Алтай Республикасы

Википедия дан

Алтай Республикасы (орус. Республика Алтай) — Орусия Федерациясынын курамындагы административдик бирдик. Сибирь Федерация округуна кирет. Түштүгүнөн Монголия жана Кытай Эл Республикасы менен чектешет.

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты - 92,6 миң чарчы км. Калкы 203.2 миң (2003-ж); алтайлыктар, орус, казак ж.б. улут өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 10 чарчы км жерге 22 киши. Борбору - Горно-Алтайск шаары; шаар калкы 26,6%. Акимий-аймактык жактан 10 ооданга, 1 шаарга бөлүнөт.

Жайгашуун картасы.

"Манас" эпосунда Алтай тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алтай (ал — рух, ыйык; тай — тоо)— Ыйык Тоо же Алтын-Тоо деген мааниде айтылат. «Манас» эпосунун бардык варианттарында салт боюнча сакталып келген эпикалык жердин аты. 1) Эпостогу эпикалык душман эл катары баяндалган калмактардын жери (мекени) катары Валиханов жазып алган эпизоддун текстинде:

Алтай толгон көп калмак
Аралаша кономун,
Каңгай толгон көп калмак
Биргеле кономун (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 74-б.),— деп эскерилет.

Эпостун толук варианттарында Жакып кырк үйлүү кыргыз менен А-га, калмактардын жерине сүрүлүп, ошол жерде Манас төрөлүп, чоңойгондугу өзүнчө салттык окуя болуп баяндалат. Ошондой эле «Чоң казат» (чоң чабуул) сыяктуу негизги согуштук окуяда калмактарга каршы уруштар А. чөйрөсүндө өткөндүгүн байкоого болот.
Тексттерде «Эртыш, Оркун — эки суу, калмактын жери мынабу» же «Алтай деген эл бар дейт Алты зубун калмактын, Жердеп турган жер бар дейт» (Сагымбай Орозбаков, 1. 183); «Жерибиз Алтай дээр экен, Алтайда кара калмагың Эң эле сонун эл экен» (Саякбай Каралаев, 1. 37), «Бирөөнү айда кара калмак — Алтайга» (Саякбай Каралаев, 1. 35),— деп эскерилет. Эпостун текстеринин мазмунунан А. мурда калмактардын мекени (Жуңгария) болгондугу тууралуу айтылып жаткандыгын байкоого болот. Тарыхый жактан алганда 13-к-дын 1-жарымында ойрот уруулары А,Каңгай (Батыш Монголияда) тоолорунун этектериндеги аймактарга ооп келишип, кыргыздардын чыгыш жагындагы коңшусу болуп калат. Моңголдор бул уруулар бирикмесиндеги элдерди «калмактар» (аралашма эл, аргын, куранды эл) деп аташкан. Ошол мезгилден бери «калмак» деген элдин аты (этникалык термин) кеңири чөйрөгө тарала баштаган. 15-кылымдын 2-жарымынан баштап ойрот-калмактар Орто Азия менен Казакстанды, Алты-Шаарды басып алуу үчүн жортуул жасап келген. Ошондуктан бул жерлерде жашаган элдердин (кыргыз, казак, өзбек, каракалпак жана башкалар) оозеки чыгармаларында «калмак» душман катары салттык түрдө айтылып келди. 2) Эпосто Жакыптын айдалып барып жашап турган жери катары да кеңири айтылат:

Алтайдын тоосун жакалап
Анда алты зубун калмак бар,
Калмактын калкын аркалап,
Араң жүргөн буруттар (Сагымбай Орозбаков, 1. 174).
Аты Жакып — түрүк деп,
Ааламдан ашкан бай экен,
Алтай жакта жүрүп — деп,
Жери: Шыйкуу, Суушаңда
Калаасы Кара-Шаар болуп
Жердеген экен ошондо (Сагымбай Орозбаков, 1. 173).
Арбын малым Алтайда,
Канча малым Кан-Тоодо,
Жылкымдын чети Шыйкууда,
Конушум Кара-Шаарда (Сагымбай Орозбаков, 1. 74),— деп Жакып өзү жердеген аймактар жөнүндө баян кылат.

Бул конкреттүү топонимдер боюнча Жакыптын жердеген конуштары Теңир-Тоонун чыгыш бөлүгүндөгү аймактар экендиги ачык берилген, башкача айтканда Иртыштын жогорку агымынан чыгыш Түркстандын Кара-Шаар калаасына чейинки аймактарда жашагандыгын көрүүгө болот. Манастын туулган жери тууралуу:

Адамдын жетпес дабаасы,
Алтайдын Салкын-Суунда
Анда туулган неме дейт,
Кыргыздын кыраан Манасы.
Эртыштын суун жердеген,
Эрегишкен адамдар
Эгерде аны жеңбеген (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1790-инв., 360-б.).
Өзү Алтайда туулду,
Билсең кадыр түн келди.
Бул Алтайдын түзүнө
Чоң кемеге оюлсун,
Уй менен төөң союлсун,
Бул Манастын тоюнда
Калбай баары тоюнсун (Саякбай Каралаев, 1. 155),— деп айтылат.

Алтай деген тарыхый топоним Түштүк Сибирдин батыш бөлүгү менен Батыш Моңголиядагы тоо системаларынын жалпысына колдонулган, өтө кеңири аймакты (чөлкөмдү) кучагына алган географиялык чөйрө болуп эсептелет. Азыркы түшүнүк боюнча А.— Алтай, түндүк-чыгыш Казакстан, Монголия жана Кытай аймактарын камтыган Азиядагы тоо системасы. Ал А. же Советтик А., Гоби А-ы жана Моңгол А-ы болуп бөлүнөт. 3) Казак элинин айрым уруулары мекендеген жер (ата журту) катары да «Алтайдагы казактан, Арбын барды бул тойго» (Сагымбай Орозбаков, 1. 44), «Камбардын уулу Айдаркан, Алтай казак калкынан» (Сагымбай Орозбаков, 1. 200),— деп айтылат. Чыгыш Казакстан аймагы, 6. а. Иртыш дарыясынын боюндагы чөлкөм да А. аталары белгилүү. «Манас» эпосунда А. деген топоним кеңири аймакты кучагына алат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Алтайдан Жылдыз бөлүнүп, Агымы келип Ала-Тоо Тяншан тобу бөлүнүп» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1792-инв., 536-б.),— деп айтылат. Кыязы Иле дарыясынын күн чыгыш тарабы эле А. деп аталып жаткан сыяктуу:

Кужулдап кытай, калмагы
Кулжага жакын барганы
Тескей тоосу түгөнбөй
Алтайга кирген учу бар.
Күңгөй тоосу түгөнүп
Талаа болгон тушу бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 280).

Мында Ала-Тоодон ары, чыгышта, Теңир-Тоо А. менен туташкандай сезилет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN 5-89750-013-4