарынын айланасы өтө булганган. Край Россияда 1980-жылдан атмосфераны зыяндуу заттар менен булгоо боюнча 1-орунда турат.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Красноярск крайы Түндүк Муз океандын жээгинен Түштүк Сибирь тоолоруна чейин (3 миң кмге) созулат. Түндүгүн Таймыр жарым аралы (анын борбордук бөлүгүндө Бырранга тоолору жатат) жана Түндүк Сибирь ойдуңу ээлейт. Енисей дарыясы крайды экиге бөлүп агат. Батышы жапыз (Батыш Сибирь түздүгү), чыгышында Орто Сибирь бөксө тоосу (орточо бийиктиги 500–700 м, эң бийик жери Енисей токол тоосу, 1104 м жана Путорана платосу, 1701 м) жатат. Түштүк бөлүгүндө Чыгыш Саян (край чегинде бийиктиги 2922 м; Грандиозный чокусу), Батыш Саян (2930 м), ошондой эле Абакан кырка тоолору жана Кузнецк Ала-Тоосунун чыгыш капталдары жайгашкан. Тоо аралык өрөөндөр бар. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо темпретурасы түндүгүндө –30Соден –36оСге, түндүгүндө –18Соден –20оС. Июлдуку 13 – 20 Со.Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 200–300 мм, борбордук бөлүгүндө 400–600 мм, түштүгүндө тоо капталдарында 800–1200 мм. Төмөнкү Тунгуска дарыясынан түндүктү карай түбөлүк тоң кеңири таралган. Негизги дарыясы – Енисей, анын ири куймалары: Туба, Мана, Кан, Ангара, Абакан, Сым ж. б. Ири көлдөрү: Таймыр, Пясино, Лама, Шира. Негизинен күл, түштүгүн кара топурак ээлейт. Аймагынын басымдуу бөлүгүндө кызыл карагайлуу тайга өсөт. Түндүгүндө мамык чөп, эңилчек жана бадалдуу тундра, түштүгүндө токойлуу тундранын ичке тилкеси бар. Түштүгүндө тоо арасындагы өрөөндөрдө талаа жана токойлуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Кен байлыктарынан күрөң көмүр, нефть, никель, кобальт, платина, темир, алтын казылып алынат. «Столбы», Борбордук Сибирь, Тунгуска, Таймыр, Саян-Шуша, Путорана, Чоң Арктика жана Шуша улуттук парктары уюштурулган.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкы негизинен орустар (89%), ошондой эле украин (2,3), татар, немис, беларустар да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 1,2 киши (2008). Православныйлар, протестанттар, католиктер, мусулмандар, иудейлер бар. Шаар калкы 75,8%. Ири шаарлары: Норильск, Ачинск, Канск, Железногорск, Лесосибирск, Минусинск, Зеленогорск.

Өнөр жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Региондун дүң продукциясынын көлөмү 238,2 млн рубль, андагы өнөр-жайдын үлүшү 63,2%, айыл чарбаныкы 5,2%. Край түстүү металлургия (анын ичинде аллюминий өнөр-жай) продукциясын өндүрүүгө, машина курууга (муздаткыч, тоңдургуч, Россияда 2-орунда, дан эгиндерин жыйноочу комбайндардын 33%ин чыгарат) адистешкен. Россияда токой өнөр-жай комплекси менен өзгөчөлөнөт. Башкы өнөр-жай тармактары: түстүү металлургия, машина куруу жана металл иштетүү, электр-энергетика (Красноярск, Саян-Шуша ГЭСтери, Назаровск, Красноярск жана Берёзовск ГРЭСтери), тамак-аш, токой, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз. Крайдын айыл-чарба жакшы өнүккөн эмес. Дан эгиндери, картөшкө, жашылча айдалат. Сүт-эт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Кой асыралып, үй куштары багылат. Айыл чарбага жарактуу жери 5041,1 миң га (жер фондусунун 7,1%), анын ичинде айдоо аянты 1887,1 миң га, анын 57,7%ин дан эгиндери, 37,1%ин тоют өсүмдүктөрү ээлейт.

Транспорт тармагы[оңдоо | булагын оңдоо]

Табигый шартынын катаалдыгынан ички автомобиль магистралдары жокко эсе. Крайдын түндүктөгү аймактары менен аба, суу жолдору аркылуу катташат. Темир жолунун узундугу 2067 км, асфальтталган автомобиль жолу 13,2 миң км, суу жолунуку 7515 км (автономия округдарын кошпогондо). Башкы дарыя порттору: Красноярск, Ачинск, Минусинск, Енисейск, Лесосибирск. Жалпы билим берүүчү 1553 мекеме, 154 башталгыч жана атайын окуу жайлары, 31 Жогорку окуу жайлары (анын ичинде 11 мамлекеттик, филиалдары менен), Россия Федерациясынын Илимдер Академиясынын Сибирь илимий бөлүмү, 14 театр (анын ичинде 3 музыкалык, 2 куурчак), живописчи В. И. Суриковдун музей-чарбагы, китепканалар бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]