Бырранга тоолору

Википедия дан

Бырранга тоолору – дүйнөнүн эң түндүгүндө жайгашкан материктик тоо системасы. Краснояр крайында (Россия), Ортоңку Сибирдин түндүгүндө, Таймыр жарым аралында. Түштүк-батышта Кара (Карск) деңизинин Енисей булуңунан Түндүк-чыгышта, Лаптевдер деңизине чейин 1100 кмге созулат. Жазылыгы 200 кмге чейин. Бири-бирине жарыш же кулиса сымал созулуп жаткан жапыз тоо жалдарынан (бийиктиги 250–400 м), кырка тоолордон жана жазы платолордон (500–700 мге чейин) туруп, бири-биринен дөбөлүү түздүктөр, тепши сымал өтмө өрөөндөр жана терең (700 мге чейин) шаңшаарлар (каньондор) менен бөлүнгөн. Бырранга тоолору бири-биринен обочолонгон төмөнкү тоо түйүндөрүнө бөлүнөт: батыш (Енисей булуңу менен Иясина дарыясынын өрөөнүнүн аралыгы), борбордук (Иясина менен Төмөнкү Таймыр дарыясынын аралыгы), Бырранга тоолорунун эң бийик (1125 м) жана мөңгүлүү бөлүгү (мөңгүнүн жалпы аянты 30,5 км2) Түндүк-батыш (Лаптевдер деңизинин жээгине чейин).

Бырранга тоолорундагы мөңгүлөрдүн жалпы саны 96 (анын ичинде эң ириси – Неожиданный, аянты 4,3 км2); алар негизинен Жданов, Преградный, Холодный жана башка дарыялардын башаттарында жайгашкан. Мөңгүлөрдүн этектери деңиз деңгээлинен 900–600 м бийиктикке чейин түшөт. Бардык жеринде көп жылдык тоң жана аны менен байланыштуу солюфлюкция процесстери, ошондой эле рельефтин тоңдон пайда болгон формалары (корумдары, дөбө-дөңдөр жана башка) кездешет. Бырранга тоолору кембрийге чейин жана палеозойдо пайда болгон тоо тектерден турат; аларга траптар мүнөздүү. Климаты катаал, арктикалык. Жазы 2,5 айга гана созулуп, жай мезгили дээрлик болбойт; сентябрда эле кар түшүп, кышы узакка созулат; кар аралаш бороон-чапкын шамалы согуп турат. Январдын орточо температурасы -35°С, июлдуку 4 ° С. Жаан-чачынынын жылдык орточо өлчөмү100–400 мм. Эң ири көлү Таймыр.

Түштүк капталдарында жана тоо этектей мамык чөп-эңилчектүү, айрым жерлеринде бадалчалуу тундра таралган; Түндүк капталдарында арктика тундурасынын суйдаң өсүмдүктөрү 500–700 м Бийиктиктен жогору арктика чөлү жана нивалдык-гляциалдык ландшафттар менен алмашат. Айбанаттардан карышкыр, түндүк түлкүсү, лемминг, ошондой эле арыс, ак коён, кой, бука жана башка мекендейт; өрдөк, каз, дудук каз, чулдук жана башка куштар көп. Тоо этектеринде жана өрөөндөрүндө бугу чарбасы өнүккөн. Бырранга тоолорунун чегинде Чоң Арктика коругунун бир бөлүгү жайгашкан. Батыш жана чыгыш бөлүктөрүндө лыжа жана тоо туризм (Волнорез, Кашолот, Сэрэген чокуларына чыгуу), ошондой эле дарыяларда (Подкаменный, Жданов, Холодный жана башка) сүзүү өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]