Таймыр жарым аралы
Көрүнүш
Таймыр жарым аралы — Евразия материгинин эң түндүгүндө. Карск деңизинин Енисей булуңу менен Лаптевдер деңизинин Хатанга булуңунун аралыгында. Түндүк чети Челюскин тумшугу, түштүгү Путорана платосу. Узундугу 1000 кмдей. Жээги булуң-буйткалуу. Түндүгү менен түштүгү ойдуңдуу, борбордук бөлүгүн Бырранга тоолору (бийиктиги 1125 мге чейин) ээлейт. Ири суулары: Пясина, Төмөнкү Таймыр, Хатанга. Таймыр көлү бар. Таймыр жарым аралы арктика жана субарктикалык алкакта жайгашып, климаты катаал. Кышы узак (эң суук мезгилинде –62°С чейин), жайы салкын, кыска. Дайыма катуу шамал болуп турат. Бардык жеринде көп жылдык тоң жатат. Түндүгүн арктикалык мамык чөп-эңилчектүү тундра, түштүгүн токойлуу тундра, тоолорун арктика чөлү ээлейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9