Приморье крайы

Википедия дан
Приморье крайы.

Приморье крайы – Россиянын эң четки түштүк-чыгышында жайгашкан субъект. Край 1938-жылы 20-октябрда түзүлгөн. Приморьеде. Япон деңизи чулгап жатат. Улуу Пётр булуңундагы (бир нече булуңга – Посьета, Славян, Амур, Уссури бөлүнөт) аралдар да (Орус, Рейнеке, Путятина, Аскольд ж. б.) кирет. Батышынан Кытай, түштүк-батышынан Түндүк Корея менен чектешет. Аянты 165,9 миң кмг. Калкы 1,9 млн (2014); негизинен орустар (86,9%) басымдуу, ошондой эле украин, татар, казак, кыргыз, беларус, өзбек ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Негизинен православныйлар, протестанттар, ошондой эле иудейлер, католиктер, буддисттер, мусулмандар бар. Калкынын орточо жыштыгы 1 км211,8 киши. Борбору – Владивосток шаары (калкы 617,6 миң). Шаар калкы 78,3%. Ири шаарлары: Находка (177,7 мин), Уссурийск (157,8), Артём (110,8), Арсеньев (62,6). Крайдын курамында 24 административдик район, 12 шаар, 46 шаарча бар. Ыраакы Чыгыш федерация округуна кирет. Крайды губернатор (4 жылга шайланган) башкарат. Табигый шарты калктын жашоосу үчүн жагымдуу.

Находка (2003).

Экологиялык абалы Транссибирь темир жол магистралы өткөн аймакта, тоо-кен казылган жерде жана деңиз жээгинде (өзгөчө түштүктө) курч. Аймагынын 70%ин манжур тибиндеги ийне жана жазы жалбырактуу токой ээлейт. Чыгышында Сихотэ-Алинъ тоолору (эң бийик жери 1855 м) созулса, түштүк-батышынан Ханка ойдуңу орун алган. Климаты мелүүн муссондук. Январдын орточо температурасы -12°Сден -45°Сге чейин, июлдуку 14–21°С. Жылдык жаан-чачыны 600–900 мм. Негизги дарыясы – Уссури (сол куймасы Сунгачанын чатынан баштап, Россиянын Кытай менен чек арасы аркылуу агат). Көлү – Ханка. Тоолуу аймактарында коңур-токой, түздүктөрүндө коңур-күл, шалбаа-коңур жана аллювий топурагы басымдуу. Крайда 5 корук – Сихотэ-Алинь, Лазо, Уссури, Кедрлүү өрөөн, Ыраакы Чыгыш бар. Край балык кармап (Россияда кармалган балыктын 18%и), деңиз продуктуларын белендөө менен өзгөчөлөнөт. Плавик шпаты, бор продуктулары, вольфрам, коргошун концентраттары жана рафинацияланганы, көмүр өндүрүлөт. Региондук дүң продукциясы 73746,2 млн рублди түзөт. Андагы өнөр жайдын үлүшү (% менен) 27,1, айыл чарбасыныкы 5,9. Алдынкы өнөр жай тармактары: тамак-аш (негизинен балык кармоо, белендөө; ири ишканалары; ТУРНИФ, «Находка деңиз балыктарын кармоочу активдүү базасы» ААКтары), электр энергетика («Дальэнерго» ААК, «ЛуТЭК» ЖАК), машина куруу («Звезда» федералдык мамлекеттик унитардык ишканасы, кеме куруу жана ремонттоо өнүккөн; АККтары – «Находка кеме ремонттоочузаводу», «Дальзавод» холдинг компаниясы), токой, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз («Тернейлес», «Приморсклеспром» ААК). Айыл чарбага жарактуу жери 1518,6 миң га (6,5% жер фондусу), анын ичинде 40%и айдоо аянты. Буудай, кара буудай, жашылча айдалат. Крайдын агроклиматтык шарты шалы, соя, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу. Мал чарбасы эт-сүт багытында. Куну (суу күсөн, калтар түлкү), аары, бугу чарбасы өнүккөн. Темир жолунун узундугу 1553 км, автомобилдики 7081 км. Башкы деңиз порттору – Находка (Россиядагы эң ири), Восточный, Владивосток. Владивостокко жакын Арём шаарында ири авиатүйүндөр иштейт. Крайда жалпы билим берүүчү 654 мекеме, 88 башталгыч жана орто окуу жайы, 39 ЖОЖ (филиалдары менен; анын ичинде 37 мамлекеттик жана Ыраакы Чыгыш мамлекеттик университети), Россия Илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш илимий борбору, китепканалар, 6 театр (анын ичинде 2 куурчак), филармония, симфония оркестри, 2 цирк, 16 музей (анын ичинде мамлекеттик, сүрөт галерея, Тынч океан флоту ж. б.) бар. Садгород, Шмаковка курорттору уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]